Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Ырдалбай сындалган эгемендик


31-август, Кыргызстан
31-август, Кыргызстан

Эгемендиктин 25 жылдыгына арналган аскердик жүрүш президент Атамбаевдин Убактылуу өкмөткө айткан сыны менен коштолуп, экс-президент Роза Отунбаева салтанатты таштап кетүүгө аргасыз болду.

Борбордук аянтта өткөн аскердик жүрүшкө 2 миңдей аскер адамы, 80ден ашык оор техника жана алты тик учак катышты. Акыркы жардыруулардан уламбы, айтор эгемендиктин 25 жылдыгына арналган салтанат 3 миңден ашуун тартип сакчысынын күчөтүлгөн тартиптеги кайтаруусу менен өттү. Мындан улам аянтка кире албай аскер жүрүшүн, президенттин куттуктоосун жанынан көрө албай калгандар да көп болду.

Бозала болгон Отунбаева

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев алгач куттуктоосунун башында Кыргызстандын 25 жылда тапкан негизги байлыгы демократия, сөз эркиндиги, күчтүү жарандык коом экенин айтып жакшы эле баштаган.

- Көз карандысыз маалымат каражаттары, абдан күчтүү жарандык коом түзүлдү. Алар бийликти туш тараптан көзөмөлдөп, коррупциялык былыктарды, чиновниктердин адепсиз жоруктарын ашкерелеп жатышат. Ошентип бийликти бекем көзөмөлдөгөн жарандык коом бизде түзүлүп жатат. Бул биздин эң зор жетишкендигибиз.

Бишкек, 31-август
Бишкек, 31-август

Бирок ал андан аркы сөзүн убагында өзү катарында жүргөн Убактылуу өкмөттүн ишмердигин дээрлик жокко чыгаруу менен улады. Атамбаев ошол кездеги президент Роза Отунбаеванын шайлануусу, Баш мыйзамдын кабыл алынуусу мыйзамсыз болгонун айтып, Убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсүнө бул аракеттер үчүн мыйзам алдында жооп берчү күн келерин эскертип, сөөмөй кезеди. Атамбаев азыркы Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандардын баарын эл душманы катары сыпаттады.

- Кыңыр иштериңер эртели-кеч ачыкка чыгат. Акаев, Бакиевдей болуп силер да качып кетпегиле. Кыргыздын байлыгын, жерин ким сатканы бардыгы ачыкка чыгат. Ачыла баштады, мародерлук да ачылат. Банк уячаларын тономой да ачылат. Кадыржан Батыровду ким түрткүлөп, ким качырганы да ачыкка чыгат. Кудай турат, баары ачылат.

Мындан улам Атамбаевдин аркасында бийлик өкүлдөрү менен турган экс-президент Роза Отунбаева салтанатты таштап, басып кетүүгө аргасыз болду. Мындан мурдараак Отунбаева баш болгон мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга каршылыгын билдирип чыгышкан.

Атамбаев ачууга алдырды...

Ал арада саясий талдоочулар өлкө башчысы эмоцияга алдырып, бир кездеги үзөңгүлөштөрү менен ачык тирешкенин айтышууда. Алардын бири Эмил Жураев мындай деди:

- Буга чейин президентибиз эмоцияга алдырганын өзү деле айтып жүрчү. Бирок бүгүнкү сөзүнөн кийин президентибиз тереңирээк ойлонушу керек. Мындай ачууга алдырган сөздөрдү ушундай майрамдык аземде айтуу өлкө башчысына жарашпайт. Анткени айткан сөзү өзү отурган бутакты кескенге барабар болуп жатат. Менимче ал эмоциясы менен эч кимге жаккан да жок, эл алдында аброюн да түшүруп алды. Мындай сөздөрдүн такыр кереги жок болчу.

Бишкек, 2016-жыл
Бишкек, 2016-жыл

Кандай болгон күндө да Кыргызстандын бийлиги жана эли өткөнүн унутпай, көз карандысыздыктын кадырына жетиши керек. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев ортого салды.

- Эркиндикти кандай гана кыйынчылыктар менен алдык. Ошондуктан анын баркын эл билет. Бирок эл башкарган саясий элита билеби ал башка маселе. Бизде улут менен мамлекетте эгемендик бар. Бирок элде эгемендик болбой калды. Анткени мамлекетте карапайым элдин каалоосуна, кызыкчылыгына жооп бербеген иштер дале болуп жатат.

Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда көз карандысыздык декларациясын кабыл алган. Андан бери эки ирет элдик ыңкылап аркылуу президенттер алмашты. Негизги мыйзам саналган Конституция онго жакын ирет өзгөрдү. 2020-жылга чейин алмашпайт делген Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча азыркы бийликтин демилгеси Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, оппозиция, жарандык коом тарабынан катуу сынга кабылып, талаштардын аягына чекит коюлбай келет.

Эгемендик: 25 жылда эмне таптык?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

XS
SM
MD
LG