Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Айтматовдун бактылуу жердеши


Котормочу Апилмажун Темиралиев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен сүйлөшүп жатат.
Котормочу Апилмажун Темиралиев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен сүйлөшүп жатат.

Айтматовго алгачкы жолу 1963 - жылдын жай айында жолуккам. Биздин «Манас» колхозунун төрагасы Шамшы Оморов Чыңгыз ага менен институтта бирге окуган экен, расмий чакыруу менен Керез жеңени, Санжар, Аскар деген уулдарын ээрчитип, Кара-Суу айылындагы колхоздун багына келишкен.

Ошондо бул керемет адамды көрүп чындап суктангам. Ошол жерде ойноп жүргөн балдар «мен жакын жерден көрдүм», «мен тим эле түбүнөн көрдүм» деп аябай мактанганбыз. Кечинде карапайым эл менен кызык аңгемелешип кеткени көпкө чейин аңыз болгон.

1988-жылы күз айларында туулган айылы Шекерде 60 жылдык мааракеси өтүп, ошол жерден «Кыямат» китебине кол тамгасын койдуруп алгам.

Тойдун эртеси дагы «Дүйшөндүн мектеби» турган бактын ичинде жолукканбыз. Айтматов ошол кездеги КПССтин генералдык секретары Горбачев Михаил Сергеевичке Шекер айылына жаратылыш газын киргизүү тууралуу айтканын эскерткен.

Чыңгыз Айтматов менен Апилмажун Темиралиев.
Чыңгыз Айтматов менен Апилмажун Темиралиев.

Жолугушууда иниси Замирбек Үсөнбаев минтип ырдаган:

Нобель сыйлыгын бербесе,

Ал жюрилердин катасы,

Нобель сыйлыгынан өтүп кетет,

Кыргызымдын батасы, - деп төгүп жатканда айылдын эли түп көтөрүлө беш мүнөттөй кол чаап турушкан.

Бир курдай полиграфкомбинатта жолугушуу болуп калды. Жолугушуу бүткөндөн кийин Чыңгыз Айтматов менен сүрөткө түшөлү деп чогулдук.

Тепкичте фотоаппаратты тиктеп турабыз. Ары жакта жылаңайлак, жылаңач балдар ойноп жүргөн. Чыкем аларга «Балдар, келгиле, сүрөткө түшөбүз» деп кыйкырды. Балдар чурулдап чуркап келгенде сүрөтчү «чык» этип тартып алды.

Чыңгыз Айтматов менен Апилмажун Темиралиев.
Чыңгыз Айтматов менен Апилмажун Темиралиев.

Кийин Чыкемдин көзү өтүп кеткенде, ошол балдардын ата-энелери сүрөттөрдү издеп, таап алып жүрүшкөнүн көрдүм.

1999 - жылдын, 12 - июнунда Нью-Йоркто улуу орус акыны Александр Пушкиндин 200 жылдыгы өткөн. Ал жерге биз да бардык.

Чогулуш учурунда алып баруучу «Биздин арабызда бактылуу киши отурат, ошол адамга сөз беребиз», - деди. Баарыбыз бул кайсы бактылуу адам болду экен деп айлана-чөйрөбүздү элеңдеп карап калдык.

«Ушу жерде Чыңгыз Төрөкуловичтин жердеши отурат» - деп мага сөз берди. Ошентип мен Чыңгыз агабыздын аты менен бактылуу болгом. Бактылуулук – бул бирөөнү бактылуу кылуу. Чыңгыз Айтматов миллиондогон адамдарды өз чыгармалары менен бактылуу кылды десем болот.

Манасчы Асанкан Жуманалиев менен Чыңгыз аганын кабинетине барып калдык. Сүйлөшүп отурабыз. Бир убакта Чыңгыз ага Асанканга карап эле «Манас айтасыңбы» деди. «Айтам, бирок, кай жерге?» деди Асанкан. «Ушул жерге» деди Чыкем. Асанкан ошол замат эле "Манасын" баштады. Күүлөнүп айтып жатат оозунан көбүк чыгып.

Чыңгыз ага эпосту ушунчалык берилүү менен укту. Кабылдамасында эл толтура. Ошентип жарым сааттан ашык "Манас" айтылды. Асанкан созуп барып токтогондо Чыңгыз ага канааттануу менен угуп, ыраазычылык билдирип, «"Манасты" угуу өзүнчө бир ырахат» экенин белгиледи, андан кийин гана келгендерди кабыл ала баштады.

2007 – жылдын жай айында Орто-Сай базарында эжеме китеп дүкөнүн ачып берейин деп камынып жаткам. Чыңгыз ага менен сүйлөшүп отуруп дүкөндө кыргызча китептер да сатыларын айтып калдым. Ал аябай кубанып: «Жакшы болот турбайбы, ачылышына сөзсүз чакыр» деди.

Мен «Чыңгыз ага, ал кичинекей эле дүкөнчө» деп тартынып. «Чоң-чоң базарларды, супермаркеттерди ачып, чакырса барбай коюшум мүмкүн, бирок китеп дүкөнү, анын үстүнө кыргызча басылган китептерди сата турган дүкөн экен. Сөзсүз келем» деди. Мен эртең ачабыз деген күнү Чыкемди чакырып койдум. Орто-Сайда соода кылгандарга айтсам, эч ким ишенген жок.

Эртеси саат 10до Чыңгыз ага келип калса болобу. Айтматовду көрөбүз деген элдин толкунун араң токтоттук. Кол тамга сурагандын бирөөнөн да баш тарткан жок. Далайы аны менен сүрөткө да түшүп жатты.

2002-жылдын декабрь айы. Чыңгыз Төрөкуловичтин чакыруусу менен Бельгиянын Брюссель шаарына барып калдык. Ошол жерден бир аял биздин кайдан келгенибизди сурап калды. Англис тилинде "Кыргызстанданбыз" деп жооп бердик. Ал таң калып: «Чыңгыз Айтматовдун жеринен турбайсыңарбы» деди.

«Ооба» деп баш ийкеп, Чыңгыз Айтматов жаныбызда эле отурганын айтып жибере жаздадым. Бирок Чыңгыз ага «унчукпа» деп жаңсап койду. Тиги аял бизге Чыкемдин «Балалыгым» деген чыгармасын окуганын , анда автордун чоң энеси болгонун, ал киши радиону да, телевизорду да, компьютерди да алмаштырган акылман аял экендиги туурасында айтып берип, биздин ал чыгарманы окубаганыбызга абдан таң калды. Биз унчукпай калдык.

Аял кеткенден кийин Чыңгыз агага: «Бул чыгармаңыз бизге тааныш эмес экен» дедим. Анда Чыкем күлүп: «Балалыгым» кыргызча да, орусча да жарык көрө элек. Немис тилинде чыкты. Себеби, жазып алган адам немисче чыгарган экен. Андан кийин түрк тилинде жарык көрдү», - деди. Ал чыгарма сегиз томдук топтомго кирген.

Мен Чыңгыз ага Манас атабыздай Айкөл жана Баатыр, Кошой атабыздай кеменгер жана көсөм, Бакай атабыздай акылман жана сабырдуу инсан экенине жанында жүрүп ынандым. Айкөлдүгү – бир адамга «сен туура эмессиң» дегенин уккан жокмун, бирөөгө таарынганын байкабадым, асылгандарга жооп берген жок.

Баатырлыгы – "Манас" эпосу тууралуу, эне тил жөнүндө айткандарын эч бир киши айта албайт эле. Маңкурт тууралуу жазганы, «Кыяматта» Эдигейдин Жаратканга кайрылганы – кеменгерликтин, көсөмдүктүн туу чокусу десек болот. Ал эми акылмандыгын, сабырдуулугун айтпасак да түшүнүктүү.

Апилмажун Темиралиев

Автор жөнүндө

Темиралиев Апилмажун Кубатбек уулу 1955 –жылы 14-мартта Талас өрөөнүндө туулган. Үч кыз, бир уулдун атасы. Кесиби боюнча окумуштуу агроном. Айыл чарбасын башкаруу боюнча Израилде окуган. Америка Кошмо Штаттарында үч жарым жыл жашап, окуп, иштеп келген. Кыргыз Республикасынын Экономиканы өнүктүрүү, Өнөр-жай жана соода министрлигинин администрацияны реформалоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы болуп эмгектенген.

Эл аралык ишкердикке, көркөм сөз өнөрүнө, тил үйрөнүүгө кызыгат.

2004-жылы «Кыргыз руху» гезитине «Мен көргөн Америка» деген китебинен үзүндүлөр жарыяланган. Азыр басмадан чыкты. «Good luck» кыргыз тилинен англис тилин өз алдынча үйрөнүү боюнча окуу куралынын, «Англис тили» (англисче тез үйрөнүү ыкмасы), «Эне тили, чет тили + китеп биз үчүн келечекке шам чырак», китептеринин автору. «Сильва» билим борборунун негиздөөчүсү.

Доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен алты жыл кызматташкан, төрт жолу республиканын мугалимдери менен жолугушуу уюштурган. «Менин биринчи мугалимим» аттуу дил баянга конкурс жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG