Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:11

«Диний лидерлер мекенчил болушу керек»


Аянттагы айт намаз. 2015-жыл. Бишкек.
Аянттагы айт намаз. 2015-жыл. Бишкек.

Жалпы билим берүүчү мектептерге жаңы окуу жылынан баштап киргизиле турган «Дүйнөлүк диндердин маданияты» сабагына окуу куралдарынын, мугалимдердин сандык жана сапаттык курамы жетишеби?

«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында Кыргызстандагы диний билим берүү системасынын күңгөй-тескейин талкууладык. Аны жөнгө салуунун тартиби менен өлкө жарандарынын дин жаатындагы билимин жогорулатуу маселелери жөнүндө сөз кылдык.

Жалпы билим берүүчү мектептерге жаңы окуу жылынан баштап киргизиле турган «Дүйнөлүк диндердин маданияты» сабагына окуу куралдары, мугалимдердин сандык жана сапаттык курамы жетишеби деген суроого да жооп издедик.

Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов менен тарых илимдеринин доктору, профессор Назира Курбанова талкуулашты.

Назира Курбанова жана Канатбек Мурзахалилов.
Назира Курбанова жана Канатбек Мурзахалилов.

Канатбек Мурзахалилов: - Диний билим берүү системасы диний окуу жайларында - түрдүү диний багыттардын атайын мектептеринде, медреселерде, теологиялык коллеждерде, андан кийин жеке адамдардан окуп үйрөнүү, чет өлкөлөрдөн жана мамлекеттик жогорку окуу жайларында билим алуу деп шарттуу түрдө төрт типке бөлүнүп калды. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө диний билим берүүнүн белгилүү системасы жок. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун кандай жолдору бар?

Назира Курбанова: - Биринчиден, мен «диний билим берүүнүн белгилүү системасы жок, ал башаламан жүрүп жатат» деген сиздин пикириңизге кошула албайм. Аны 1990-2000-жылдары айтсак болот эле. Азыркы күндө муфтият өзү деле диний билим берүүнү кандайдыр бир системага келтирди. Жогорку окуу жайлары – ислам институттары, университет, андан кийин медреселер системасын калыптандырышты. Бул багытта кандайдыр бир деңгээлде иштер жасалып жатат.

2014-жылдан тарта мамлекет диний чөйрөгө жакшы көңүл бура баштады, укуктук база түзүлгөн. Жаңы жоболор иштелип чыкты. Мамлекет бул чөйрөнү системага келтирүүгө аракет кылып жатат. Диний окуу жайлары бизде аябай көп. Учурдагы эң негизги маселе - сандан сапатка өтүү. Кошуна өлкөлөр диний чөйрөнү 1990-жылдардан баштап эле көзөмөлгө алган. Ошол эле Казакстанда онго жакын медресе, бир эле университет бар. Өзбекстанда да абал ушундай. Түркмөнстанда бир да диний окуу жайы жок. Жалгыз гана теологиялык факультет бар.

Кыргызстанга келсек, эгемендик алганга чейин бир да диний окуу жайы, эч кандай тажрыйба да болгон эмес. Аалымдарыбыз Ташкентеги Ислам институтунда же Бухарадагы «Мир Араб» медресесинде билим алышкан. Бизде болгону «үжүрө» тибинде, жеке үйлөрдө окутушкан. Бул көрүнүш бизде жаңы болуп саналгандыктан, маселе арбын. Мисалы, бизде 114 диний окуу жай бар. Кечээ эле бирөө жабылганын айтышты.

Кичинекей Кыргызстан үчүн сапаты талапка жооп бербеген ушунча окуу жайы керекпи? Менимче, аларды ирилештирип, ар бир облусту бирден жакшы окуу базасы, билимдүү мугалимдери бар диний окуу жайлары менен камсыздасак, анда мамлекет менен диндин ортосундагы мамилени жакшыртууга өбөлгө түзүлмөк.

Канатбек Мурзахалилов: - Өлкөбүз эгемендик алгандан бери 30 жылга жакын убакыт өтүп кетти. Биз дайыма эле «убакыт жетпей жатат» деп айтып жатабыз. Жогоруда «жаңы жоболорду иштеп чыктык» деп жатасыз. Дин иштери боюнча комиссия бир жыл мурда «Кыргызстандагы диний билим берүүнү жөнгө салуунун тартиби жөнүндө» деп аталган атайын жобону иштеп чыкты. Ал көптөгөн талкуулардан өтүп, өкмөттүн кароосуна киргизилди. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул жобонун тагыдыры белгисиз. Анын себеби эмнеде деп ойлойсуз? Диний билим берүү системасын жөнгө салууну мамлекет каалабай жатабы?

Назира Курбанова: - Биринчиден, абдан чоң жумуш аткарылды. Жобо азыркы күндө өкмөттө жатат. Бул жерде эң негизги маселе эмнеде? Жобонун алкагында диний билим берүү мекемелери Билим берүү жана илим министрлигинен лицензиядан өтүшү керек. Бирок министрлик мындай кадамдарга даярбы? Ал жерде тийиштүү адистер барбы? Ал жерде ким эксперт болуп бере алат? Бул чоң маселе.

Экинчиден, биз диний билим менен дүйнөбий билим интеграция болсун деп жатабыз. Мамлекеттин сунушу боюнча сабактардын тең жарымы дүйнөбий предметтерден турушу керек экендиги айтылып жатат. Буга кеткен каражатты ким төлөйт? Азыркы кезде диний окуу жайлары менчик экенин билебиз. Экинчиден, аларда деле каражат көп эмес. Каражат болсо да алар жалаң гана диний билим берүүгө жумшалат. Бул жерде талаштуу маселе бар. Мисалы, диний кызматкерлер, муфтияттагылар 70% диний сабактар, 30% дүйнөбий сабактар болсун деп талап кылып жатышат.

XIX кылымда кыргыз элитасы окуган жадид мектептеринде 7-8 сабагы эле диний, ал эми 20дан ашык сабактары дүйнөбий предметтерден турган. Ошол эле Уфадагы «Медресе - и Галияда». Биз анын окуу пландарын караганбыз. Орусияны алсак, ал жакта диний окуу жайларына мажбурлоо менен дүйнөбий сабактар киргизилген. Бирок дүйнөбий сабактарды президенттик админстрация, Тышкы иштер министрлиги колдогон «Ислам маданиятын, илим жана билим берүүсүн колдоо фонду» каржылайт. Бүгүнкү күндө республикада Ислам университети Билим берүү жана илим министрлигинен лицензия алды. Натыйжасы жакшы эле болуп жатат деп ойлойм.

Канатбек Мурзахалилов: - Учурда диний билим берүүнү медреселерге эле байлап, маселенин тамырын жалаң гана ислам багытындагы билим берүү мекемелеринен издеп калдык. Бирок өлкөдө христиан динине таандык ар кандай мектептер, теологиялык коллеждер, университеттер, диний семинариялар да иш жүргүзүп жатышат. Медресе, ислам багытындагы диний окуу жайлары эле дей бербестен маселени комплекстүү карап, христиан багытындагы диний окуу жайларынын тажрыйбасын, моделин, билим берүү ыкмаларын карап чыгып, орток бир пикирге келүүгө болобу?

Назира Курбанова: - Орус православ чиркөөсүнүн мисалын эле карап көрөлү. Алардын башкаруу түзүмү Кыргызстанда эмес. Окуу жайлары Орусияда бар. Өздөрүнө керектүү адистерин ошол жактан даярдап алышат. Алар көп жыл мурда эле жалпы билим берүүчү христиан мектептерин ачышкан.

Мисалы, биз Оштогу «Светоч» жекшембилик - чиркөө мектебине барганда таң калган жерибиз: жергиликтүү эл – өзбектер, кыргыздар деле балдарын ушул мектепке беришет экен. Себеби, ал жерде кадимки мектеп программасы окутулат экен. Бир-эки диний сабак киргизилген. Лицензия берүү жаатында мамлекет койгон талаптарды аткарышып, уруксат алып канча жылдан бери эч кандай кыйынчылыгы жок эле иш жүргүзүп келатышат.

Экинчиден, канча жылдан бери эле биз жалаң гана ислам окуу жайлары боюнча айтып жатабыз. «Калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн жарандарыбыздын катмары кимдер? Булар мусулмандар. 85-90% ошолор түзөт» деп айтылып эле жатат. Албетте, ислам чөйрөсүндөгү маселе мамлекет үчүн аябай маанилүү. Ошондуктан бул маселени чечүүнү ыңгайлуу, жакшы жолго коюш керек.

Канатбек Мурзахалилов: - «Диний сабат ачылбаган жерде өлкө бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаралат» деп талдоочулар айтып жүрүшөт. Дүйнөлүк алкактагы жалпы эле динге байланышкан тенденцияларды, айрыкча радикализм трендин эсепке алганда өлкө жарандарынын дин жаатындагы билимин көтөрүү - мезгилдин талабы. Бул чакырыкка диний уюмдар, айрыкча сиз айткан мусулмандардын башын бириктирген муфтият, тийиштүү министрликтер жана мекемелер жооп берип жатышабы?

Диний лидерлер мекенчил болушу керек. Алар бөлүнбөстөн биригип, тил табышууга тийиш.
Назира Курбанова.


Назира Курбанова: - Эксперттердин маалыматы боюнча, адамдын диний билими канчалык жогору болсо, ал экстремисттик көз карашты четке кагып, аларга кошулбайт. Азыркы кезде биздин коом, чөйрө дагы бир нерсени жакшы түшүнүшүбүз керек. Өзүңүз көрүп жатасыз, дүйнөбий көз караштагы адамдар исламдашуу жараянына каршы болуп жатышат. Ошол эле учурда мусулман чөйрөсү «исламды бардык мектептерге киргизип, башка диндерди окутпаш керек» деп айтышат.

Башкача айтканда, карама-каршы пикирлер аябай көп. Бул маселени биз кантип чечебиз? Маселе жарандык иденттүүлүктүн алкагында жаралып жатат. Себеби диний иденттүүлүк коомду дайыма «меники - сеники» деп бөлөт. Кыргызстанда диний уюмдардын үч миңден ашуун сыйынуу мекемелери бар. Аларга табынуу үчүн келген жарандардын ар биринин өз позициясы бар. Бул мекемелердин башында турган диний лидерлер мекенчил болушу керек. Алар бөлүнбөстөн биригип, тил табышууга тийиш.

Канатбек Мурзахалилов: - Эки жылдан бери Кыргызстандын жалпы билим берүүчү 50дөн ашуун мектептеринде «Дүйнөлүк диндердин маданияты» предмети пилоттук негизде окуу программасына киргизилип, сабактар окутулуп жатат. Быйылкы жылдын сентябрь айынан баштап аталган предметти бардык мектептерге киргизүү пландалды. Бул сабакты өтүү үчүн мектептерде тийиштүү окуу куралдары, мугалимдердин сандык жана сапаттык курамы жетиштүүбү?

Назира Курбанова: - Үч жылдан бери бул багытта сыноо иретинде долбоор ишке ашырылууда. Быйылкы окуу жылында бул сабак 56 мектепте окутулуп жатат. Кыйынчылык жок, маселе чечилди деп айта албайм. Китеп деле жазылган, окуу-усулдук программалар таратылган.

Бирок чоң маселе эмнеде турат? Ушул сабакты бере турган мугалимдерди даярдоо тууралуу ойлонгон эмес экенбиз. Азыркы күндө тарыхчыларга бул сабакты өтүүнү тапшырып койгонбуз. Сиз билесиз, дин өтө кылдат, сылык мамилени талап кылган маселе. Бул мамилени түшүнүп, балага жеткириш үчүн жакшы билим болбосо, ал аябай татаал. Анын үстүнө динчилдик жараяны Кыргызстанда аябай динамикалуу түрдө жүрүп жатат. Мугалимдер да диндин негизинде көп кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Мисалы, окуу программалардын негизинде университеттерде дин таануучуларды даярдаш үчүн 7200 саат өтүш керек экен. Ошондо гана алар адис болуп чыгышат. Ал эми биз тарых мугалимдерине үч жолудан тогуз күн 50-60 сааттан семинарларды өткөрдүк. Бул жетпейт да!

Канатбек Мурзахалилов: - Бул предметтин бардык мектептерге киргизилишине сегиз ай калды. Сегиз айдын ичинде эки миңден ашык мектепке бул сабакты киргизүүгө жетише алабызбы? Мугалимдердин билим деңгээли талапка жооп бербей турганы айтылып жатат. «Тиешелүү чечим кабыл алынды, окуу куралдары жазылды» деп айттыңыз. Бирок мугалимдердин деңгээли жетишпесе, алар балдарга эмнени айтып беришет?

Назира Курбанова: - Тарыхчылар бул сабакка аябай жакын. Себеби, бизде тарыхты, ар бир өлкөнүн тарыхын окутканда дин маданияты феномен катары каралып, окутулат. Ошондуктан бул тарыхчылар үчүн жаңылык эмес. Азыркы күндө жазылган китеп боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Кыргыз билим берүү академиясы, Дин иштери боюнча комиссия, эксперттер, мугалимдер, дин таануучулар өз пикирлерин айтышты. Азыркы күндө биз бул китептин үстүнөн иштеп жатабыз. Китептин өзгөчөлүгү Кыргызстандын шартына ылайыкталган. Эң негизгиси - руханий тарбия берүүгө көңүл бурулган.

Канатбек Мурзахалилов: - Сиздердин авторлугуңуздар менен даярдалган «Дүйнөлүк диндердин тарыхы» аттуу окуу куралы жөнүндө сөз кылып жатасыз да?

Назира Курбанова: - Ооба, автордук топ – эксперттер, дин таануучулар, практиктер ишке тартылган. Албетте, китеп - бул багыттагы алгачкы эмгек. «Бышкан ашка сынчы көп» деп айтылгандай, китеп боюнча сын пикирлер абдан көп түштү. Бул абдан жакшы. Себеби азыркы күндө окуу китептерине байланышкан кандай кыйынчылыктар болуп жатканын көрүп жатабыз. Учурда автордук топ китептин үстүнөн иштеп жатат. Бүтөйүн деп калды. Эл аралык уюмдардын жардамы менен бул китепке мобилдик тиркеме иштелип чыкты.

Мындан тышкары Кыргыз-Орус (Славян) университетинде электрондук китеп жазылып жатат. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мугалимдер жамааты да Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун жардамы менен мугалимдерге колдонмо катары «Ислам Кыргызстанда: кечээ, бүгүн» жана «Кыргызстандагы христианчылык» деген эки китепти жазып чыктык. Бул мугалимдер үчүн чоң жардам болот деп ойлойм.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG