Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

“Кыргызкөмүрдүн” директорунун орун басары текшерүүдөн кийин кызматтан алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министрлиги “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун Инвестициялык ишти жана ишкананын “Түштүк” филиалын тескеген орун басары Сүйүнбек Мамашев жана ишкананын “Түштүк” филиалынын директору Муктарбек Жолдошов кызматтан алынганын билдирди.

Министрлик “Кыргызкөмүрдө” жүргүзүлгөн текшерүүдө инвесторлор менен иштөөнү көзөмөлдөө жаатында мыйзам бузуу фактылары аныкталганын жана тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына берилгенин кошумчалады.

10-октябрда Башкы прокуратура Ош облусунун Алай районунда көмүр кенине баруу үчүн мыйзамсыз жол салуудан 9 миң куб метрден көп мөңгү талкаланганын жана бул факты боюнча кылмыш иши колгонун кабарлаган.

Мекеменин маалыматы боюнча, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Түштүк” филиалынын кызмат адамдары көмүр кенине барууга жол куруу үчүн уруксат берүүчү документтери жок эле “С” аталышындагы ишкананын өкүлдөрү менен Ош токой чарбасынын Загара-2 участкасында узундугу 6100 метр, туурасы 9 метр болгон жолду мыйзамсыз салганы аныкталган. Анын жыйынтыгында 9 392 куб метр мөңгү талкаланып, жер кыртышы бузулган.

Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу” беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жумуштан алынган кызматкерлери окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG