Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Зеленский Европа өлкөлөрүн кыдырып, Жеңиш планын талкуулоодо


Эммануэл Макрон жана Владимир Зеленский.
Эммануэл Макрон жана Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленскийдин бир катар Европа мамлекеттерине иш сапары уланууда. Жолугушууларда фронттогу абал, Украинанын коопсуздук маселелери талкууланып жатат.

10-октябрда ал Парижде Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен кезигип, Украинанын Орусияга каршы согушундагы Жеңиш планын тапшырып, анын пункттарын жана жалпы стратегиясын, согуш талаасындагы абалды, биргелешип курал-жарак өндүрүү маселелерин талкуулаганын билдирди.

Украин президенти өнөктөштөр менен согушту токтотуу шарттарын эмес, жеңишке жетишүү формуласын жана планын талкуулап жүргөнүн белгиледи. Бир күн мурда италиялык Corriere della Sera басылмасы Киев эгер Батыш коопсуздук жагынан кепилдик болуп бере алса, фронттогу азыркы чек арадан атышууну токтотууга даяр экенин жазган.

Ошол эле күнү Лондондо Зеленскийдин Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана НАТОнун жаңы башкы катчысы Марк Рютте менен жолугушуусу өткөн. Анда да украин тарап Орусияны канткенде жеңе алары тууралуу планын сунуштап, талкуулады. Журналисттердин Украинага Батыш берген курал-жарак менен Орусиянын аймагына атууга укуксат берүү маселеси боюнча суроосуна жооп берип жатып Рютте буга эч кандай юридикалык тоскоолдук жок экенин, бирок чечимди ар бир өлкө өз алдынча кабыл алышы керектигин айтты

Зеленский бул сапары учурунда Римге барып Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони менен, 11-октябрда Ватиканда Рим Папасы Франциск, ошол эле күнү Германияда немис канцлери Олаф Шольц менен жолугушат.

Украин лидеринин бул жолугушуулары өлкө күн сайын Орусиянын ракета жана дрон чабуулдарына кабылып, чыгыш тарапта орус аскерлери улам алдыга жылып жаткан кезде өтүүдө.

Апта соңунда АКШ президенти Жо Байден Германияга барып, Украинага аскердик колдоо көрсөтүп жаткан өлкөлөрдүн «Рамштайн» форматындагы кезектеги саммитине катышмак. Бирок «Милтон» бороонуна байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам ал сапарын токтотуп, саммит өтпөй турганы жарыяланган.

Ошондон улам Зеленскийдин басма сөз кызматы ал негизги өнөктөштөр менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн билдирген.

Киев АКШдагы президенттик шайлоо алдында аскердик жана каржылык жардамдан болушунча көбүрөөк алып жетишүүгө аракет кылууда. Кошмо Штаттар Украинанын Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы согушунда негизги тарапташы жана колдоочусу болуп келе жатат. Эгер шайлоодо мурдагы президент Дональд Трамп утса Вашингтондун колдоосу уланышынан күмөн жаралышы ыктымал деген кооптонуу айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG