Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:33

Баткен: Кара-Бактын кыйналган тургундары


Баткендеги чек арага жакын Ак-Сай айылы.
Баткендеги чек арага жакын Ак-Сай айылы.

Баткендин Тажикстан менен чек арадагы айылынан аялдар тобу тириликти оорлоткон маселелерин чечүүнү өтүнүп, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге жолукту.

Баткен облусунун администрациясына 3-февралда вице-премьер менен жолугууга келгендер аймакта бир топ жылдан бери үй-жай үчүн жер берилбей, бир короодо үч-төрт үй-бүлө баш калкалап жатканын, балдары үчүн мамлекеттен жөлөк пул чегерилбей калганын, буга электрге баанын көтөрүлүшү кошумча болгонун айтышты.

Чек арадагы өзгөчө макамы бар Кара-Бак айылында соңку кезде ымыркайлардын төрөлүүсү көп катталууда. Жаш аялмет үй-бүлөлөр арбын. Көбү мамлекет колдоосуна муктаж. Бирок өкмөттүн акыркы жылдардагы социалдык саясаты аларга кыйла оорчулук жаратууда:

- Айталы, иниси беш-алты жыл Орусияда иштеп, бир автоунаа алып келсе, агасына жөлөк пул бербей жатышат. Эмнеге экенин сураса, “Машинеңер бар да” дешет экен. Эми инисинин үй-жайы башка да, болгону бир короодо турушат. Башка жерге бөлүнүп чыгып кетели десе, жер алганга чама-чаркы жетпейт, - деди Жамила аттуу айыл тургуну арыз-арманы менен бөлүшүп.

Жогорудагы каарман сөз кылгандай, үй салууга жер алсак дегенде эки көзү төрт болгондор айылда көп. Жергиликтүү кеңештин депутаты Акылбек Дилшатов бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилбесе, кыйналган айыл тургундары четинен көчө баштарын айтты:

- Электрге болгон баанын кымбатташы да элди кыйнады. Өзүңөр билесиңер, Баткенде газ жок, көмүр кымбат. Көп жылдан бери мораторий деп үй-жай үчүн жер берилбейт. Бир үйдө үч-төрт баласы, неберелери, келиндери менен чогуу жашагандар бар. Мунусу аз келгенсип аларга жөлөк пул да чегерилбейт. Ата-энесинин пенсиясы киреше катары эсептелет экен. Бул маселелерди өкмөт тезинен чечип бериши керек.

Кара-Бак чек арадагы айыл катары 2012-жылы өзгөчө макам алган. Бирок ага мыйзамда каралган жеңилдиктерден азырынча кабар жок.

Көйгөйлүү маселелерин билдиргени келгендер менен жолуккан вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашовдун айтымында, учурда өкмөт Кадамжай районунун аймагындагы Бүргөндү массивинде жаңыдан өздөштүрүлүп жаткан 3,5 миң гектар жерди элге берүүнү караштырууда. Вице-премьер балдар үчүн жөлөк пул чегерүү шарттары жакынкы күндөрү кайрадан караларын убада кылды:

- Ушундай учурларды камтып, өкмөткө кайрылгыла. Мен да министрлик менен жол-жоболорун кайра карап чыкканга убада берейин. Жөлөк пул үчүн мамлекеттен бөлүнгөн каржаттын көлөмү кыскарган жок. Болгону кээ бир кирешеси көп, турмушу жакшы үй-бүлөлөр да аны алып жатканына чек коелу дегенбиз. Жакында Бүргөндүдө жаңыдан өздөштүрүлгөн 3 миң гектар жерден облустун бардык аймагындагы жаштар үчүн участок берилет.

Өткөн айда социалдык коргоо министри атайын иш сапары менен Баткенге келип, эл менен жолугушуу өткөргөн. Бирок балдар үчүн жөлөк пул чегерүү шарттарын жеңилдетүү маселеси чечилбей кала берген

XS
SM
MD
LG