Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотулду


Замирбек Базарбеков
Замирбек Базарбеков

Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 11-октябрда билдирди.

Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы 9-октябрда белгилүү болгон. Ушул эле күнү Судьялар кеңеши анын арызын канаттандырып, Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту Садыр Жапаровго жөнөткөн.

Жогорку Кеңеш 10-октябрда Замирбек Базарбековду кызматынан бошотууну колдогон. Бул кызматка ким көрсөтүлөрү азырынча белгисиз.

67 жаштагы Замирбек Базарбеков 2022-жылы февраль айында Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып, 2021-жылы июнь айында Жогорку соттун судьясы кызматына келген.

Замирбек Базарбеков 2016-жылдан кийин азыркы президент Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн тушта анын адвокаты болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG