Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү дал келбестик


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ачкачылык кармаган жактоочулары. 30-июль, 2017-жыл
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ачкачылык кармаган жактоочулары. 30-июль, 2017-жыл

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндөгү дал келбестиктер шек жаратууда.

Коррупцияга шектелип жаткан Текебаев менен Чотоновдун ишин изилдөө Биринчи Май райондук сотунда уланып жатат. Тараптар 26-июлдан бери кылмыш ишиндеги сегиз томдук материалдарды изилдеп жатат. Айыпталуучулардын жактоочулары күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө бир катар дал келбестик бар экенин жана далилдердин жетишсиздигин жүйө кармап соттон ишти кыскартууну өтүнүштү. Судья Айбек Эрнис уулу өтүнүчтү негизсиз деп четке какты.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова орус ишкерлери Леонид Маевский менен Алексей Модиндин тергөөдө берген алгачкы көрсөтмөлөрү менен соттогу сөздөрү эки ача чыгып жатканын баса белгиледи:

- Биринчиден, Модин өкмөт үйүнө киргем деп көрсөтүп жаткан өкмөт үйүнүн негизги эшиги ал учурда бек болгон. Экинчиден, Текебаевдики деп көрсөтүп жаткан кабинетте ал учурда Атамбаев отурчу. Модин көрсөтмөсүндө Текебаевдин кабинетинде Абдрахманов да бар болчу деп жатат. Абдрахманов 13-майда Америкада болгонун, Кыргызстанга 19-майда кайтканын сотто ырастаган. Кийинки дал келбестик телефондук сүйлөшүүлөрдө. Модин бир да жолу Текебаев менен сүйлөшпөгөнү чалуулардын тарыхын караганда белгилүү болду.

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланды.

Орус ишкери Модин буга чейинки көрсөтмөлөрүндө Текебаевдин кабинетинде өзү, Маевский, Чотонов жана Маматкеримов болуп жолукканын айтып келген. Бирок тергөөнү жандантуу үчүн тартылган видеотасмага жолугушууда Өмүрбек Абдрахманов да болгонун айткан. Бул тасма соттук отурумда көрсөтүлдү.

Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов болсо Маевский жана Модин менен 2010-жылдын майында эмес, декабрында жолукканын бышыктайт. Бирок ал жети жыл мурдагы окуяны так эстөө кыйын экенин айтып, даталарды так билбесе да, акчаны өз көзү менен көрбөсө да миллион долларлык пара тууралуу Чотоновдун өзүнөн укканын айтып келет.

- Мен орус ишкерлери менен декабрда жолуккам. Эми келесоо кишиге деле түшүнүктүү да. Мен бул боюнча алты жыл мурда интервью бергем. Аны Маевский менен Модин да тастыктап жатпайбы. Токтогул көчөсүндө “Мажор” деген кафе бар болчу. Ошол жерде Текебаев, Шыкмаматов жана Чотонов болуп отурушуптур. Анан Чотонов мага байке, мурда калп айтып койгом, орус ишкерлеринен бир миллион доллар алып, партиянын ишине жумшаганбыз деди. Текебаев дароо эле жинденип, ошондон кийин мени жамандап баштады. Анткени Чотонов менин көзүмчө айтып туура эмес кылды да.

Орус ишкерлери Леонид Маевский менен Алексей Модин Текебаев “Мегаком” компаниясын алардын пайдасына иштетүү үчүн миллион доллар пара сурап, 300 миң долларды бир, 700 миң долларды өзүнчө бергенин айтып келишет. Модин буга чейин берген маегинде мындай деген.

- Маевскийдин Текебаев менен алгачкы таанышуусу 2010-жылдын май айында болгон. Жолугушуу өкмөт үйүндөгү Текебаевдин кабинетинде болгон. Ага Текебаев, Чотонов, Маевский, Маматкеримов жана мен катышкам. Ошентип суралган акчанын 300 миң долларын бир, 700 миң долларын өзүнчө бергенбиз. Текебаев кийин убада берген ишин бүтүргөн жок же акчабызды кайтарган жок.

Модин 300 миң долларды колуна бердим деген Талант Маматкеримов аттуу жарандын көзү өтүп кеткени белгилүү. Мындан улам жактоочулар орус ишкерлери аталган сумманы берген-бербегенин далилдөө мүмкүн эместигин айтышууда. Ал эми калган 700 миң долларды Маевский бир кишиден берип жибергенин айткан.

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев дал келбестиктердин негизгиси катары 2010-жылдын 21-декабрындагы Текебаев менен орус ишкерлеринин жолугушуусу болбогонун айтууда.

- 21-декабрь кылмыш ишинде негизги күн болуп жатпайбы. Маевский менен Модин Текебаевге ошол күнү акча бердик деп жатат. Бирок Текебаев 21-декабрда туулган күнү болуп кабинетинде болбогонун экс-президент Роза Отунбаева баш болуп ырастап жатат. Кулов, Эркебаев баш болгон 50 чакты адам ушул фактыны далилдеп жатат. Анан сот аттуу-баштуу кыргыз жарандарына эмес, орус ишкерлерине ишенеби? Ал эми Маевскийден 700 миң долларды алып кеткен делген киши тергөөдө аныкталбай калган. Бир сөз менен айтканда, Текебаевдин акча алганын эч кимиси далилдей албай жатпайбы. Демек, мунун баары саясий буйрук.

Мына ушундай дал келбөөчүлүктөрдөн улам айыпталуучулардын жактоочулары сотко 16 ирет ишеним көрсөтпөө маселесин көрсөтүштү. Сот өтүнүчтөрду четке кагып, кылмыш ишиндеги материалдарды изилдөөнү улантып келет.

Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда УКМКнын тергөө абагына камалган. Башкы прокуратура ага орус жараны Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алган деген доонун негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иш козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Соттолуучулар айыптоону четке кагууда. Ишти козгогон Башкы прокуратура далилдер жетиштүү экенин айтып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG