Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Жолдошбаев: Депутаттар менен жардамчылары маршруткада жүргөнүнө уялам


Камчыбек Жолдошбаев.
Камчыбек Жолдошбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Камчыбек Жолдошбаев кызматтык автоунаалардан баш тартуу маселесин журналисттерди катыштырбай талкуулоону сунуш кылды. Мындай пикирин ал 1-февралда парламенттеги жалпы жыйында айтып, депутаттар жана алардын жардамчылары маршруттук кичи автобустарда жүргөнүнө, жумушка жөө каттап жатканына уяларын билдирди.

Жолдошбаев кызматтык машинелерден айрым депутаттар баш тартканы менен, ал унааларды башкалар колдонуп, баары бир бюджеттен акча короп жатканын кошумчалады.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодон соң Жогорку Кеңештеги айрым фракциялар кызматтык унаадан, айдоочудан, батирден баш тартып, жардамчыларын азайткан.

XS
SM
MD
LG