Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:06

Убактылуу өкмөт өкүлдөрү сотто көрсөтмө берүүдө


Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү көрсөтмө берүүдө.

Эртең менен сотко экс-президент Роза Отунбаева келди. Мындан башка сотко экс-депутат Феликс Кулов, Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү Эмилбек Каптагаев жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарынбаев жана мурдагы баш прокурор, депутат Аида Салянова келди.

Сот отурумда Аида Салянова мамлекеттик айыптоочулар менен айтыша кетти. Прокурорлор Саляновадан эмне үчүн 2010-жылдын 13-майын так эстеп калганына кызыгышты. Салянова "бул дата өлкөнүн тагдырына кызыкпаган адамдын гана эсинде калбаса, көпчүлүгүнүн эсинде экенин" айтты.

Өз кезегинде прокурор суроолорго кошумча комментарий бербестен, так жооп берүүгө чакырып, “Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү качан?”, - деп Саляновадан сурашты.

- Сиз иш боюнча мага суроо бериңиз, мен Текебаевдин туулган күнүн кайдан билем? Сиз өзүңүздүн жетекчиңиз башкы прокурордун туулган күнүн билесизби? Билсеңиз айтыңызчы, - деди Салянова.

Прокурорлор Салянова суроого түз жооп бербей жатканын айтып, сотко эскертүү берүүсүн өтүнүп, бул суроо азыркы ишке түз байланышы бар экенин белгилешти.

Мындай кырдаалга тынчсызданган Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов, прокуратура атайын чагымчылдыкка барып жатканын айтып, мамлекеттик айыптоочуларга ишенбөөчүлүк жарыялады. Бул сунушту Өмүрбек Текебаев жана башка адвокаттар колдоп, сот өтүнүчтү кароо үчүн кеңешүүгө кирип кетишти.

Бүгүн түшкө чейинки отурумда адвокаттар судья Эрнис Айбек уулуна ишенбөөчүлүк жарыялашкан, бирок сот бул өтүнүчтү түшкү тыныгуудан кийин колдогон эмес.

Ал эми экс-депутат Феликс Кулов 2010-жылдын 21-декабрында Өмүрбек Текебаев жумушта болбогонун айтты.

- Ал (Текебаев - ред.) жумушта болгон эмес. Мен муну толук далилдеп бере алам. Биз 21-декабрда жолугуп, көп ишти талкууламакпыз. Мен жардамчыларымды жөнөтүп, телефон да чалгам. Бирок мага Текебаев бүгүн жумушта болбойт деп айтышкан. Андыктан Текебаев өз иш бөлмөсүндө кимдир бирөө менен жолугушу мүмкүн эмес болчу.

Буга чейин орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылдын 21-декабрында Текебаевдин иш бөлмөсүнө келип, ага берген 1 млн. долларды кайтарып берүүсүн сурап, бирок акчаны ала албай калганын айткан.

Сотто көрсөтмө берген дагы бир күбө Данияр Нарынбаев болду. Ал 2010-жылы Текебаев менен чогуу Конституциялык кеңеште иштегенин, өкмөт үйүндө алардын иш бөлмөсү жакын болгонун айтты. Мындан улам Нарынбаев буга чейин орус ишкер Алексей Модин көрсөткөн Текебаевдин бөлмөсү ага таандык эмес экенин билдирди.

Соттук процессте Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү Эмилбек Каптагаев да көрсөтмө берип, 2010-жылдын 13-май күнү хронологиялык негизде айтып берди. Ал Модин көрсөткөн иш бөлмө башынан эле туура эмес болгонун, себеби ал учурда өкмөт үйүнүн башкы кире бериши дайыма жабык болгонун айтты.

- 2010-жылы өкмөт үйүнүн алдында дайыма митинг болуп тургандыктан, биз имаратка оң жана сол канатынан кирип, ортоңку негизги эшикти жаап салганбыз. Бирок видео көрсөтмөдө Модин башталганда эле ортоңку чоң эшиктен көрсөтмөнү баштады. Ал туура эмес, бул эшик дайыма жабык болгон. Анын үстүнө Текебаевдин бөлмөсү такыр бөлөк болчу.

Түштөн кийин соттук процесске Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Темир Сариев жана Исмаил Исаковдун да келери күтүлүп жатат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда күбө катары көрсөтмө берген экс-президент Роза Отунбаева болсо сотту "саясий иш" деп атады. Ал процесс саясий атаандаштардын уюштурган иши экенин кошумчалады.

Мындай пикирге каршы чыккан судья Эрнис Айбек уулу күбөнү суроолорго гана жооп берүүгө, божомолдорду айтпоого чакырып, эскертүү берди. Мындан улам айыпталуучу Өмүрбек Текебаев буга чейин сотто күбө катары келген Леонид Маевский жана Алексей Модин өз ойлорун каалагандай айтып, ага сот мүмкүнчүлүк бергенин эске салды.

Суроолорго жооп берүүнү уланткан Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттүн учурунда бардык чечимдер добуш берүү менен кабыл алынганын, Өмүрбек Текебаев кайсы бир чечимди жалгыз кабыл алуу мүмкүн эмес болгонун кошумчалады. “Андыктан Текебаев “Альфа Телекомду” өзүм билемдик менен сатып салышы мүмкүн эмес болчу” – деди Отунбаева.

Экс-президент соттогу көрсөтмөсүндө 2010-жылдын 13-май күнүн хронологиялык негизде айтып берип, бул күнү Жалал-Абадда абал абдан курч болуп турганын айтып берди. Бул күнү Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү түштүктөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн өкмөт үйүндө жүргөнүн билдирип, Текебаев да алардын жанында болгонун кошумчалады.

Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов сотко күбө катары Убактылуу өкмөттүн дээрлик бардык мүчөлөрү күбө катары көрсөтмө берүүнү каалап жатканын, жалпысынан 50 чакты адам көрсөтмө берүү үчүн кезекте турганын айткан.

Буга чейин орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы 13-майда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев менен таанышканын, кийинчерээк ага “Мегакомду” сатып алуу үчүн миллион доллар бергенин айткан. Бирок ал “Мегаком” акцияларына ээ болбой калып, берген акчасын кайтара албай Текебаевге алданып калганын айтып, быйыл февраль айында өлкөнүн күч органдарына арыз жазган.

Соттук териштирүү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жүрүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG