Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Аялзатынын баары эле «айым» эмес


«Айым» деген сөз илгертен эле өлкөбүздүн түндүк аймагына караганда түштүк аймагында көбүрөөк колдонулуп келгендиги белгилүү.

Бул сөз орус тилиндеги «госпожа» деген сөзгө тете. Азыркы күндө «айым» деген сөз колдонулбаган «актай жерибиз» деле калган жок өңдөнөт. Ыгы келсе-келбесе да, туура болсо да, туура эмес болсо да колдоно берип, «айым» сөзүнүн тамтыгын кетирип бүттүк.

Биринчиден: Республикадагы бардык окуу жайлары менен мектептердин жетекчилеринен тартып мугалимдерине чейин кулак кагыш кылгыбыз келет. Алар өзүлөрү сабак берген студенттери менен окуучуларына «айым» деген сөздү кимдерге айтканда туура болорун, кайсы жаштагы аялдарга айтса туура болорун, кайсы учурда айтса туура болорун жакшылап окутса дегибиз келет.

Экинчиден: Республиканын бардык мамлекеттик да, мамлекеттик эмес да телеканалдарындагы, радиолору менен гезит-журналдардагы журналисттер «айым» деген сөздүн маани-маңызын бузбай айтууга жаштарды көндүрсө дегибиз келет.

Эми ушул сөздүн маанисин түшүндүрө кетели. Жогоруда белгиленгендей, «айым» сөзү орустун ак сөөк коомунда колдонулуп келген «госпожа» деген сөзгө тете болуп саналат. Түштүк аймагына көбүрөөк сиңген сөз. Курманжан «Алай ханышасы» аталып, ысымы эл-журтка таанылгандан кийин гана «айым» аталган. Сыйлап, урматтап, улуу-кичүүлөр аны «датка айым» дешкен. Кокон хандыгынын ордосунда кызмат кылган ар кыл даражадагы кыз-келиндер, аялдар арбын эле болгон. Бирок «айым» деп аталгандар саналуу гана болгон. Ошондуктан ордодо күл чыгарып, от жаккан же эшиктин алдын шыпырып, гүл сугарган аялдардын баарын эле «айым» деп атай беришкен эмес.

Дагы бир белгилей кете турган жагдай. «Айым» деп кадыресе токтолуп калган, кашында эри бар, жанында балдары бар, өзгөчө эл-журтка кадыры бар аялдарды гана аташкан. Бүгүнкүдөй кыз-келиндердин баарын эле «айым» дей беришкен эмес. Тилекке каршы, азыр аял десе эле «айым» деп айтмай түшүнүк пайда болду. «Аял» деген сөздү лексиконубуздан тап жойгондой жоюп кетип баратабыз. Күйөөгө чыга элек, күйөөгө чыкмак тургай бешиктен бели чыга элек кепкенедей кыздардан бери телевизорго тизип алып, уялбай-этпей эле «айым» дечү болдук. Ошондой эле 70-80ден ашкан байбичелерди да «айым» деп айтып жүргөндөрүн угуп келатабыз.

Кыргызда байыртан бери эле ар бир адамдын кылган ишине, жүрүм-турумуна, жаш курагына жараша өз аттары болгон.

«Э, айланайындар! «Айым» деп эрге чыккан, күйөөсү бар, андан да эл-жерине кадыры сиңген, оозунда сөзү бар, керек болсо эркекти жолго калтырып, эл маселесин чечкен мыкты аялдарга айтылат, туура сүйлөп жүр!» - деп айтып койгонго жараган кишибиз калбай калдыбы?

Күйөөгө чыга элек кызды кайсы бетибиз менен «айым» дейбиз? Бирок уялбай-этпей эле, кичинекей балдар-кыздарды «Айымдар жана мырзалар!» деп айтып келатабыз. Бул деген орой айтканда, ургаачы кулунду «бээ» деген менен, ургаачы тайлакты «төө» деген менен барабар эмеспи. Бир ирет кайсыл бир кыргыз тилдүү гезиттин журналисти «таштанды челектерде бомж айымдар жүрүшөт» деп жазды.

Дагы бир жолу айтаар элек - мына ушул сыяктуу «илдет» бүгүн кыргыз тилинин кадыр-баркын кетиргенден кетирип бүттү. Өлкөнү талап-тоноп, уурдап-жеп келаткан шылуундарды «мырза» дей берип, бул сөздүн да кадырын жетер жерине жеткирдик.

Эң өкүнүчтүү жери - Кыргызстанды өткөн жылдан бери сабатсыздык каптай баштады. Башка элдер, анын ичинен алыс барбай эле, өзүбүздүн коңшу өлкөлөр дүйнөлүк маселелер менен баш оорутуп жатса, биз улам артка кетип отуруп, жадагалса кудай берген өз тилибизди дурустап сүйлөй албай калган деңгээлге түштүк. Бир кезде Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев «коррупция 7-кабатка жетти» деп мойнуна алгандай, биздин азыркы бийлик да «сабатсыздык 7-кабатка жетти» деп мойнуна ала турган кез келди. Жетмек турсун, таштекке куюлган жугунду жерге куюлгандай, жетинчи кабаттан ашып-ташып, басып жүргөн элди булгай баштады.

Өлкөдө өтө коркунучтуу белгилер пайда болууда. Элдин жок болушу эң биринчи эне тилден башталып, эне тил менен аяктаган. Бийлик башында тургандардын өздөрүнүн туура эмес сүйлөгөнү, эне тилге болгон кайдыгер мамилеси, мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынан бери 30 жылга жакын мезгил өтсө да, эмдигиче паспорттогу «Джусуев», Джусупбеков» дегенди «Жусуев» кылып, «Жусупбеков» кылып, «Умуралиев» дегенди «Өмүралиев» кылып оңдоп алганга жарай албай келатканыбыздын өзү эле эне тилдин жок болушунун, демек муну менен элдин жок болушунун биринчи белгилери деп үшкүрүк менен айта берсек болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG