Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Таалатбек Масадыков


Дипломат, БУУнун мурдагы кызматкери, 56 жашта.

Масадыков – Кыргызстандын саясий талаасына жаңы чыккан ишмер. Өлкө сыртында бир топ жыл эл аралык кызматтарды аркалап жүрүп, соңку маалда эле кайтып келген.

Масадыков өз алдынча саясий фигура, өлкөдөгү саясатчылар менен саясий топтор менен байланыштарын айтуу кыйын. Кыргызстан парламенттик системага даяр эмес, андыктан мажоритардык системага кайтып келүү керек деген көз карашты билдирип келет. Ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасында люстрация жасоону туура көрөт.

Масадыков: Президенттикке баруу ниетимди четке какпайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:04 0:00

Масадыков 1961-жылы Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылында төрөлгөн. 1984-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн, эл аралык байланыштар боюнча адис. 1984-1986-жылдары СССР Коргоо министрлигине караштуу Москвадагы аскердик институтта окутуучу болгон. Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Азия жага Африка өлкөлөрү институтунда кандидаттык диссертациясын жактаган.

1987-жылы Ооганстанда котормочу, уруулар маселеси боюнча адис болуп эмгектенген.

1992-1994-жылдары ишкердик менен алектене баштаган. Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик кызматта иштейт. Чет элдик инвестицияларды жана экономикалык жардамдашуу боюнча мамлекеттик комитеттин директорунун орун басары болуп иштеп, андан соң Кыргызстандын эл аралык университетине которулат. Ошол эле учурда Борбор Азиядагы Америка университетинде лекция окуйт.

2000-жылы Лондондогу экономика жана саясий илимдер мектебине тапшырып, билим алат. Эки жылдан кийин аны Улуттар Уюмунун Саясий маселелер боюнча департаментине чакырылган. Андан кийинки 13 жыл бою Ооганстан, Пакистан, Иран боюнча иштеп, 2014-жылдын аягында мекенине кайтып келген.

Фейсбукту активдүү колдонот. "Татаалды жөнөкөйлөштүрүү" деген видео серияларында эл аралык маселелерден тарта Кыргызстандын өнүгүүсү, адамдын руханий баалуулуктарына чейин ойлорун ортого салат.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча Масадыков Кыргызстандын социалисттик партиясынын жетекчиси.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG