Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Кайдыгерлик үйдөгү зомбулукту күчөтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир жумада ур-токмоктон эки келин каза болду. Бир келинге ажырашып кеткен күйөөсү бензин чачып, өрт койду.

Кыргызстандын өкмөт башчысы соңку күндөрү ур-токмоктон каза болгон келиндердин окуясынан кийин үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жазаны күчөтүү керектиги тууралуу билдирүү таратты.

Ал ортодо Ички иштер министрлиги 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 5000ден ашуун факты катталганын маалымдады.

“Арай көз чарай” талкуубузда үй-бүлөдөгү зомбулуктун себептери, анын алдын алуу жолдору тууралуу кеп кылдык.

Талкууга эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Демократиялык процесстерди иликтөө борборунун адиси, үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча эксперт Гүлбарчын Жумабаева, “Жалпы кызыкчылыктарды көздөө” тынчтык куруу институтунун жетекчиси Кеңешбек Сайназаров катышты.

Жаңыл Алыбаева: - Изилдөөлөргө таянсак, үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылгандардын 95% аялдар. 2017-жылы үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы мыйзам кабыл алынган .

Ошол мыйзамды аткаруу үчүн бизге бир жылга 25 миллион сом керек. Анын 11 миллиону кризистик борборлорго, 13 миллиону зомбулуктан жабыр тарткандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн сарпталат. Андан сырткары 916 миң сомду зомбулук жасаган адамдарды түзөтүү программасына жумшоо пландалган.

Гүлбарчын Жумабаева: - Зомбулук, ур-токмоктон каза болгон келиндердин өлүмүнө биринчи кезекте айланасындагы адамдар ата-энеси, туугандары, кошуна-колоң жана коом күнөөлүү.

Бизде күйөөсүнөн кордук көрүп келген келинди биринчи кезекте өз ата-энеси, туугандары “кандай болсо да жаша” деп кабыл албайт, кайра кыйналып турган аялга психологиялык басым жасашат.

Коомдо “аял үй-бүлөлүү болушу керек” деген көз караш күчтүү. Соңку окуяларда да, туугандары мурда да ур-токмокко кабылганын айтып жатышпайбы. Эки учурда тең келиндер эч кимден жардам сураган эмес. Кыргыз коомунда аялга буюмдай мамиле кылышат.

Кеңешбек Сайназаров: - Көбүнчө биз натыйжаны айтып, эмне кылышыбыз керек деп эле талдап жатабыз. Чындыгында себебин аныктоо керек.

Алдын алуу жаатында иш алып барсак жакшы болот. Коркутуу, жазалоо менен абалды оңдоо кыйын. Андан көрө балдарды тарбиялап жатканда, үй-бүлө кураардын алдында туура багыт берүү зарыл. Бул башка өлкөлөрдө жакшы жыйынтыктарды берип жатат.

(Талкууну толугу менен бул шилтемеден көрө аласыз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG