Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Талас: эне-баланы эрегиштирген мүлк


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта 80 жаштан ашкан байбиче бакма кызына белекке берген үйүн сот аркылуу кайтарып алуу максаты ишке ашпай, арызы соттон сотко өтүп келатат.

Таластын Манас районундагы Жайылган айылынын тургуну Минаш Жолдошева багып алган кызы Сүйүн Жолдошева менен үй талашып, 2018-жылдын сентябрь айынан бери соттошуп келатат.

82 жаштагы байбиче кызын “үйүмдү тартып алды” деп айыптоодо. Буга чейин туугандарынын үйүндө баш калкалап жүргөн Минаш Жолдошева учурда райондук ооруканалардын биринде дарыланууда.

Минаш Жолдошева.
Минаш Жолдошева.

"Үйүмө киргизбейт. Бир жаздык ала албай жатам. Үстүмдөгү кийимимди да бербей жатат. Кары адамды да ушинтеби? Ошон үчүн Кыргызстанда карылар үйү көбөйүп жатат да.

Өзү балалуу боло албаган Минаш Жолдошева кезинде бир уул, бир кызды багып алат. Балдары үй-жай күткөн соң бөлүнүп кетишкен. Минаш Жолдошеванын айтымында, багаар-көрөөрү жок калганда кызы багам деп анын үйүнө көчүп келген. Жолдошева кызы турак жайдын документин өзүнө жаздырып берүүнү суранганын айтты.

- “Апа, мен сизди багам, балаң бөлүнүп кете берсин” деп келди. Болгону мен келишимге кол коюп берип, “ушул акыры мени багат” дедим. “Мен өз энемди кантип бакпай коймок элем?” деп кол койдуруп алды. Анан өнөрү чыкты. Күйөөсү да, өзү да мени адам ордуна көрбөйт. Мен ошого ачууланып, кызымды сотко бердим. Үйүмдү кайтарып алышым керек. Эмне үчүн мен ушунча кор болом?

Минаш Жолдошева үйүн кайтарып алуу үчүн турак жайды белекке берүү келишимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Манас райондук сотуна кайрылган. Арыздын негизинде райондук сот энесинин кызыкчылыгына, андан кийин облустук сот кызынын кызыкчылыгына чечип берген.

Талас облустук сотунун басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Эрбол Балыбаев турак жай Таластагы банктардын биринде күрөөдө тургандыктан ушундай эки ача чечим чыкканын айтты:

Талас облустук соту.
Талас облустук соту.

- Манас райондук сотунун чечимине карата үчүнчү жак, банктын өкүлү апелляциялык тартипте даттануу келтирген. 2019-жылдын 10-январында соттук коллегиянын чечиминин негизинде Манас райондук сотунун чечими жокко чыгарылып, Минаш Жолдошеванын доо арызы канааттандырылган эмес. Бул үй банкта күрөөдө турат экен.

Талашка түшүп жаткан үйдү Сүйүн Жолдошева 250 миң сомдук насыя үчүн күрөөгө койгонун бышыктады.

Сүйүн Жолдошеванын айтымында, апасы суранып отуруп үйүнө көчүрүп келген. Ал эми энеси туугандарыныкына өзү кеткен бойдон кайра үйүнө кайткан эмес. Ошондуктан Сүйүн Жолдошева талаш жараткан үйгө атасынын туугандары ээлик кылууга кызыкдар деп эсептейт:

- Булар мени мыйзамга такап, бул кемпирди ортого алып жатышат. “Сен бул үйгө ээ болбошуң керек” деп эптеп тамды алыш керек болуп жатат. Кемпирде күнөө деле жок. Мени багып алышса эле көчөдө калышым керекпи? Апам эки жыл жалгыз калганда туугандарынан бирөө да караган эмес. Мен: “апа, макул, мени күнөөлөп жатышат. Бирок экөөбүздүн эч чатагыбыз жок” деп кошуна-колоңду, айыл башчыны ээрчитип келип, кечирим сурадым. Мага жолотпой коюшту. Эки жыл жалгыз жашаганда да ушул кемпирди мен карап келдим да. “Үйдө жалгыз калдым, өзүң көчүп келбесең болбойт” деп мени мажбурлап көчүрүп келген.

Минаш Жолдошеванын ишенимдүү адамы Дөнөнбай Сейтикулов 15-мартта Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылганы маалым болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG