Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Маркумдун жакындары орус элчилигине нааразы


Автокырсыкка кабылган унаа
Автокырсыкка кабылган унаа

Бишкекте Орусия элчилигинин кызматкери күнөөлүү деп айтылып жаткан жол кырсыгынан набыт болгон адамдын жакындары милицияга арыз жазды. Алар элчилик өкүлдөрү маркумдун үй-бүлөсүнөн кечирим сурабаганына нааразы болуп, иштин тыкыр иликтенишин талап кылууда.

Бишкек шаардык милициясы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгонун, бирок шектүү адамдарды тергөө амалдарына тартуу үчүн дипломатиялык жактан уруксат керек болуп жатканын билдирди.

Маркум Евгений Лексиндин жесири Нелли Лексина 20-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кырсыктарын иликтеген бөлүмүндө суракта болду.

Дээрлик 2,5 саатка созулган сурактан кийин аны бөлүмдүн кызматкери журналисттерден калкалап, тергөөчүнүн иш бөлмөсүнөн сыртка чейин өзү жетелеп барып, унаага отургузуп жөнөтүп койгондуктан күйөөсүнүн өлүмүнө себепкер адамды жоопко тартуу талабы менен барган аял эмне жооп алганын өз оозунан угуу мүмкүн болгон жок.

- Жок, мен муну айтпайм. Айтпаймын...

Ага чейин журналисттердин бардык суроолоруна ачык жооп берип жаткан Нелли Лексина тергөөчүдөн чыккандан кийин ушинтип микрофондон качып, комментарий берүүдөн баш тартып койгону ансыз да түрдүү суроо, божомол жаратып жаткан бул окуяда чын эле жашыра турган жагдайлар барбы деген суроону күчөттү.

Ал Орусиянын элчилигинен бир да адам алигүнчө басып келип көңүл айткан жок деп кейиди:

- Элчиликтен эч ким келген жок, кечирим сураган жок. Сөөктү койгонго эч кандай жардам берген жок.

Нелли Лексинанын күйөөсү, 62 жаштагы Евгений Лексин жүк ташуучу “Мерседес” унаасын айдап баратып 16-февралда кырсыкка кабылган. Алган жарааты өтө оор болгондуктан ал бир нече сааттан кийин ооруканада көз жумган эле.

“Манас” аэропортуна кетчү трассада болгон бул окуянын күбөлөрү тартып алган бир нече видеотасмада көрүнүп тургандай, Лексин унаасына май куйдуруп, жаңыдан жолго чыкканда аны оң жагынан катуу ылдамдыкта келаткан “Тойота Прадо” жолтандабас сүзгөн.

Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Олжобай Казабаевдин айтымында, жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (Транспорт каражаттарынын эксплуатациясын жана жол кыймылынын коопсуздугун бузуу) негизинде иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Ал эми шектүүлөрдү аныкташ үчүн дипломатиялык жолдор аркылуу уруксат алуу зарыл болууда:

- Элчилик кызматкери Виктор Пухов өзүнө тиешелүү унаада кетип баратып жол кырсыгына кабылган. Унаанын ичиндеги Игорь Рясный 4-ооруканага жеткирилген. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Тышкы иштер министрлигине тергөө амалдарын бул жарандар менен бирге жүргүзүү тууралуу кат жөнөттү. Себеби алардын кол тийбестик макамы бар да.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Виктор Пуховго карата ички териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын “Азаттык” радиосуна дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Дарья Пахомова билдирди:

- Ички кызматтык иликтөө уланып жатат. Териштирүүнүн жыйынтыгына жараша анын кийинки тагдыры аныкталат.

Дарья Пахомова белгилегендей, жабыркаган тарапка кенемте төлөп берүү жагы караштырылып жатат, бирок канча сумма болору азырынча аныктала элек.

Кыргызстан менен Орусиянын желектери.
Кыргызстан менен Орусиянын желектери.

Ал арада окуяга байланыштуу айрым суроолор ачык бойдон калууда. Алсак, элчилик маркум Евгений Лексиндин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, жардам бергенин билдирсе, анын туугандары элчилик өкүлдөрүн көрө да элек экенин белгилөөдө.

Ал эми кызыл жарыкка карабастан катуу ылдамдыкта келатып “Мерседести” сүзгөн жолтандабастын айдоочусу алгач “Роснефть” компаниясынын жетекчи орун басары Игорь Рясный деп айтылып келсе, кийин элчиликтин кызматкери Виктор Пухов деп айтыла баштады.

Адам өлүмүнө алып келген кырсыктын күнөөкөрү ошол маалда соо беле же кызуу беле деген да суроо жаралууда. Себеби окуянын күбөлөрү жолтандабастын ичинен чыккан эки адам кызуу болчу деп айткандар бар экенин интернетте жазып жатышат. Ошондой эле кылмышка шектүү жаран эбак өлкөдөн чыгып кеткени да айтылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG