Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Коррупция менен "достошкон" АКОС


 АКОСтун күбөлүктөрү 6 миң сомго чейин сатылганы айтылууда.
АКОСтун күбөлүктөрү 6 миң сомго чейин сатылганы айтылууда.

Коррупцияга каршы күрөшүүнү максат кылган АКОС уюмунун ичинде жемкорлукка байланышкан чыр чыкты.

2011-жылы түзүлгөн коррупцияга каршы көмөктөшүү уюму жемкорлукка каршы турган расмий органдар менен меморандумдун негизинде иш алып барат. Бирок учурда АКОС деген кыска ат менен белгилүү болгон бул коомдук бирикме өзү коррупцияга белчесинен батканын уюм мүчөлөрү айтып чыгышты.

АКОСтун мурдагы аппарат жетекчиси, азыркы эсепчиси Чынара Тургуналиева 2 миңден ашык жаранга уюм мүчөсү экенин тастыктаган күбөлүктөр 6 миң сомго чейин сатылганын айтууда.

- Башында күбөлүктөр 300 сомдон эле болчу. Былтыр миң сомдон сатылган. Быйыл болсо 6 миң сомго чейин сатылган күбөлүктөр боюнча фактылар бар. Биздин эсеп боюнча 1,5 миң күбөлүк берилген, мындан сырткары 500дөйү кеңседе жатат. Жалпысы эки миңден ашат. Үч жыл бою иштеген бухгалтер мүчөлүк акылар жана күбөлүктүн акчасы боюнча бир да жолу отчет берген эмес.

АКОСтүн күбөлүгү
АКОСтүн күбөлүгү

Тургуналиева ал эсепчи болуп иштеген 3 айда уюмдун мүчөлүк акысынан жана күбөлүктөрдөн 117 миң сом пайда түшкөнүн кошумчалады. Бирок аталган уюм мамлекетке бир да тыйын салык төлөбөйт жана буга чейин эч бир расмий органга чогулган каражаттардын эсеп-чотун берген эмес.

Күбөлүгүн бетке кармаган “баатырлар”

Коомдук бирикменин башкаруу мүчөсү Ишенбек Осмонов АКОС коррупцияга каршы күрөшпөй эле күбөлүк саткан уюмга айланды деген пикирде. Айтымында, уюмдун күбөлүгүн сатып алгандар ишканаларды текшерип, ишкерлерден коркутуп-үркүтүп пара талап кылышат, МАИ жана башка мамлекеттик кызматкерлерге күбөлүктөрүн көрсөтүп маселелерин чечишет.

- АКОСтун иши баштагы максатынан тескери кетти. Себеби булар уюмдун күбөлүгүн ар кимге сатуу менен гана элек. Болбосо биздин максат жемкорлукка каршы туруу жана жарандардын укугун коргоо болчу да. Мында төрага Шаршенбаевдин да салымы чоң. Анткени ал ооруканага жатып алып, уюмду жетиштүү деңгээлде башкара алган жок.

Анткен менен уюмдун төрагасы Кубанычбек Шаршенбаев жогорудагы дооматтардын баары суу кечпейт деп ишендирип жатат. Ал күбөлүктөр сатылганын танбайт, бирок аны сатууга катыштыгы бар деп жогоруда аты аталган адамдарды айыптады.

- Күбөлүктөр сатылып жатканы тууралуу маалымат бизге мындан бир ай мурда түшкөн. Азыр ички териштирүү жүрүп жатат. Үч жигит күбөлүктөрдү дал ошол Чынарадан 6 миң сомдон сатып алгандыгы тууралуу түшүнүк кат жазып беришкен. Анын бизди күнөөлөгөнгө акысы жок. Чынаранын күбөлүк сатканы билинип калып бизге каршы чыгып жатат. Өзү эки айдан бери отчет бербей качып жүрөт.

Уюмдун төрагасы жасалма күбөлүктөр тууралуу дооматтарды да төгүндөдү. Бирок азыркы тапта АКОСко канча адам мүчө экенин так көрсөтө алган жок. Бир туруп мүчөлөрдүн саны 200, бир туруп миң экенин айтты. Уюмдун жобосу боюнча күбөлүктөр бир жылдык мөөнөткө каалоочулардын баарына берилет. Коррупцияга каршы күрөшчүлөргө катаал деле талап жок экен. Маселен, өзүн Үсөн деп тааныштырган студент да АКОСтун күбөлүгүн 4 миң сомго сатып алганын “Азаттыкка” ырастады.

- Мен АКОСтун күбөлүгү үчүн 3-4 миң сомдой акча бердим. Казакстанда жүргөндө тууганым алып берген. Машинени токтоткондо күбөлүк менен парковкага акча төлөбөйсүң дешкен. Бирок колдонгон деле жокмун. Тиги тууганым деле уюмдан эчак чыгып кетиптир.

Бейрасмий көзөмөлчүлөрдү расмийлер колдойбу?

АКОС уюму өкмөт, Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук кызматы менен түзүлгөн меморандум негизинде иш жүргүзөт. УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов ортодо келишим бар экенин тастыктады. Анын айтымында, АКОС деген күбөлүктөгү жазууну АКС деп оңдоп, тагыраагы коррупцияга каршы кызматтын өкүлү деп жасап алгандар да катталган.

- Ушул кезге чейин АКОС уюмунун атын жамынып алып, ар кимди коркутуп-үркүткөн эки факты катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Шылуундар өздөрүн коррупцияга каршы кызматтанбыз деп тааныштырышкан. Алар жасалма күбөлүк менен ишкерлерден акча өндүрүүнү көздөшкөн.

Буга чейин АКОС уюмунун жасалма мүчөлөрү “Дан” аттуу ишкананы текшерип, чуу чыкканы белгилүү. Кыргызстанда расмий органдар менен түзүлгөн меморандумга таянып, ишканаларды өз алдынча текшерген уюмдар АКОС менен чектелбейт. “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси да ушундай эле жол менен ишмердик жүргүзүп, коомчулук сынына кабылып келет. Ошол эле учурда жарандардын өз ыктыяры менен түзүлгөн уюмдар мыйзамсыз иштерге каршы турууда салымы чоң дегендер да аз эмес.

XS
SM
MD
LG