Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Аткаминерлер Абдрахмановдой болгондо...


Жусуп Абдрахманов
Жусуп Абдрахманов

Мамлекеттик дөөлөттү калыптандырып, улуттук аң-сезимибизди өстүрүүдө Жусуп Абдрахмановдун өмүр таржымалы, тагдыры, саясий ишмердиги баарыбызга өрнөк.

Анын өз колунан жазылып сакталып калган күндөлүктөрү эле кыргыз урпагы, келечек тарых үчүн кандай мурас, кандай сабак.

Кырчындай жашында мамлекет жүгүн, эл тагдырын мойнуна көтөргөн Жусуп Абдрахмановдун өмүр таржымалын муундан муунга жеткирүү аракетин колго ала албай келатабыз аттиң!

Анын мамлекеттик ишмердигиндеги кеменгерлигин улуубуздан кичүүбүзгө чейин таасын тааный элекпиз али.

Ушул өксүктү толтуруу максатында белгилүү коомдук-мамлекеттик ишмер, мекенчил меценаттарыбыздын бири Аскар Салымбековдун фонду тарабынан Абдрахманов тууралуу жакында тартылган даректүү тасманын бет ачар аземи болуп өттү.

Тасмада анын мамлекет тагдыры үчүн башын канжыгага байланган тобокелдиги чагылдырылат. Ооба, тобокелчилдиги!

Большевиктик бийликтин адилетсиз саясатына жүрөгү түпөйүл Жусуптун акыркы сурактагы абалы, даректүү тасмада ошол сурак маалындагы кош сызык менен берилген документалдык фактыларды залдагы көрүүчү кандай эмоционалдык таасир менен кабыл аларын фильмдин режиссёру Эрнест Абдыжапаровдой ар бир эле режиссёр сезип, туймак эмес.

Адатта документалдык тил менен бирдеме жаратуу чыгармачыл адамды өтө оор мүшкүлгө салат. Себеби, кургак баяндоо менен чектелип калуу коркунучу маңдайыңда маталып турат. Буга келгенде Эрнест Абдыжапаровдун режиссёрдук туюму, чеберчилиги анын мурда тарткан чыгармаларына караганда кескин айырмаланып, залдагы көрүүчүгө мурда көндүм эмес чыгармачылык фокустар аркылуу Жусуп Абдрахмановдун чыныгы мамлекеттик ишмердигин таамай чагылдырган штрихтер менен ынандырат.

Тасманын башынан аягына чейинки өзөгү – большевиктик өктөм доордун адилетсиз саясаты; тунгуч мамлекетибиздин пайдубалын түптөөдөгү эң алгачкы мамлекеттик ишмердин эрк-кайратынын бекемдиги; сталиндик каар замандын сүрү; бүтүндөй советтик элди жапа-жабырга салган тарыхый доордогу катаал атмосферанын басымы астындагы чечимдери – фильмди жаратуучу Эрнест Абдыжапаров менен сценарий автору Бакыт Орунбеков тарабынан эң далилдүү архивдик документтер менен шайма-шай коштолуп, ийгиликтүү ишке ашканы кубандырды.

Көрүүчү катары, даректүү тасмага ылайык материалдарды кылдат тандап алуу түйшүгү тасманы жаратуучуларга оңойго турбаганын баамдадык.

Арийне, бүгүнкү күндө дал ушул толук метражда тартылган даректүү тасманын маани-маңызын бүтүндөй республика аймагына кеңири жайылтуу жараяны колго алынса дээр элек. Ар бирибиздин мекенчил сезимибизди ойгото турган дал ушундай хрестоматиялык эмгектерди жайылтуу менен Жусуп Абдрахмановдун дидарын толук тааныганыбызда гана мамлекеттик дөөлөт, улуттук иденттүүлүк боюнча түшүнүгүбүз бекем калыптанар эле.

Керек болсо ушул даректүү тасманы мектептеги жогорку класстын окуучулары менен жергиликтүү аткаминерлерден тартып, бийликтин жогорку бутагындагы чейин хрестоматиялык методика катары таанытуунун мааниси зор. Аныгында, биз бүгүн патриоттук жалган түшүнүк менен жашаган коомду куруп алганыбызды турмуш чындыгынан көрүп келатабыз го!

Ал эми Жусуп Абдрахмановдун өмүр таржымалын баяндаган бул тасма – өлкөбүз кадрлык кризиске батып турган заманда көбүнүн көңдөй көөдөнүн көсөп өтөр маяк, көңүл көөнөртө турган улуу сабак болор эле!

Олжобай Шакир, жазуучу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG