Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

БУУ: Орусия ВИЧ эпидемиясына себепкер болушу мүмкүн


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (10-17-июль)

Борбор Азия “ИМ” тобу менен беттешүүгө даярбы?

The Diplomat аналитикалык басылмасына кыргызстандык талдоочу Уран Ботобековдун дал ушул темада жазылган макаласы чыкты.

Ирактын Фаллужа, Сириянын Алеппо шаарында эл аралык күчтөр “Ислам мамлекети” террордук тобун улам алсыратып, анын согушкерлери мекенине кайта баштады. "Мындай кырдаал Борбор Азиянын коопсуздугуна чоң коркунуч жаратат" деп эсептейт Ботобеков.

Кыргызстандан болжол менен 500 киши “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп кеткен. Алардын 44ү азыр өлкөгө кайтып келип, 28инин үстүнөн кылмыш иши козголду.
Уран Ботобеков

Ансыз да социалдык, экономикалык чабалдыктын чынжырында байланып турган аймак үчүн радикалдашкан миңдеген “жихад желдеттеринин” кайтып келүүсү опурталдуу. Кыргызстандан болжол менен 500 киши “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп кеткен. Алардын 44ү азыр өлкөгө кайтып келип, 28инин үстүнөн кылмыш иши козголду.

Коңшу Казакстанда деле абал жакшы эмес, 400 кишинин кыркка жакыны кайтып барганы айтылууда. Аймактагы беш өлкө радикалдарга карата саясатын өзгөртпөсө, жихадизм тамырлап кетиши ыктымал”, - дейт саясат илимдеринин кандидаты Уран Ботобеков The Diplomat журналына.

Орусиянын айынан ВИЧ-СПИД эпидемиясы дүйнөгө тарашы мүмкүн

Францияда чыккан France Soir гезити Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы чыккан отчетуна таянуу менен дүйнөдө ВИЧ эпидемиясы кайра башталышы ыктымал деп коңгуроо какты.

2000-жылдан 2015-жылга чейин бул вирусту жуктуруп алган адамдардын саны дүйнөдө 1,9 миллион кишиге көбөйгөн.

Орус адистери профилактика кылбай эле дарылаганды тандап алгандан улам дарттын жайылуусу күчөп жатат. Бул өлкөдө ВИЧ-СПИД жуктургандардын саны миллиондон ашып, каза болгондор 200 миңден көп.

“1997-жылы эпидемияны токтотуп, аны азайтуу мыкты натыйжа берген. Бирок Чыгыш Европа менен Борбор Азияда дүйнөлүк тенденцияга карабай ВИЧ жуктургандардын саны 57 пайызга көбөйдү. Ал тургай Орусияда бул көрсөткүч 80 пайызга жетип, кооптуу кырдаал жаралды. Орус адистери профилактика кылбай эле дарылаганды тандап алгандан улам дарттын жайылуусу күчөп жатат. Бул өлкөдө ВИЧ-СПИД жуктургандардын саны миллиондон ашып, каза болгондор 200 миңден көп”, - деген тыянак чыгаруу менен БУУнун ВИЧ-СПИД менен күрөшүү кызматы кумса, сойкулар, транссексуалдар жана ийне сайынган баңгилерди орус бийлиги көзөмөлгө алуусу шарт деп белгилеген.

Кытайда интернет соодасы кызууда

Кытайда интернеттен соода кылууга ооп, ал тургай бул көрүнүш өлкөдө "онлайн дүкөнгө көз карандылык" деген оору жаратканын Forbes журналы кабарлады.

Кытайда азыр Taobao, JD, Suning сыяктуу ири дүкөндөр миллиарддаган киреше таап, интернет соодасы экономиканын тез өнүккөн ири бутагына айланды.

Дүйнөдөгү онлайн базардын жарымынан көбүнүн кардарлары Кытайдан. 2015-жылы өлкөдө бул тармакта 581, 61 миллиард доллар айланып, мурдагы жылдарга салыштырмалуу 33 пайызга жогорулаган. Анан калса онлайн кардарлардын көбү Кытайдын жаш, акчалуу, билимдүү жана шаардык атуулдары болууда. Бостондогу консалтинг компаниясынын анализине караганда, 2020-жылга чейин интернет соодасы дагы 42 пайызга өсөт.

Азыр кытайлык жаштар компьютерден баш көтөрбөй эле ичкен тамак-ашынан тарта кийим-кечек, ал тургай кымбат баалуу чет элдик буюмдарды да сатып алып жатканын маалымдайт Forbes.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG