Андан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору айтылды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү парламенттин тиешелүү комитетинде маалымат берди.
Алмашылчу эки жер анык болду
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 21-январда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери, чек арадагы акыркы окуялар боюнча өкмөттүн маалыматын укту.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун сөзүнө караганда, адистер кыргыз-тажик чек арасы боюнча 134 топографиялык карта даярдашты. Ал эми чек ара маселеси боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтор 120 чакырымдан ашык жерди жөө басып чыгып, изилдөө иштерин өткөрүштү. Анын жыйынтыгында 114 чакырым жер бардык карталар боюнча туура келери аныкталды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялардан кийин эки тарап айрым аймактардагы маселени жер алмашуу менен чечүүнү макулдашып, алмашылчу жерлерди изилдөөгө киришкен. Разаков азыркы тапта тараптар эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгенин жарыялады.
- Эки участокту алмашуу боюнча алар тараптан да, биз тараптан да макулдук бар. Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Арык-Асты жана Самаркандек айылындагы Самаркандек участкасын алмашуу сүйлөшүлгөн, - деди Разаков.
Тажикстан тарап бул эки жердин ордуна кайсы жерлерин берери азырынча белгисиз. Кыргыз тарап да аны ачык айткан жок, Тажикстандан 3-4 сунуш түшкөнү анык болду. Жеңиш Разаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып жер алмашуунун айрым жол-жоболорун түшүндүрдү. Ага ылайык Кыргызстан Тажикстанга канча жер берсе, тажик тараптан да ошол эле өлчөмдөгү жер алынат.
Кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу эки өлкөнүн чек ара маселелери боюнча жумушчу топтору 22-январда Бишкекте жолугушат. Анда дал ушул жер алмашуу күн тартибиндеги негизги маселе болору белгилүү болду. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев өкмөттү жер алмашуу боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүүгө чакырды:
- Алмашылчу жерлерди элге жакшы түшүндүрүш керек. Топографиялык картаны көрсөтүп коюп эле «ушул жерди алмаштык» деп койсок болбойт. Кол коюп салгандан кийин эл урушуп турса дагы маселе жаралат. Ошондуктан чек ара маселеси боюнча жумушчу топ Көк-Таш, Самаркандек, Ак-Сай айылдарына барып алмашылчу жерлер боюнча элге маалымат бериши керек.
ИИМ Тажикстандын алты жаранын издеп жатат
Андан тышкары депутаттар 11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылында «чек арада чагымчылдык кылды» деген шек менен кармалган кыргызстандыктарды коё берүүнү сунуш кылышты.
Көк-Ташта 11-январда «Массалык башаламандык», «Ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү» беренелери боюнча шектүү катары төрт киши кармалып, кийин экөө үй камагына чыккан. Бишкекте жана Баткенде аларды бошотууну талап кылган митингдер өткөн.
Депутат Карамат Орозова Кыргызстандын күч түзүмдөрү чек арада жашаган жарандарды коргоонун ордуна аларды камап, басым кылып жатканын айтып, милицияны сынга алды:
- Силер муну менен биздин элди кошуна мамлекеттин алдында алсыз кылып, жер каратып жатасыңар. Элди коркутуп-үркүтүүдөн алыс болгула. Элге тескерисинче түшүндүрүш керек жана алардын коопсуздугун карап бергиле. Силер коргобосоңор аларды ким коргойт? Же эмне, алар эки жактан тең тепки жей береби? Ансыз да үйүндө ээн-эркин жата албайт. Ошондуктан биз укук коргоо органдарынын ишине баа беришибиз керек. Булар атып салса, камап койсо деле унчукпай отура беребизби?
Ал эми ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов ошол эле кезде Тажикстандын күч түзүмдөрү да кыргызстандыктардын эки автоунаасын талкалап, үйдү өрттөөгө аракет кылган тажик жарандарын издеп жатканы тууралуу маалымат бергенин айтты.
Жыйында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы кылмыштарга тиешеси бар деген шек менен Тажикстандын алты жаранына Кыргызстанда издөө жарыялаганы белгилүү болду.
- Чек арадагы кылмыштар боюнча Тажикстандын алты жаранына издөө жарыяланган. Алар кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени аныкталган эмес. Болгону чек арага жакын жерде жашаган адамдар. Алар чек арадагы чыр-чатактарга катышкан, - деди Каниметов.
«Чек арада аткезчилик бар»
Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде кыргыз-тажик чек арасындагы аткезчилик маселеси да козголду. Эл өкүлдөрү чек ара боюнча көзгө көрүнөөрлүк жылыш болбой жатышын контрабанда менен байланыштырып, аткезчиликти тыюуга чакырышты.
- Жеңиш Парпиевич, сиз «контрабанда боюнча сүйлөшүп жатабыз» деп айткансыз. Эмне аткезчилер менен сүйлөшүп жатасыңарбы? Чек ара кызматы, контрабанда барбы-жокпу? Ушуну ачык айткылачы. Мына «Тажикстанга күнүгө 1500 тоннага чейин жүк өтөт» деген маалымат айтылды. Муну ким калкалайт? Силер ушуга уруксат берип жатасыңарбы же силер да кызыкчылыгыңар барбы? - деп суроо берди депутат Абдывахап Нурбаев.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев бул боюнча төмөнкү маалыматтарды берди.
- Чек арада контрабанда жок дебейбиз. Бар. Аткезчилик болгондуктан 2019-жылы 50 факт катталып, 38 млн. сомдон ашык контрабанда кармалган. Бирок 1500 тонна жүк өтөт дегенге кошулбайм. Анткени Сүлүктүнүн көмүрү «Кайрагач» көзөмөл өткөрүү жайынан өтөт. Бул мыйзамдуу. Ал эми өткөрмө жайдан тышкары өтүп жаткандарды кармап жатабыз.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек. 10-11-январдагы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы акыркы чек ара чырынан кийин эки тарап жолугуп чек ара маселесин чечүү боюнча алты пункттан турган протоколго кол коюшкан.