Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

COVID-19: Экинчи премьер-министр сурак берди


Кубатбек Боронов (тумакчан) суракка кирип бараткан учуру. 12-январь, 2021-жыл.
Кубатбек Боронов (тумакчан) суракка кирип бараткан учуру. 12-январь, 2021-жыл.

Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов 12-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак берип чыкты.

Ал Финансы полициясына Кыргызстанда коронавирус күчөп турган убактагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары чакыртылган. Мекеменин тергөөчүлөрү мурдагы өкмөт башчыны беш сааттан ашык суракка алышты.

Кубатбек Боронов Финансы полициясынын имаратынан чыгып бара жатып журналисттердин суроосуна кыскача жооп берди:

«Пандемия боюнча жалпы тактай турган суроолору бар экен. Келген гуманитардык жардам, алардын бөлүштүрүлүшү боюнча сүйлөштүк. Бул иштин ичиндеги негизги маселелерди айта албайм. Анткени тергөөнүн маалыматтарын ачык айтпайм деп тилкат бердим. Негизи пандемия күчөп турган кезде өкмөт жакшы иштеген. Эми дагы суракка чакыртылбайм деп үмүттөнөм».

Кубатбек Боронов 2020-жылы 17-июнда өкмөт башчы болуп шайланып, Сооронбай Жээнбековдун бийлиги алмашканга чейин аткаруу бийлигин башкарып турган. Ал өкмөттү жетектей баштагандан кийин Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаал курчуп, жай мезгилинде бул илдеттен каза болгондор көбөйгөн болчу.

Мурдагы премьер-министр Боронов сурак берүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Коронавирус пандемиясынын кесепети менен күрөшүүгө жана бюджетти колдоо максатында Кыргызстанга эл аралык донорлордон 774 млн. 432 795 доллар берилери кабарланган. Мунун ичинен 177 млн. 049 миң доллар грант, калганы насыя. Өкмөттүк аппараттын маалыматына караганда, жалпы жардамдын ичинен жыл аягына чейин 346 млн. 826 269 доллары алынган. Бирок келген каражаттардын максатсыз пайдаланылганы азыркыга чейин айтылып келет.

Финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев пандемия учурунда өкмөттү жетектеген, чоң кызматта турган адамдардын бардыгы жоопкерчиликке тартыла турганын айтып жатат:

Сыймык Жапыкеев.
Сыймык Жапыкеев.

«Пандемия учурунда көп киши каза болду. Буга жооп бериш керек да. Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов, Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы эки саламаттык сактоо министри, экономика министри да жооп берет. Кимдин тиешеси болсо, ошолордун баарын чакыртабыз. Керек болсо камалышат. Биз бул ишти аягына чыгарабыз. Азыркы маалда тергөө медициналык каражаттарды, техникаларды кымбат сатып алуу боюнча териштирип жатат. Келген акчанын бир бөлүгү маяналарга берилип кеткен экен».

Сыймык Жапыкеев атын атаган мурдагы кызмат адамдарынын бардыгы суракка чакыртылган. Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «коррупция жана фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон» деп козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берген. Өмүрбекова кылмыштуу иштерге такыр аралашпаганын билдирген болчу.

Ал эми мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 2020-жылдын сентябрында гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Космосбек Чолпонбаев - Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшкө байланыштуу камалган биринчи аткаминер.

Өкмөттү Кубатбек Бороновго чейин жетектеген Мухаммедкалый Абылгазиевге болсо өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Ал 12-январда суракка кирип бара жатып мындай деген эле:

«Азыркы бийликтеги адамдар тергөө адилеттүү боло турганын айтып жатышат. Мен азырынча ишенип турам. Ошон үчүн менде качайын, өз элимден, жеримден кетейин ой жок. Мен өкмөттү жетектеп турганда эч кандай мыйзам бузган эмесмин. Андыктан бардык суроолорго жооп бергенге даярмын».

Абылгазиев Финполго сурак бергени кирип кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

Финпол тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Газел Соболь» үлгүсүндөгү 10, «Форд Транзит» үлгүсүндөгү үч «Тез жардам» автоунаасы жалпысынан 1 млн. долларга өз наркынан кымбат баада сатылып алынганын билдирип, мамлекет ири өлчөмдө зыян тартканын маалымдаган. Финансы полициясы козголгон кылмыш иштеринин чоо-жайын толук айта элек. Буга анын өкүлдөрү тергөөнүн купуя сырын жүйө катары келтирип жатышат.

Ал арада пандемия учурундагы өкмөттүн ишине баа берүү максатында жумушчу комиссия да түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева көзөмөлдөп жатат. Комиссиянын жыйынтыгы жакын арада чыгышы керек.

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Мамлекеттик бюджеттен коронавирус менен күрөшүүгө 6,1 миллиард сом бөлүнгөн, - деди ал. - Дары-дармектерге болсо 2 миллиард сом берилген. Мындан тышкары 1,5 млрд. сом дарыгерлерге кенемте катары берилген. Ушул бөлүнгөн каражаттар ар бир жаранга жеттиби деген суроолор көп. Биз аларга жооп берүү максатында комиссия түзгөнбүз. Комиссиянын ишине көп тоскоолдуктар болуп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинде иштеген кызматкерлер, дарыгерлер документтерди бербей каршылык көрсөтүүдө. Жыйынтыгында чогулган материалдарды күч органдарына өткөрүп беребиз».

Кыргызстанда коронавирус каттала баштагандан тартып каза болгондордун саны 1374 адамга жетти. Соңку бир айдын ичинде вирустан 67 адам көз жумган. Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 808 бейтаптын 49унун абалы өтө оор, 242си оор, 506сы орто оор абалда жатат, 11 кишинин гана абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG