Республикалык СПИД борборунун акыркы жети жылдагы илдетти алдын алуу жана түшүндүрүү чараларынын жыйынтыгы кыргызстандык кумсалар арасында СПИДдин ВИЧ илдети менен жабыркагандар жети пайызды түзөрүн көрсөттү. Ага чейин сексуалдык азчылык өкүлдөрү басмырлоодон чочулап дарыгерлерге кайрылбай келген.
Ал эми жалпылап алганда, Кыргызстанда ВИЧ илдетине кабылгандардын расмий саны жети жарым миңге жакын алардын жарымынан азырагы аялдар, 600гө жакыны балдар.
Бишкектин 35 жаштагы тургуну Руслан кумсалар арасында ВИЧ илдетин жайылтпоо боюнча эки жылдан бери ыктыярчы болуп иштеп жүрөт. Сексуалдык азчылык өкүлдөрүнө оору жөнүндө түшүндүрүп, андан сактануу жолдорун сунуштап келүүдө.
- Мен ушул дартка чалдыгып калам деп такыр ойлогон эмесмин. Чет элде иштеп жүрүп, коргонуусуз жыныстык катыштан улам оору жуктуруп алдым. Башында эмне кыларымды билбей, сыгылып жүрдүм. Бирок андан пайда жок экенин билип, жаңыча жашоону баштадым. ЛГБТ менен иштеген уюмдарды издеп таап, кеп-кеңеш алдым.
Русланды өзү иштеген уюмга үч-төрт жигитти кезектеги медициналык текшерүүгө алып келген учурда кепке тарттык.
- Кумсаларды же бисексуалдарды дарыгерге алып барып, көзөмөлдөн өткөрөм. Албетте мунун баары аноним түрдө болот. Андай адамдарды басмырлоо туура эмес. Кумсалар мурда да болгон, мындан кийин да боло берет. Ошондуктан аларга оорудан сактануунун жолдорун түшүндүрүп келем. Мунун баары акысыз,- дейт Руслан.
Республикалык СПИД борборунун адистери 2016-жылкы изилдөөнүн жыйынтыгына таянып билдиришкендей, Кыргызстанда болжол менен 22 миң кумса бар. Соңку жети жылдагы түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен алардын 7 пайызга жакынынан ВИЧ илдети табылганын борбордун директор орунбасары Айбек Бекболотов айтты:
- Ар эки жылда дозордук-эпидкөзөмөл деген изилдөө өткөрүлөт. Адамдын жүрүш-турушу изилденет. 2009-жылы гомосексуалдар арасында ВИЧ илдети барлар 0% түзгөн. 2010-жылы 1 пайызга, 2016-жылы 6,6 пайызга өстү.
Бекболотовдун белгилешинче, кыргыз коомчулугунда кумсаларга карата терс көз караш күчтүү. Мындан улам алар басмырлоодон коркуп көйгөйлөрүн айтышпайт. Дарыгерлерге же башка адистерге ачык кайрылбайт:
- Кумсалар арасында ВИЧ көбөйдү деп айтуу деле туура эмес. Бул адамдар кодулоодон коркуп, өздөрүнүн коопсуздугун ойлоп, көйгөйлөрү жөнүндө ачык айтышкан эмес. Соңку жылдары түшундүрүү иштери көбөйүп, жумуштар жакшырып, аларды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Кыргызстанда Республикалык СПИД борборунан тышкары, 30га жакын бейөкмөт уюм ВИЧ илдетин алдын алуу багытында жумуш жасап келүүдө. Төртөө кумсалар менен иштейт. Бирок алардын ишмердиги тууралуу чакан чөйрө гана билет.
Сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн укугун коргоп иштеген уюмдардын адистери "кумсалардын 7 пайызга жакыны ВИЧке чалдыккан" маалыматтан шек санашат.
- Бул өтө чоң сан. Кумсалар арасында ВИЧке чалдыккандар алардын жети пайызын түзөт деп маалымат таратардан мурун СПИД борбору бейөкмөт уюмдар менен да кеңешип, анан абал тууралуу айтса болмок. Мындай маалымат менен кумсаларга карата негатив маанайды козутуп алышат. Жети пайыз дегени чындыкка дал келбейт, - дейт атын атагысы келбеген ЛГБТ активист.
Жогорудагы сандар Кыргызстандагы кумсаларга байланыштуу чыгарылган алгачкы маалыматтар. Андыктан, адистер “ооруну ошолор гана жайылтууда” деп тыянак чыгарууга шашпоого чакырышат. Аял-эркектин ортосундагы коргонуусуз жыныстык байланыштан жана маңзат сайынуудан улам ВИЧтин тарашы негизги коркунуч бойдон кала берүүдө.
2017-жылдын июль айына карата ВИЧ илдети менен өлкө аймагында жети жарым миңдей адам каттоого алынган. Анын 7103ү кыргыз жараны. Бейрасмий эсепте сегиз жарым миңден ашат. Оорулуулардын дээрлик жарымын аялдар түзөт. Дарт жуккан балдардын саны 597. Алардын 372си ооруканада дарыгерлердин адашуусу менен шприц аркылуу ооруга кириптер болгон жеткинчектер.
ВИЧке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү ишке жарамдуу курактагылар. Аялдардын саны да жыл сайын өсүп жатат. Оорулуулар эгемендиктин алгачкы жылдарынан тарта каттоого алына баштаган. Ушул күнгө чейин ВИЧ жуккандар арасынан 1640 адам көз жумду.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана башка эл аралык донорлор 2018-жылдан тарта ВИЧтин алдын алуу боюнча Кыргызстанды каржылоо токтотуларын эскерткен. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 2020-жылга чейин улантууга макул болушканын СПИД борборунан билдиришти. Алдын алуу жана дарылоого жылына 3,7 миллион доллардан берилмекчи. Мындан он жылдай мурун жылына 9 миллион долларга чейин бөлүнгөн.
2021-жылдан тарта кыргыз өкмөтү ооруга каршы өзү аракет көрүшү керек. Бул жаатта улуттук программа да иштелип чыккан.