Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Улуттук лидер издөөнүн убарасы


«Эӊ башкы маселе улуттук лидердин жоктугунда» деп тополоң башталгандан бери көптөгөн замандаштар айтууда. Мунун себеби эмнеде?

Пейилдин бузулушу

«Эшегине жараша тушагы», «Эл кандай болсо, падыша ошондой» деген макалдарды көп кайталашат. Миң сомго добуш сатып, ким экенине карабай ар кайсы саясатчыларга жалданма митингчи болуп беришке даяр турсак, анан кантип татыктуулар тандалсын да шайлансын? Мыйзам бузган, коррупциячыларды – мамлекетке чыккынчылык кылган бузуктарды тууганыбыз, жердешибиз болгону үчүн эле жактасак, өлкөнүн таламын талашып, өмүрүн тобокелге салган чыныгы элдик кишилер куугунтукталганда коргоп чыкпасак, анан бизге кайдагы лидер?

Бул жагдай үй-бүлөдөгү, мектеп менен ЖОЖдогу тарбия-таалимден, коомдогу укуктук маданияттан, жетекчилердин рухий деңгээлинен да көз каранды. Бирок элдин мүнөзүнө биринчи кезекте мамлекеттин, бийликтин таасири эң күчтүү болот.

Пейилибиз качан бузула баштаган эле? Коомдун ыймандык-рухий түзүмү, өзөк кристаллы кандайча бүлүнгөн? Буга биринчи кезекте нукура улуттук мамлекеттин жоктугу да өбөлгө түзгөн. Ырас, 1917-жылдагы Октябрь революциясына, тагыраагы, Орусияга кошулганга чейинки уруулук жашоо таризи кыргыздын топуктуу, тууганга күйүмдүү, меймандос болушуна эң жагымдуу шарт түзгөн окшойт. Өкүнүчтүүсү, ал кезде бирдиктүү мамлекет курууга, демек, укуктук маданиятты түптөөгө жетише албаптырбыз. Ошондуктан жалпы улутту бириктирүүгө бир да эл башы жетишкен эмес экен.

Орус, татар ж.б. кат-сабаттуу элдер менен алака кылуунун жакшы жактарын жокко чыгарбаш керек. Бирок падышалык доордогу болуш шайлоо, алым-салымы көбөйгөн кош эзүү, 1916-жылдагы Үркүндөгү төгүлүп-чачылуу, Совет өкмөтү тургузулгандан кийин сабаттуу болуп, шаарлашкан турмушка аралашуунун шарапаты тийгени чын. Бирок 1937-жылда башталган сталиндик репрессиялар чыныгы улуттук лидерлерибизди кырып-жоюуга алып келгени да чын.

Союздун соңку 25 жылында токчулукта жашадык. Республикабызда илим, маданият, өнөр жайы өнүктү. Дүйнөгө кыргызды тааныткан улуу жазуучубуз чыкты. «Кыргыз керемети» деп аталган улуттук кино жаралды. Бирок дал ошол «кой үстүндө торгой жумурткалагандай» мезгилде жарандык таалим бир беткей авторитардык нукта жүрүп калган эле. Сөз эркиндиги, абийир эркиндиги катуу чектелип турган. Идеологиялык шири улуттун да, ар бир жеке адамдын да башына кийгизилген эле. Айрыкча партиялык төбөлдөргө каяша айтуу, алардын чарба, башкаруу ишиндеги оркойгон каталарын көрсөтүү мүмкүн эмес эле. Ырас, мыйзам азыркыга салыштырмалуу бекем сакталчу, бирок буга көбүнчө коомдогу жарандык аң-сезимдүүлүк эмес, диктатурадан катуу коркуу шарт түзгөн эле.

Эркиндикке даярбызбы?..

Дүйнөнүн тең жарымын тескеген социалисттик империя урап калганда биздин эл күтүүсүздөн эгемендикке ээ болду. Бирок эгемендикке, эркиндикке даяр эмес экенбиз. Партиялык диктатурага кыңк этпей баш ийип, айрым жерлерде колхоздун башкармасына да тике карагандан жалтанып калган калайык жаңы доордо, жумшартып айтканда, кожоюнсуз калган кара жумушчудай абдаарып турду.

90-жылдардагы каатчылык элдин эсин эки кылды. 2000-жылдарга келгенге кийим бүтүн, курсак ток болуп, бара-бара тиричилик Союз доорундагыдан алда канча жакшы болуп калды. Бирок мамлекетибиздеги мыйзамдуулукту, жетекчилердин жоопкерчилигин бекемдеш үчүн жалпы эл эч кандай аракет кылган жок, ойлонуп да койбоду. Демократияны жер басып алуу, оозуна келгенди оттоп, оюна келгени кылуу деп түшүнгөн коом азыркыга чейин эркин болуш үчүн мыйзамга баш ийүү зарыл экенин аңдаганга чамасы келе элек.

Ким күпүлдөп катуураак, коозураак сүйлөп койсо, эмне дегенин түзүктөп түшүнбөй эле ээрчип кете бермей адатты кийин добуш сатмай өнөкөт ого бетер тамырлатып салды. Лидерди эмес, ким экенине, кандай неме экенине карабай эле кара күчү, жалдаганга акчасы барларды жактап чыгууга даяр ОБОН катмары жаралды.

Мамлекеттин өзөгүн – мыйзамдуулук негизин бүлдүргөн коррупциячылар тышкы карызды улам тездик менен көбөйтүп жатканына карабай, аларды шайлаган, жактаган митингчилер дайым даяр.

Кристалл кантип түзүлөт?

Физиктер айрым эң баалуу жана эң арзан нерселердин заттык теги бирдей, бирок кристаллдык түзүмү кескин айырмаланат дешет. Бир караганда бизде деле мамлекет жана анын жарандары бардай – президент, парламент, өкмөт, соттор, аларга иши түшүп турган жашоочулар бар. Бирок республикабыз дагы эле сөздүн толук маанисиндеги мамлекет болбой жатат: жарандарыбыз өздөрүнүн эң башкы укук-милдеттерин сактай билбейт.

«Улут» сөзүнүн бир гана этнос деген маанисин, болгондо да өтө үстүрт, тайыз түшүнөбүз. Улуттун кристаллдык түзүмүн бекемдей турган укук жана милдеттин тең салмагын, эркиндиктин жоопкерчилик деген ички зарыл шартын түшүнгүбүз келбейт. Буларсыз улут бирикпей турганын, уруу, урук, сай, кокту болуп бөлүнүп кала берерин ойлобойбуз.

Шайлаганга шай барбы?

Манас кантип «кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган»? Биринчи кезекте кара кылды как жарган калыстыгы менен. Улугу адил экен деп кыргызга башка элдер да кошула берген. Улуу Кыргыз каганатынын рухий өзөгүн АДИЛЕТТИК түзгөн. Кийин «жакшылар» майдаланып, уруучул, тууганчыл, жаатчыл болуп калганда, бүтүн улут ичкериден жиктелип, бытырап кеткен.

Азыркы эл алдына суурулуп чыккан замандаштарыбыз бийлик талашты токтотуп, мыйзамды сыйлаарын иш жүзүндө көрсөтсө, эл ынанабы? Же болбой эле бузукуларды ээрчий береби? Басып алмай өнөкөткө азгырылган айрым «лидерлердин» фанаттары укмуш эрдик кылгандай сезип жатышат өздөрүн, бирок мамлекеттүүлүккө канчалык зыян келтирип жатканын түшүнбөйт.

Албетте, мынчага жетпесек жакшы болмок. Ошентсе да, бир чети, кимдин ким экени көрүнүп калганы да жакшы (бирок «9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы чатак элди адаштырыш үчүн ойнолгон атайын спектакль болчу» дегендердин сөзү да ойлонтот). Элди эмес, эптеп эле бийликке жетишти же байлыгын сактап калышты ойлоп эки жүздүүлүк кылган бир катар саясатчылардын беткабы сыйрылды. Бабановдой оомалар элдин сыйынан биротоло кетти.

Ооба, башка таанымалдардан да кемчилик табылат, айрымдарынын өксүктөрү оркоюп эле турат. Бирок дегеле бул жарыкта идеалдуу жетекчи болгонбу? Манасты Манас кылган Бакай, Кошой, Акбалтадай калыс, акылман карылар, Алманбет, Чубак, Сыргак, Серектей «караңгыда көз тапкан, капилетте сөз тапкан», бири миңге татыган чоролору, өмүр шериги Каныкей энебиз эмес беле? Эгер алар болбосо, Манас Манас болбой эле Чоң Жинди бойдон кала бермек, кара күчүнө көөп, башка урууларды, элдерди карактаган жылкы ууру «баатырларга» же азыркы «авторитеттерге» окшоп.

Орустун «Короля делает свита» деген макалы бар, падышанын баркын жан-жөкөрлөрү көтөрөт деген мааниде. Кыргыздын накыл кептери да сонун: «Вазир жакшы – хан жакшы, аял жакшы – эр жакшы». Лидердин кемчиликтерин толуктап, каталарын убагында ийкемдүү оңдоп кеткидей командасы болушу керек. Саясий лидер элдешкистей болгон «душмандарын» да жүйөгө келтирип, дос кылат, дос кылбаса да, кастыгы жок бейтарапка айланта алат.

Биздин тың чыкмалардын нукура лидер боло албай жаткандагы эң башкы өксүгү – өзүмчүлдүгү. Бири-бирин каралап же бул «ишти» жаатташтарына жасатып, элди бөлүп жатышат. Улут үчүн, мамлекеттин эртеңи үчүн алар жеке кызыкчылыгынан кечип, биригиши керек, зарыл!

Баарыбыз, ар бирибиз

Бүгүнкү кейиштүү жагдайга баарыбыздын «салымыбыз» бар: бирибиз азыраак, башка бирибиз көбүрөөк күнөөлүүбүз. Чындыгында «генерал болушту ойлобогон солдат жоокер болуп жарытпайт» дегендей, ар бир уул, кыз жеке өзүнүн эле камын көрбөй, элди, мамлекетти да ойлошу керек. Бул жагынан ар бир ата-эне, ага, эже балдарга, кичүүлөргө колунан келишинче жакшы өрнөк көрсөтүшү керек.

Биздин мамлекеттик кызматкерлер ким опурулуп келсе эле айтканын кылганга даяр кулдук насилден арылышы керек. Мугалимдерден, мектеп окуучуларынан, кичинекей балдардан баштап тарбиянын ушул жагына маани берүү зарыл.

Азыр ар ким жактап же жектеп келген саясатчылардын кыйласы жыдып калды. Калгандарынан кимиси чыныгы улуттук лидер экендиги ач айкырык, куу сүрөөн салган митингчилердин же каралардын кысымы менен эмес, мыйзамдуу жол – шайлоо аркылуу бийликке келип, элдин ишенимин актаганда гана аныкталат. Шайлоо өткөнгө чейин вицелер, орун басарлар эле, эч кайсы жаатка, партияга жан тартпай иштеп турганы оң, убактылуу.

Бизге кандай лидер керек?

Азыр Садыр Жапаровдун премьер-министрликке бекитилген-бекитилбегени талаш болууда. Буга байланыштуу легитимдүүлүк терминин мисалдар менен түшүндүрүүгө аракет кылалы.

Кокон хандыгында Кудаяр, Полот, Шерали жана башкалар ордону талашканда салттуу легитимдүүлүккө таянышкан, б.а. хан тукумунанмын деген дымак менен барышкан.

Сталин, Гитлер, Пиночет ж.б. канкор залимдердин бийлиги харизматикалык легитимдүүлүктөн башталган, б.а. аларды эл кудайындай эле көргөн. Ырас, Петр I, Ататүрк, Ли Куан Ю сыяктуу атактуу инсандардын бийлиги ар кайсы деңгээлде харизмага тиешеси бар, бирок булар биринчи кезекте мыйзамга же кыйшаюусуз аткарылуучу катаал эрежелерге таянып башкаргандыктан, бийик максаттарга жете алышкан.

Линкольн, Рузвельт, Саакашвилидей лидерлердин бийлиги акылга салган, демократиялык-укуктук легитимдүүлүккө негизделген. Жаңы муундагы айрым саясатчылар ушул типтеги легитимдүүлүктү жактап жатат.

Бизде Аскар Акаевди Шабдан баатырдын, Курманбек Бакиевди Тейит хандын, Алмазбек Атамбаевди дагы бир тарыхый фигуранын урпагы дегендер салттуу легитимдүүлүгүн бекемдешке далалат кылышкан. Кой, бул Акаев өтө эле жумшак киши экен деп, Куловду жактагандар харизматикалык легитимдүүлүккө таянышкан.

Эгер салттуу легитимдүүлүккө таянсак, баланча хандын же бектин тукуму деп кимди тандай алабыз?

Эгер кайсы бир лидерди ашыкча көкөлөтүп, аны сындагандарды куугунтуктаган жосунга өтсөк, харизматикалык лидерди тандаган болобуз.

Албетте, бизде азыр демократия эмес, анын карикатурасы - охлократия (толпанын бийлиги) + клептократия (уурулардын - коррупциячылардын бийлиги) тамырлап калган. Мителерден арылып, мыйзам үстөмдүгүн орнотууга жетишсек гана, бизде чыныгы демократия бар дей алабыз.

Кана, туугандар, бизге кайсынысы туура келет?

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG