Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ, Майдан айыл өкмөттөрүндөгү ондон ашык имам ушул эле аймактарга баш ийген он чакты айылда арак-шарап саткан күркөлөрдү кыдырып, тартипке чакырган. Диниятчылар мында ичимдиктин динде уруксат берилбегенин айтышып, сатпоого үндөшкөн. Бул тууралуу Марказ айыл өкмөтүнүн имамы Ибрахим Айткулов "Азаттыкка" билдирди:
- Марказ айыл өкмөтүндөгү бардык имамдар менен чогуу айыл өкмөтүбүздө жайгашкан бардык дүкөндөргө кирип, ичимдик динде арам болуп саналарын, анын артынан көп жамандык иштер орун алып жатканын түшүндүрүп, мүмкүн болсо аны сатпоого чакырдык. Жүрүшүбүз Питомник, Сары-Алтын айылдарынан башталып, Көк-Тал айылына чейин уланды. Сатуучулар эми арак сатпайбыз деп убада беришти.
Айткулов кабарлагандай, алар бул иш-чараны дагы улантууну көздөшүүдө. Ал ошондой эле имамдардын түшүндүрүү иштеринен кийин бир топ дүкөндөр арак сатпай калганын да кошумчалады.
Баткен облустук казыяты молдолордун аракетин комментарийлеп, алар жөн гана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнүн, бул алардын милдети экенин да “Азаттыкка” билдирген.
Кадамжай районунун жетекчилиги болсо диниятчылардын түшүндүрүү иштеринен толук кабардар эмес экенин, бирок мында өөн деле нерсе жоктугун билдирүүдө. Аким Жаныбек Исаков мындай дейт:
- Алар кирип “дүкөндү жаап кой” деген жери жок, алар жөн гана соодагерлерди тартипке чакырып, “түнү арак сатканды токтотсоңор, жаш балдарга сатпасаңар” деген эле сөздөрдү айтышкан. Сатуучулар сата берсин, “бирок кичине тартипти кармасаңар” деген сөз болуп жатат да бул жерде.
Молдолордун соодагерлерди тартипке чакыруусу боюнча бир катар сайттар жазып чыккандан кийин социалдык тармактарда муну колдогондор да, каршы чыккандар да көп болду. Айрымдар муну ишкерлердин укугун чектөө катары санашса, кээлери аракечтиктин алдын алуунун аргасыз ыкма катары сүрөттөштү. Эмне үчүн молдолор “алып-сатарларды эмес, арак чыгаргандарды акылга чакырбайт" деп чыккандар да болду.
Диний маселелерди көп чагылдырган журналист Эмил Момунов имамдардын аракетин колдоого алаарлык деп атады:
- Айланабызда болуп жаткан кылмыштардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү арактын айынан болуп жатат. Акыркы эле кырсыкты, Кара-Сууда 80деги абышка арак ичип алып кемпирин бычактап, өлтүргөн окуяны алалы. Анан эми ишкердин укугу деп эле ушуга жол бере беришибиз керекпи?
Бирок ошол эле кезде имамдардын дүкөндөрү кыдырып ишкерлерге эскертүүсүн айрымдар “сыпайы инквизициялык аракет” катары да мүнөздөшүүдө. Талдоочу Даниел Кадырбеков муну диний ишерлердин мамлекеттин ишине кийлигишүүсү деп баалайт:
- Диний ишмерлердин жарандардын соода-сатык иштерине, бизнесине киришип, анысы аз келгенсип "рейд" өткөрүп, аларга акыл үйрөтүп жатканы бул алардын мамлекеттин монополиясына конкурент болуп жатканынын белгиси. Эгер бул жолу бизге унчукпаса, кийин дагы бир талапты киргизебиз, дагы улантабыз деп, имамдар соңку аракети менен мамлекеттин акыбалын, кудуретин текшерип көрүп жатат. Балким молдолор кийинчерээк илгерки халифтер башкарган диний өлкө сыяктуу салыкты биз чогултабыз деп чыгат, балким мурда казы деген болгон, соттун функциясын бизге бергиле деп чыгат. Мунун аягы жаман болот. Ошон үчүн мамлекет бул диниятчыларга тиешелүү чараларды көрүшү керек.
Буга чейин Кыргызстандын бир катар айылдарында арак сатууга тыюу салынып, дүкөндөргө эскертүү берилген. Акыркы жолу Жапалак айылындагы арак себеп болгон кылмыштан кийин, жергиликтүү бийлик менен Ош шаарынын казыяты жыйын өткөрүп, үч портер арак-шарап сындырылып, талкаланган.