Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Театрлар элдин талабын эске алат


Театр актерлору.
Театр актерлору.

Кыргызстандагы театрлар быйылкы сезонду жыйынтыктап, эс алууга кетти. Театр жетекчилери быйыл бир топ табылгалар, тенденциялар болгонун, ошону менен бирге көйгөйлөр да бар экенин белгилешти.

Башкы театрлар жүргүзгөн сурамжылоо учурунда көрүүчүлөр өспүрүм балдар үчүн спектаклдерди, комедия, драма жанрын жана классикалык драмаларды көрүүнү каалай турганын айтышкан.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисти Бактыбек Ыбыкеев 1-июлдан тартып эмгек өргүүсүнө чыкты. Ырчы эс алуу күндөрүндө айылдагы туугандарына бара турганын, Көлгө түшөрүн, кайра жумушка жаңы чыгармачылык шык менен келерин айтты.

Бактыбек Ыбыкеев.
Бактыбек Ыбыкеев.

«Буюрса 76-театралдык сезонубузду жаптык. Негизи артисттерге театралдык сезон ачылганда бир жолу майрам башталат, анан жабылганда бир чоң майрам, себеби «эс алууга кетип атабыз» деп сүйүнөбүз. Кудайга шүгүр, мен бул сезон аралыгында 5-6 спектаклде ойнодум. Жемиштүү эле болду. Андан сырткары концерттер болду, гастролго барып келдик. ШКУну өткөрдүк дегендей...» - деп кубанган Ыбыкеев опера ырчылары, актерлор негизинен жайкы эмгек өргүүсүн дайыма өз мекенинде өткөрө турганын кошумчалады.

Артисттин айтымында, Опера жана балет театрынын эмгек жамаатына жыл сайын Ысык-Көлгө жана Ысык-Ата курортуна кесиптик кошуундан эки гана жолдомо берилет. Ал кезек менен берилгендиктен артисттерге көбүнчө кышкысын туура келип калат.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театры быйыл театралдык сезонун сентябрь айында баштап, май аягында жапкан.

Мекеменин жетекчиси Асылбек Өзүбеков оюн-зоок коюп жаткан учурда театр ишмерлери көрүүчүлөрдөн келерки репертуар үчүн сурамжылоо жүргүзгөнүн кеп кылды:

Асылбек Өзүбеков.
Асылбек Өзүбеков.

«Биздин көрүүчүлөр көбүнчө драмалык маанайдагы, анан комедиялык жанрдагы спектаклдерди көрүүгө көбүрөөк басым жасашты. Бирок биз улуттук театр болгондон кийин өзүбүздүн да ички эрежелерибиз бар. Бизде сөзсүз түрдө дүйнөлүк, орус жана улуттук классикалар жүрүп турушу зарыл».

Өзүбеков аталган театрда жылына беш же алты жаңы спектакль даярдоо салт болуп калганын, акыркы жылдары талкуу учурунда эл анча жакшы кабыл албаган спектаклдер репертуардан кете баштаганын айтты. Ал көркөм кеңеш жана чыгармачыл жамаат коюла турган оюн-зооктордун тизмесин чоң талаш-тартыш менен бир ай мурда бекитүүгө өткөнүн кошумчалады.

Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Акимбек Текешов болсо быйыл бул маданий очок өзүнүн 84-театралдык сезонун жыйынтыктаганын айтты. Ал бул театр кийинки кезде өздөрүнүн көрүүчүлөрү кандай спектаклдерди көргүсү келерин изилдеп келерин ортого салды:

Акимбек Текешов.
Акимбек Текешов.

«Азыр дагы талдап көрдүк. Балдар үчүн спектаклдер жетишпейт экен. Өспүрүмдөр үчүн спектаклдерди коюш керек экен. Буга чейинкилерди жаңыртуу муктаждыгы пайда болуптур. Бул театрдын өзгөчөлүгү - буга кыргыз да, орус да, дунган да, корей да, татар да келет экен. Бишкекте өзүбүздүн көрүүчүлөрүбүз калыптанып калды. Ал бизди кубандырып жатат. Эми алардын талабын изилдеп жатабыз. Көрүүчүлөрүбүзгө «биздин сайтыбыз бар, эмнени көргүңөр келерин айткыла, жазгыла, кайсы авторду көргүңөр келет» деп иштеп жатабыз. Эмики сезондо ошол пикирлерди эске алабыз».

Анткен менен Текешов Орус улуттук драма театрынын имараты 46 жылдан бери каралбай келгенин, өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун ушул жылдын май айында маданий мекемелерге болгон сапарынан кийин театрды оңдоп-түзөөгө даярдык башталганын кошумчалады.

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры да ушул айдын акырында театралдык сезонун жабат. Иш учурунда аталган чыгармачыл топ бир нече эл аралык сынактарга катышып келди. Бул тууралуу театр жетекчиси Жолдошбек Жанжигитов маселе көтөрдү:

Жолдошбек Жанжигитов.
Жолдошбек Жанжигитов.

«Театрларыбызды коңшу мамлекеттердегидей заманбап реформа кылбасак болбойт. Биздин иштөө системабыз мурдагы боюнча эле калыптанган. Бул багытта мамлекеттик деңгээлде министрликтер кийлигишип бирге иш алып барбаса, биз азыр көп жагынан артта калып жатабыз. Мына, мисалы кечээ жакында эле үч фестивалга: Башкырстанга, Казанга, Нур-Султанга барып келдик. Биз ал жактагыларга салыштырмалуу материалдык жаткан, чыгармачылык жактан бир топ эле артта калганыбыз билинди».

Анын айтымында учурда өзү жетектеген Жаш көрүүчүлөр театры чыгармачылык жактан ийгиликтерге умтулуп, эл аралык театр фестивалдарына катышып жатканы менен материалдык жактан таптакыр аксап, талкаланган имаратта, эл кыдырганга машинеси жок, «өгүз өлбө, араба сынба» абалында жашап келатат.

Учурда Кыргызстанда 18 мамлекеттик, ондон ашык жеке менчик театр бар экени, алардын жарымы гана иштеп жатканы айтылып жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG