Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Бакиевди даңазалаган каналдар эскертүү алды


Апрель окуясында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев Оштогу митингде. 15-апрель, 2010-жыл.
Апрель окуясында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев Оштогу митингде. 15-апрель, 2010-жыл.

Апрель ыңкылабынан кийин бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиев жөнүндө видеотасманын көрсөтүлүшү коомчулуктун сынына кабылды.

Курманбек Бакиевдин бала кездеги окуяларын эстеп, аны мактаган даректүү тасма 30-июль күнү кечинде жергиликтүү New TV жана Нур ТВ каналдарынан көрсөтүлдү.

Анда Апрель окуясынан кийин бийликтен кулатылган президенттин бала чагын курдаштары эскерип, аны аябай мактаганын көрүүгө болот.

Курманбек Бакиевдин 70 жылдык мааракесине белек иретинде тартылган бул тасманы анын классташтары каржылаган.

Тасма телеканалдан көрсөтүлөрү менен социалдык тармактарда талкууга түштү.

Айрымдар муну Кыргызстанда өтө оор кылмыштарга айыпталып, узак мөөнөткө кесилген Курманбек Бакиевди актоо аракети катары баалашты.

Маселен, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, саясатчы Эмилбек Каптагаев Бакиевди даңктаган тасманын көрсөтүлүшүн "мамлекетке чыккынчылык кылуу" катары баалады:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

"Канкор Бакиевди даңазалоо, мактоо катары анын туулган күнүнө карата ушундай тасманы көрсөтүп жатса, ошону даярдаган журналисттердин, аны обого алып чыккан каналдын моралдык жактан мунжулугу. Моралдык принциптин жоктугу. Мына ушул жүзгө жакын адамды атып, мамлекетти сызга отургузуп кеткен кишини кумир тутуп, көрсөтүүнү элге жана мамлекетке карата чыккынчылык деп эсептейм".

Интернеттеги мындай талаштан соң Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Курманбек Бакиев жөнүндө тасманы көрсөткөн телеканалдарга эскертүү берди.

"Мындай маалыматтардын жана телеберүүлөрдүн авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт. Буга байланыштуу УКМК авторлорго коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербеши керектигин эскертет. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурда козголгон кылмыш иштери боюнча Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы, 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон", - деди УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Асел Адылбек кызы.


Анткен менен NewTV телеканалынын директору Нурлан Шакиев талаштуу тасманын көрсөтүлүшүндө эч кандай мыйзам бузуу жок деп билдирүүдө.

Шакиевдин айтымында, канал Курманбек Бакиев тууралуу тасманы көрсөтүү чечимин кабыл алып жатканда саясий да, коммерциялык да максатты көздөгөн эмес:

"Бул тасманы биз даярдаган жокпуз. Биздин телеканалдын эч катышы жок. Бул жерде саясат да жок. Биз бейтарап телеканалбыз. Тасманы көрүп чыксак, Бакиевдин бала чагы, окуучулук тагдыры экен. Ошондуктан көрсөтөлү деп чечкенбиз. Алар менен эч кандай байланышып же Бакиев тарапты колдоп, коргогон максат болгон эмес".

Ошону менен катар Шакиев атайын кызматтын эскертүүсүн түшүнүү менен кабыл алганын кошумчалады.

Бирок байкоочулар Нурлан Шакиевдин кезегинде мурдагы президенттин маалымат катчысы болуп эмгектенгенине көңүл бурушту.

NewTVнын жетекчиси эч кандай коммерциялык максат жок дегени менен НурТВ каналы берүү кетип жатканда учурда коммерциялык негизде экенин экран бетине ачык жазып койгон.

"Медиа Полиси": Цензурага жол жок

Бул кырдаалга көз салган "Медиа Полиси" институту телеканалдарга карата УКМКнын эскертүүсү боюнча комментарий берди. Анда медиа эксперттер бул жагдай журналисттик этиканын маселеси экенин белгилеп, күч органдары аны шылтоолоп цензурага жол ачпашы керектигин айтышкан.


"Биз коомдук маанилүү резонанстан улам тасмага укук коргоо органдары эмес, журналисттик коомчулук көңүл бурушу керек деп эсептейбиз. Журналисттер бул жагдай боюнча бардык күчүн жумшап, иликтөө жүргүзүшү керек. Бул маалымат каражаттары кимге таандык, бул бизнеспи же саясатпы деген суроолор боюнча бир нече материал жарыяланышы зарыл", - деп айтылат "Медиа Полисинин" билдирүүсүндө.

Талаштуу тасма көрсөткөн каналдар...

Чынында эле талаштуу тасма көрсөтүлгөн каналдар кимге таандык?

New TVнин сайтындагы маалымат боюнча канал "2-канал" деп аталган ишканага таандык. Ага Уланбек Ысмаилов аттуу ишкер ээлик кылат. Каналдын жетекси катары Нурлан Шакиев көрсөтүлгөн. Ал Бакиев учурунда президенттин маалымат катчысы, кийин маданият жана маалымат министри болуп эмгектенген.

Эл арасында каналды "Ихлас" курулуш компаниясы аркылуу учурдагы бийликке жакын адамдар каржылары айтылып келет.

Ал эми НурТВнын болсо негизги кеңсеси Ошто жайгашкан. 2017-жылы ачылган каналга саясатчы Акматбек Келдибеков кожоюндук кыларын айрым маалымат каражаттары жазып чыккан.

Эмне үчүн Бакиевдер жөнүндө тасма талаш жаратты?

Апрель ыңкылабынан соң бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев 1-августта 70 жашка чыгат. Анын мааракеси Минск шаарында ресторандардын биринде белгиленери айтылууда. Ага 300гө жакын адам чакырылганын мурдагы президенттин тарапкерлери кабарлашты.

Алардын арасында Кыргызстандан бир нече адам кеткени айтылууда. Ысымдары азырынча ачык айтыла элек.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары билдиргендей, Минскиге аттанып жаткан айрым мурдагы жетекчилер жана чыгармачыл адамдар учурдагы бийликтин кийлигишүүсүнөн улам барбай калганы белгилүү болду.

2010-жылы үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, президент Бакиев бийликтен кулатылган. Элге каршы ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, жүздөн көбү жараат алган.

"Атамдын көзү тирүү болгондо..." (7-апрель, 2018-жыл)

Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен. Бул тууралуу кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, АКШда түрмөдө беш жыл жаза өтөгөн Евгений Гуревич “Азаттык” менен маегинде айтып берген.

Гуревич: Бакиевдер 200-300 млн. доллар уурдаган (30.08.2018)

2013-жылы кыргыз бийлиги АКШда Максим Бакиевге таандык 74.4 млн. доллар эсеби жабылганын жарыялаган.

Быйыл февралда АКШнын Юстиция министрлиги Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев чыгарып кеткен 4,5 млн. долларга жакын каражатты Кыргызстанга кайтарып берди.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

Кыргызстанда ал бир нече кылмышка айыпталып, 30 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою, уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кичүү уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган.

Мындан сырткары мурдагы президенттин дагы бир иниси Акмат Бакиев 2010-жылдан соң камалып, кийин абактан качып кеткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG