Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Прокурордун өлүмүнүн сырдуу жагдайлары


Баткен.
Баткен.

Прокурордун өлүмүнө шектүү катары кармалган мамлекеттик кызматкер Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди.

Кылмыш ишин ИИМдин өзгөчө маанилүү иштер боюнча Ош облустук бөлүмү тергеп жатат.

Шектүүнүн жакындары болсо прокурор менен чогуу аңчылыкка чыккан кесиптештери да жоопко тартылышы керек деп эсептешет.

Кызматка киришкенине беш ай болгондо киши колдуу болгон Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары Мелис Калыков кармалган. Облустук капиталдык курулуш мекемесинин 40 жаштагы жетекчиси учурда Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди.

Маркум Анарбай Мамажакыпов.
Маркум Анарбай Мамажакыпов.

Бул тууралуу облустук соттун маалымат кызматынын өкүлү Аскар Баймуратов билдирди:

- Кадамжай райондук соту карап, аны эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Шектүү Ош шаарында тергөө абагында кармалып турат.

Кылмыш ишин тергөө Ошто өтө турганын Ички иштер министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын өкүлү Дамира Юсупова да бышыктады. Анын айтымында, кылмыш ишин көзөмөлдөгөн Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ушундай чечим кабыл алды.

- Ишти тергөө Ош шаарындагы өзгөчө иштерди тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Эми тергөө ошол жактан жүрөт. Шектүү Мелис Калыков Ош шаарындагы тергөө абагында, - деди Юсупова.

Прокурордун өлүмү боюнча аймакта түрдүү талкуулар, жоромолдор айтыла баштады. Шектүүнүн жакындары "Маркум менен кошо аң уулоого чыккан кесиптештери эмне үчүн жоопкерчиликтен четтеп калды?" деген суроону коюп жатышат. Калыковдун эжеси Карамат Закирова мындай деди:

- "Тоого алып чык, мейман кыл" дешип, анан чогуу мас болушкан экен. Прокуратуранын жети кызматкери жетекчисин аман-эсен жеткирип кое алышпайбы? Жетөөнүн алы кантип бир балага жетпейт? Мен чогуу барган прокуратура кызматкерлери чогуу кармалып суралышы керек деп ойлойм.

Карамат Закирова буга чейин облустук прокуратура ичинде өз ара келишпестик да бар болчу деген жоромол терең иликтениши керек деп эсептейт.

Чуулгандуу окуя аймактагы күч кызматтарынын ишмердигине сынды күчөттү. “Сан сарай” ачык тарыхый комплексинин жетекчиси Галмидин Абдрамханов – күч түзүмдөрүнүн ишмердигине көңүл бурууну суранып, бийликке коңгуроо каккан жарандык активисттердин бири.

- Мен прокуратурадагы былыктарды байкаганым үчүн ушул жылдын 10-июлунда президентке жана башкы прокурорго кат жазгам, - деди ал. - Бирок Тентимишов деген орун басарынан "баары ордунда" деген жооп келди. Ошондо башкы прокурор аракет кылып катуу текшерүүгө алганда мындай окуялар катталбай калат беле. Бизде криминалдык абал оор. Биринчиден, наркотрафик бар, экинчиден, аткезчилик күчөп кеткен. Мына ушу мыйзамсыз товар өткөрүүнүн башында биздин күч кызматтары турат.

​Аймакта акыркы учурда чуулгандуу кылмыштар удаа-удаа катталды. Прокурордун, жергиликтүү кеңештин депутатынын киши колдуу болгону, жол коопсуздук кызматкерине катылуу коопсуздук тармагында ишти жандантуу, күч түзүмдөрүнүн ишмердигин тескөө мезгили эбак келгенин көрсөтүүдө.

Облустун жетекчиси Абиш Халмурзаевдин айтымында, акыркы окуялар ишемби күнү облустун координациялык жыйынында талкууланганы турат.

- Ишемби күнү координациялык жыйын өткөрөбүз, - деди өкмөттүн өкүлү. - Ушул багытты талдайбыз. Мындай окуя бир нече жолу болуп кетти. Депутаттын атылышы, жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерине кол салуу боюнча жыйынтык чыгарышыбыз керек. Жыйынтыгында кээ бир жетекчилер боюнча сунуштар берилиши мүмкүн.

Облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнөн кийин прокуратуранын аң уулоого чогуу чыккан алты кызматкери жумуштан убактылуу четтетилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG