Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Мигранттын шайын оодарган шайлоо укугу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо күнү деп 2020-жылдын 4-октябрын белгиледи.

Бир жылга жакын убакыт бар көрүнгөн менен убакыт учкан куштай тез өтөрүн, жаңы жылдан кийин эле ачып көздү жумгуча ары жакта беш-алты ай убакыт каларын эстеп, 2012-жылдан бери учуру келген жерде маселе кылып көтөрүп келген мекендеш мирганттардын шайлоо укуктары тууралуу маселени эртерээк козгоону туура көрдүм. Чындыгында бул маселе өтө орчундуу. Сыртта жүргөн ар бирибиз билип, туюп турсак да шайлоо өткөн сайын укугубузду толук колдоно албай кала беребиз. Макаланы жазууга даярданып жатып, Мамлекеттик каттоо кызматынын баракчасынан 2017-жылкы президенттик шайлоодон кийин чыккан бир ачык отчётту таап алып окуп, өтө эле зээним кейиди. Отчёт орус тилинде гана болсо да, убакыт таап окуп чыксаңыздар бир топ кызыктуу маалыматтар бар экен: https://grs.gov.kg/uploads/files/report_3.pdf.

Бул отчёттун маалыматына карасак, 2017-жылы Тышкы иштер министрлиги өлкөдөн тышкары жактардагы аймактык шайлоо округдарында каттоодон өткөргөн шайлоочулардын саны 18 580 киши болуп, шайлоодо жарактуу деп табылган бюллетендин саны 5 464 экен. Бул болсо өлкөдөгү жалпы шайлоочулардын 0,32% эле түзөт. Мамлекеттик органдар сыртта жүргөн мигранттардын жалпы саны 700 миңден бир миллионго жакын деп жүрүшкөнүн эске алсак, бул факт мамлекетибиздин сыртта жүргөн жарандарына канчалык деңгээлде шайлоо укугун камсыз кылып бергенин баамдаса болот. Ошол отчётту окуган аткаминерлер деле сураса керек, «эмнеге мындай болду» деп, бирок буга күнөөлүү ким экендиги аныкталбаганы ачык. Отчёттун аягындагы сунуштарда да чет өлкөлөрдөгү жарандардын шайлоого болгон укуктарын жакшыртуу боюнча эч бир сөз козголбоптур. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо сыртта жүргөн мигранттардан болгону 2514 бюллетени жарактуу деп саналса да, 2017-жылы өтө турган шайлоо үчүн эч кандай жакшыртуучу жагдай каралган эмес экен. Өлкөдөгү шайлоо укугуна ээ болгон 4 миллион жарандын 20-25% сыртта жүргөн мигранттар болгонуна карабай шайлоого болгон укугун колдоно албай калып жатат. Ошондо мекени үчүн чоң инвестиция жумшап, экономикасын, аймактарын өнүктүрүп, жакшыртууга салым кошуп жаткан мекендештерибиз негизинен Жогорку Кеңештин депутаттарын да, өлкөнүн президентин да шайлабаган болуп чыгат. Бирок «ушул жагдай туура эмес болуп калды» деп мигранттардын укугун ойлоп койгон, жактаган эч бир тарап жок. Эң башкысы - эч кандай тыянак да айтылбай, кийинкиге сабак да болгон жок.

2017-жылы өткөн шайлоодо жалпы шайлоочулардын 56,28% гана катышканын эстейли. Эгер кийинки жылы да ушундай эле көрүнүш боло турган болсо жана партиялар үчүн жалпы республикалык босого 9% боюнча сакталып калса, анда Жогорку Кеңешке өтүп келе турган эл өкүлдөрү канчалык деңгээлде легитимдүү болорун өзүңүздөр эсептеп көргүлө, урматтуу мекендештер. Эгер тышта жүргөн мигранттарга шайлоо укугу камсыз кылынбаса, эмдиги жылы легитимсиз, жалпы шайлоочулардын 10-15% добушун гана алган партиянын депутаттары келип, өлкөнү башкарып калары толук мүмкүн. Өлкөдө сыртта жүргөн мекендештерге болгон үмүт чоң. Карапайым эл «сыртта жүргөн балдарыбыз кайтып келип мамлекетибизди өркүндөтсө» деп көп айтат. Бирок ошол балдарыңар адегенде шайлоочулук укугун ала алышпаса, шайлануу укугун алышы мүмкүн эмес болсо керек.

«Мигранттардын шайлоо укугун толук камсыз кылыш үчүн биринчи иретте консулдук каттоону жеңилдетиш керек» деп көп жылдардан бери ар кайсы платформаларда айтып келем. Акыркы Мекендештер кеңешинин жыйынында да ушул маселени көтөрүп, ТИМдин Консулдук кызматынын жаңы даярдаган консулдук каттоо боюнча жобосунун токтому өкмөт мүчөлөрүнө кол коюуга жөнөтүлгөнүн, мүмкүн болсо муну тез арада ишке киргизүү зарыл экендигин президенттин алдында сурандык. Ошол жыйынга бардык эле министрлер катышкандай болгон. Бирок үч айдан көп убакыт өтсө да азырынча эч кандай жылыш жок. Консулдук каттоо өтө маанилүү. Анткени чет өлкөдөгү жарандар тиешелүү консулдукта каттоого тургандан кийин гана жарандык укуктарын ошол консулдуктан толук талап кыла алат. Консулдук каттоонун жаңы эрежелери тез арада ишке кирбесе, кайта эле 2020-жылдагы шайлоодо добуш берүүчү укугубузду колдоно албай каларыбыз айдан ачык болуп турат. Анткени консулдук каттоого турган күндө деле Мамлекеттик каттоо кызматы менен Борбордук шайлоо комиссиясы тез арада жаранды ошол консулдукка каттап коё бербейт. Анын ачык мисалын 2017-жылдагы шайлоо учурунда көрдүк. ТИМдин консулдук каттоосунда 60 миңге жакын жаран катталып турса да болгону 18 580 кишиге гана шайлоо укугу берилип, ошол процесске ылайыктуу гана бюллетень жөнөтүлгөнүн көрдүк.

Мунун негизги себептери - Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) менен Тышкы иштер министрлиги биргелешип иш жүргүзбөгөнү, жарандардын кызыкчылыгын ойлоп мекенчилдик сезим менен алгылыктуу иш алып барбаганы. Мисалы, жаран бир жылдан бери чет өлкөдө жүрүп айылындагы көчөсү же үй номери МККнын базасы боюнча алмашып кеткенин биле бербейт. ТИМ болсо жарандын берген маалыматы боюнча консулдук каттоого алып өз базасына каттайт. Ортодо бир аз эле төп келишпеген айырма чыгып калса - бүттү, МКК ал жаранды өзүнүн базасында ТИМде деп каттабайт, шайлоо участогун алмаштырбайт. Айрым саясатчылар бул административдик күч колдонуп, шайлоодо керектүү партияга добуштарды катташ үчүн атайылап жасалып жүргөнүн да айтышат. Кандай болгон күндө да чет өлкөдөгү жарандын толук консулдук каттоого туруу процесси жалпысынан 3-6 айга чейинки убакытты алып келет.

Эми фактыларга келсек. Чет өлкөдө жалпысынан 1 миллион жараныбыз бар. Анан 60-70 миңдейи гана консулдук каттоодон өтүп, расмий түрдө чет өлкөдөгү жаран болуп жүрөт. Болгону 20 миңдейи гана азыркы маалда консулдуктарда шайлоого катышуу укугуна ээ. Азыр саясатчылардын алды чет өлкөлөрдөгү мигранттарды кыдырып, ар кыл форматтагы жолугушууларды өткөрүп, саясий упай топтоп жүрөт. Кээ бир мигрант мекендештерибиз болсо шайлануу укугун издеп, ар кандай кыймылдарды түзө башташты. Мамлекеттик мекемелер да, саясатчылар да, маалымат каражаттары да мигрант мекендештерибиздин шайлоодо маанилүү роль ойной турганын ойлоп, азыртадан ар кандай кыймыл-аракеттерин баштап жатат. Бирок чындап келгенде мигранттарыбыз шайлоо укуктарын толук колдоно албай жатканын, ал жагдайды өзгөртүш үчүн аракетти азыртадан башташ керек экенин билгендер өтө эле аздай сезилет.

Буюрса кийинки макалаларда дагы мигранттардын шайлоого болгон укуктарына кеңири токтолобуз деген ойдомун. Анткени мекенибиз сыртта жүргөн балдарына үмүт артып, кандай жардам болор экен деп турган учурдабыз. Келгиле, урматтуу мекендештер, эң негизгиси - шайлоочулук укугубузду талап кылалы жана келе жаткан шайлоодо өлкөбүз үчүн татыктуу эл өкүлдөрү шайланып келишине өбөлгө түзөлү. Мекенибиздин жүгүн жеңилдетиш үчүн кызмат кылып, ар бир жараны кандайдыр бир пайда келтирип калалы деп аракеттенели. Алакандай кыргыз элибиз, жүрөгүбүзгө ааламдагы эң ысык болгон мекенибиз үчүн биз өзүбүз күйбөсөк ким күйөт?..

Айбек Сарыгулов, Мекендештер кеңешинин мүчөсү

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG