Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Менин Чыңгызым


"Азаттыктын" "Мен билген Айтматов" сынагына келген алгачкы блогду окурмандарга сунуштайбыз.

Адабияттын босогосун Айтматов ааламынан аттагам. Алгачкы жолу мага акыл-эс кирип, дүйнө тааный баштаганда, “Атадан калган туяк” кинотасмасын көргөн элем. Мына ошондон тартып, менин жүрөгүмдө Чыңгыз Айтматов деген залкар адам орун алып келет.

Менин Чыңгызым баланын жан дүйнөсүн сезет, туят. Аска-тоодой атанын баркын билет, ордун жоктойт. Бала кыялында элдикиндей ат мингизер атасын сагынат, согуштагы анын арстандай айбатын, эрдигин көрүп сыймыктанат.

Менин Чыңгызым - атасынын туягы.

Менин Чыңгызым - жаралуу кийиктей жан дүйнөсү жабыркаган, асманын кара булут каптаган тырмактай баланын, кыйроого учураган жаратылышын, кыйылган арча–кайыңдын колдоочусу. Бугу – маралдардын, айбан да болсо бөлтүрүгүн издеген Акбара, Ташчайнар, Жаа барстай жаныбарлардын үнүн адамзатка жеткирген жарчы.

Менин Чыңгызым өз көзү менен көрүп, аралашып, соолуган согуштун азабын тартып, ботосун издеген ингендей өксүгөн энелердин жарынан айрылып, жаштайынан жалгыз калган жароокерлердин ыйын угуп, согуш апаатын адам баласы унутпасын деп, элесин тарткан сүрөткер. Ушул конкурс жарыяланганда менин Чыңгыз Айтматовго деген сый-урматым, таазимим ушул сөздөрдө камтылды.

Менин Чыңгызым - махабат ыры, август айынын айлуу түндөрүндө эгин талаасы гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнө жаңырып, кыргыз келининин эркиндигин, салтты бузуп, сүйүүнүн тазалыгын далилдеген, сулуулугу көргөндү тамшандырган Жамийла менен Даниярдын жактоочусу. Махабаттын улуулугун, сүйгөн жардын сулуулугун менин Чыңгызым гана сезет, билет, даңазалайт жана жазат. Ал Аселдей назик кыздын ишенчээктигин, Бегимай бийкечтин туруктуулугун, тайбастыгын, Мырзагүл селкинин сырдуулугун, аруулугун, Толгонай апанын кайратын, Найман эненин мээримин баяндаган боорукер.

Менин Айтматовум ааламга теңдеши жок, элибиздин гана бактысына бүткөн, жергебизге берген Теңиримдин белеги, кыргыз бермети - Ысык –Көлдүн эртеңи үчүн кабатырланып, “Ысык-Көл” форумун уюштуруп, табигаттын, экологиянын бузулушуна тынчсызданган инсан.

Мен үчүн Чыңгыз мукам үндүү Данияр, баёо сезими эми гана ашыктыкка байланган Сейит, шамдагай улан Султанмурат, эли-жерине чын дилден кызмат өтөгөн Танабай, Мекен үчүн жанын берген Жайнак, ашыктык оту жүрөгүндө алоолонгон Илияс, комузда кол ойноткон Раймаалы ага...

Ушул каармандардын баарында Чыңгыздын бир нече тамчы көз жашы, жүрөктөн чыккан сезимдери, жылуу пикири, чабыттаган куштай кыялдары, омоктуу ойлору жатат. Себеби, ар бир жазуучу өз каармандары менен жуурулушуп, кошо кайгырып, кошо кубанат эмеспи.

Менин Чыңгызым – бала жытына зар болуп, ичинен сызган армандуу Орозкулдун, шордуу Бекейдин санаалашы, Бекей эжесине Бугу Энеден бешик сураган бакыраң көз Нургазынын тилектеши.

Мен, гүл сүйгөн Алиманды, махабаты үчүн өрттөнгөн Бегимайды, Байтемирди бактылуу кылган Аселди, таалайы жок Кадичаны, күйүттүү Найман энени, согуштун жесири Жээнкүлдү аяп келем, алар менен кошо кыйналам, сүйүү азабын чегем, сүйүнүчүн эстеп, сүйүнөм. Чыгарманы окуган ар бир эле окурман менин абалымды туйса керек?!

Менин Чыңгызым мени ниети жаман адамдардан коргоп, алыстатып, күн сайын адам болуу керегин эскертип, бийик адамгерчиликке үндөп, тарбиялап келет.

Менин идеалым Дүйшөн, Абуталип, Бостон, Едигей, Султанмурат, Жамийла.

Менин Чыңгызым - жашоомдун жашыл жарыгы. Анын ар бир чыгармасы дилимде жашап, ишимдин ийгилигине өбөлгө болуп, абийирге, ыйманга, адамгерчиликке жол чырак болуп күйүп турат.

Менин Чыңгызым адам канын агызган согушту, акыл-эси туруп айбан болгон бүгүнкү маңкурттарды, бир чымчым нашаа үчүн жакынын да сатууга даяр турган баңгилерди жек көрөт.

Сүйүктүү жазуучум кыргыз элинин гана эмес, ааламдын жазуучусу. Ал дүйнөлүк адабияттын туу чокусунда, кол жетпеген бийиктикте турат. Айтматов бүтүндөй адамзатты ааламдашуунун аптабына кабылбай, тунук акылга чакырып, айбан кейпин кийбей, ар күн сайын адам бойдон кал деп турат.

Менин Чыңгызым нечен кылым карытып, тилин, дилин жоготпой келген кыргызымдын эртеңине кыжаалат болуп, “Саманчынын жолундай" жанып, келечекти көрсөткөн жылдыз болуп турат.

Менин Айтматовум - дүйнө жүзүнүн татыктуу атуулу, XXI кылымдын даанышманы!

Мен Айтматовдун доорунда жашаганыма, аны менен замандаш болгонума сыймыктанам. Менин жашоомдогу девизим – “Күн сайын адам болуу”!

Айымкүл Талгатбек кызы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG