Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Бишкектен качкан Белокондун Лондондогу "түйшүгү"


Латвиялык ишкер Валерий Белоконь.
Латвиялык ишкер Валерий Белоконь.

Латвиялык ишкер Валерий Белокондун Англиядагы футбол клубуна байланыштуу британ бизнесмени менен талашына чекит коюла элек. "Гардиан" басылмасы Белокондун клубду колго алуу аракетине анын Кыргызстанда соттолгону жолтоо болуп жатканын жазып чыкты.

Кыргызстанда Валерий Белоконду мурдагы президенттин кенже уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнүн бири, 2010-жылга чейин арам акчаны адалдоого аралашкан деп эсептелген беш банктын биринин же “Манас” банкынын мурдагы жетекчиси деп билишет. Ал эми Англиянын түндүк-батышындагы 140 миңдей киши жашаган Блэкпул шаарындагылар аны жергиликтүү футбол клубунун мурдагы президенти катары таанышат.

Белоконь жана "Blackpool FC"

Латвиядагы “Балтика эл аралык банкынын башчысы” Валерий Белоконь 2006-жылы өзүнүн “VB Football Assets” аттуу дагы бир компаниясы аркылуу Англиядагы экинчи лигада ойногон “Блэкпул” футбол клубунун ("Blackpool FC") 20 пайыздык үлүшүнө ээ болгон. Акциялардын 75 пайыздан ашыгы британиялык ишкер Оуэн Ойстондун үй-бүлөсүнө таандык болсо да ортодогу макулдашуулардын негизинде Белоконь клубдун президентине айланган.

Ал жетектеп турганда “Блэкпул” клубу бир сезондо (2010-2011-ж.ж.) Англиянын эң жогорку лигасына же премьер-лигага көтөрүлгөн. Англиянын Жогорку сотунун документтерине ылайык, Белоконь 2006-2007-жылдар аралыгында эле футбол клубуна 4,5 миллион фунт стерлинг жумшаган.

Бирок Белоконь бир жыл мурда клубдун президенттигинен кетип, Ойстондун үй-бүлөсү менен соттошуп келатат. Англиянын Жогорку сотунун документтерине ылайык, ал ““Блэкпул” клубунун акчасын өз пайдасына колдонгон” деген негиз менен британ ишкерин сотко берген.

Блэкпул шаарында чыккан “Blackpool Gazette” гезитинин кабарчысы Мэтт Скрафтон жергиликтүү футбол клубунун айланасындагы окуяларды байма-бай чагылдырып келет. Ал “Азаттык” менен болгон маегинде Белоконь менен Ойстондун ортосундагы талаштын таржымалын түшүндүрүп берди:

- Белоконь адилетсиз мамилеге туш болгонун белгилеп келет. Ал “Блэкпул” футбол клубуна премьер-лигага чыкканы үчүн берилген акча текши бөлүнгөн эмес деп эсептейт. Ал ошондой эле Ойстондун үй-бүлөсү клубдун акчасын өз иштерине жумшаганын айткан. Футболдук команда премьер-лигага чыкканда телекомпанияларга сатылган лицензиянын эсебинен көп акча алат. Оуэн Ойстон клубдун 11 миллион фунттай акчасын өз бизнесине салганы кабарланган. Албетте, бул Белоконго жаккан эмес.

"Блэкпул" футбол клубунун Премьер-лигага көтөрүлгөнүн белгилеген парад, Блэкпул шаары, 24-май 2010-жыл.
"Блэкпул" футбол клубунун Премьер-лигага көтөрүлгөнүн белгилеген парад, Блэкпул шаары, 24-май 2010-жыл.

Соттук документтерде айтылгандай, Белоконь ошондой эле “VB Football Assets” компаниясы футбол клубун башкарууга катыштырылбай жатканына нааразы болгон. Британиялык журналист Мэтт Скрафтондун айтымында, Латвияда жашаган Белоконь буга чейин бир нече жолу Блэкпулга келип кетсе да, футбол клубда көбүнесе анын атайын өкүлдөрү иш алып барышкан.

Айтор, 2017-жылдын ноябрь айында Лондондогу Жогорку сот Белоконду колдоп, Ойстондун үй-бүлөсүн клубдун акчасын кымырып алган деп тапкан. Сот ошондой эле Ойстондорду латвиялык ишкердин акцияларын 31 миллион фунт стерлингге сатып алууну буюрган. Бирок ал соттун чечими толук аткарылбай келет. Андыктан Белокондун адвокаттары менен Ойстондордун ортосундагы юридикалык талашка чекит коюла элек. “Blackpool Gazette” басылмасы кезектеги соттук териштирүү Лондондо ушул аптада өтөөрүн кабарлаган.

Кыргыз сотунун чечими Белокондун жолун буудубу?

Британ басылмалары кабарлагандай, латвиялык ишкер Ойстондун үй-бүлөсүн сотто утуп алганы менен азырынча “Блэкпулдагы” акцияларын же толук сатып салып басып кете албай, же футбол клубун башкарууну толук өз колуна ала албай убара. Өткөн аптада “The Guardian” гезити Белокондун англис футбол клубуна ээлик кылуу дымагына Кыргызстанда жана Францияда ага каршы чыккан сот өкүмдөрү кедергисин тийгизгенин жазып чыкты.

Валерий Белоконь мурдагы кыргыз президенти Курманбек Бакиев бийликте турган мезгилде же 2007-жылы Бишкекте мурдагы “Инсан” банкынын ордуна “Манас” банкын түптөгөн. 2010-жылы апрель окуяларынан соң Убактылуу өкмөт аталган банкты мамлекетке алып, тыштан башкаруучу киргизген эле.

2011-жылы Белоконь “Манас” банкындагы менчик укугу зыянга учураганын жүйө келтирип, Париждеги арбитраждык сотко кайрылган. Сот 2014-жылы латвиялык банкирдин арызын канааттандырып, кыргыз өкмөтүн 16,5 миллион долларга доого жыккан.

Бирок кыргыз тарап Париждеги апелляциялык сотко кайрылып, ал сот 2017-жылдын февраль айында Белоконго каршы чечим чыгарган.

Анын өкүмүндө Белоконь “Манас” банкын арам акчаны адалдоону өөрчүтүш үчүн сатып алганы, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев менен жакын байланышта болгону үчүн банктагы мыйзамсыз транзакциялар көз жаздымда калып келгени белгиленген. Ошондой эле түптөлгөндөн берки үч жылга жетпеген убакыт ичинде эле “Манас” банкындагы акча которуунун жалпы көлөмү 5,2 миллиард долларды түзгөнү айтылат.

Валерий Белоконь Кыргызстанда 20 жылга эркинен ажыратылган.
Валерий Белоконь Кыргызстанда 20 жылга эркинен ажыратылган.

Айтор Париждеги апелляциялык сот Белокондун миллиондогон доллардык доосун токтотуп, тескерисинче латвиялык ишкерди кыргыз тарапка 300 миң евро төлөөгө милдеттендирген.

Эл аралык соттун кыргыз өкмөтүн колдогон мындай өкүмүнөн үч ай өткөндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту ““Манас” банкы аркылуу кылмыштуу каражаттарды адалдоого аралашкан” деген айып менен Белоконду 20 жылга сыртынан абакка кескен. Бул иш боюнча мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев өмүрүнүн акырына чейин сыртынан кесилген.

Латвиялык ишкер кыргыз сотунун чечимин “саясий өңүтү бар иш” катары мүнөздөп, “Манас” банкы мыйзамдарды бузбаганын билдирип келет. Ал “The Guardian” басылмасы менен соңку электрондук кат алышууларында кыргыз тарапты “фактыларды туура эмес чечмелеген, аларды бурмалаган жана жасалма документтерди көрсөткөн” деп айыптаган.

Британиялык басылманын өткөн аптада жарыяланган макаласында айтылгандай, Белоконь Париждин апелляциялык сотунун чечимине каршы арызданууга аракет кылган. Бирок сот милдеттендирген 300 миң еврону кыргыз өкмөтүнө төлөбөгөнү үчүн анын бул аракетине бөгөт коюлган.

Белокондун тынымсыз актануусуна карабастан Париждеги сот өкүмүнөн кийин, 2017-жылдын март айында Белокондун “Блэкпул” футбол клубунун директор кеңешиндеги мүчөлүгү токтотулган. Ошол эле жылдын сентябрь айында “Англиянын футбол лигасы” Белокондун соттолгонун жүйө кармап, футбол клубун жетектөөгө ылайыксыз деп тапкан. Латвиялык ишкер мындай чечимдин алдында футбол клубунун президенттигинен кеткен.

“Blackpool Gazette” гезитинин кабарчысы Мэтт Скрафтондун баамында, Белоконь “Блэкпул” футбол клубунун негизги акционерлери болуп саналган Ойстондун үй-бүлөсү менен талашын жөнгө салгандан кийин футбол клубун жетектөө укугун кайра калыбына келтирүүгө аракет кылышы мүмкүн.

“Блэкпул” менен Максим Бакиевдин болжолдуу байланышы

Максим Бакиев.
Максим Бакиев.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кенже уулунун Англиянын “Блэкпул” футбол клубу менен байланышы тууралуу жоромолдор көп айтылса да, документ жүзүндө түздөн-түз ырасталган эмес.

Ошентсе да 2012-жылы Англиядагы “Глобал Уитнесс” антикоррупциялык уюму Максим Бакиев менен бул клубдун ортосундагы финансылык байланышты тапканын жарыялаган. Тактап айтканда, уюмдун изилдөөчүлөрү 2008-жылы Белокондун “VB Football Assets” компаниясы футбол клубуна салган 2 миллион фунттай каражатты Максим Бакиев менен Белоконь 50 пайыздан ээлик кылган, Латвияда катталган “Maval Aktivi” компаниясынан карызга алганын аныкташкан.

- Керек болсо компаниянын аталышынан да байланышты тапса болот. “Ma” – Максим, “val” Валерийди түшүндүргөндөй. “Maval Aktivi” латвиялык компания болчу. Бул компания 2 миллиондой фунт стерлингди Белокон кожоюндук кылган компанияга [VB Football Assets] карызга берип, ал компания ошончо көлөмдөгү акчаны “Блэкпул” клубуна салган. Биздеги маалымат боюнча, бул 2008-жылы Бакиев үй-бүлөсү бийликте турган учурда болгон, - деп билдирди “Азаттыкка” бир кезде Максим Бакиевдин күмөндүү компанияларын изилдеген “Глобал Уитнесс” уюмунун кызматкери, англиялык антикорруциялык активист Том Мэйн.

Мындай кабарларды Максим Бакиев өзү эч качан тастыктаган эмес. 2010-жылы Валерий Белоконь да, “Блэкпул” футбол клубу да бир ооздон Бакиевдин клуб менен эч кандай байланышы жок экенин билдиришкен.

“Блэкпул” футбол клубунан айланасындагы жагдай боюнча комментарий алуу үчүн “Азаттыктын” “Белоконь Холдингске” жөнөткөн электрондук катына азырынча жооп келе элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG