Эмерек жасаган элеттик уста
Айдарбек Орозалиев Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында эмерек жасаган жалгыз уста. Ал төрт жылдан бери өз үйүн устаканага айландырып, элеттиктерди жыгачтан жана темирден жасалган эмеректер, буюмдар менен камсыздап келет. Анын колунан чыккан эмеректерди айылдын ар бир экинчи үйүнөн көрүүгө болот. Устанын колдо жасалган эмеректери шаардагы кымбат баалуу буюмдардан кем калбайт.