Рио-де-Жанейро шаарында аяктаган 31-жайкы Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык 19 спортчунун бири да байгеге жетпей калды.
Быйылкы Олимп оюндарынан да кыргыз спортчуларынын арасынан балбандар Арсен Эралиев менен Айсулуу Тыныбекова бешинчи орунду, дзюдочулар Юрий Краковецкий 7-орунду, Отар Бестаев 9-орунду ээлешти.
Оор атлетчи Иззат Артыков коло медалга ээ болуп, бирок канынан кызытма табылып, медалдан кол жууду. Калган спортчулар алдынкы ондун бирине да илинген жок.
Борбор Азия өлкөлөрүн алсак, Өзбекстан жалпысынан 13 медалга ээ болду.
Медалдарынын саны көбүрөөк болгон менен Казакстан бул ирет жалпы командалык эсепте 22-орунга татыды. Коңшу өлкө бул ирет буга чейинки көрсөткүчүн жаңылап, 17 медалга ээ болду. Анын үчөө алтын, беши күмүш жана тогузу коло.
Тажикстан Олимпиада аяктарына бир күн калганда спорттун балка ыргытуу түрү боюнча жалгыз алтын медалга ээ болду. Бул Тажикстандын эгемен тарыхындагы жалгыз алтын медал. Түркмөнстан бул ирет да олимп оюндарын медалсыз жыйынтыктады.
Кыргызстандык спортчулардын Олимпиадада ийгиликке жетпей жатышынын негизги себеби эмнеде?
-
Токтосун Шамбетов
"Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan
-
Айгерим Акылбекова
"Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.