Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Матраимовдордун доосу боюнча сот жылды


Коллаж
Коллаж

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча соттук иш 29-январга жылдырылды.

Буга Матраимовдордун жактоочуларынын сотко келтирген өтүнүчү негиз болду. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен анын аялы Минавар Жумаеванын, «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фондунун жактоочусу ишти тынчтык жолу менен чечип алуу тууралуу Матраимовдор менен кеңешкенин маалымдады. Ага ылайык, адвокат үч медиа Матраимовдор тууралуу маалыматтарды төгүндөсө доогер тарап материалдык доодон баш тартууга даяр экенин билдирди.

«24.kg» сайтынын жактоочусу Эмил Жандаев «24.kg» «Азаттык» жана «Kloop.kg» иликтеп жарыялаган материалды гана сайтына чыгарганын, соттук ишти тынчтык жолу менен бүтүрүүгө макул экенин, бирок анын шарттарын такташ керек болорун айтты.

Ал эми «Азаттык» менен «Kloop.kgнин» жактоочулары журналисттик иликтөөдөгү маалыматтарды төгүндөй албай турганын, бирок доогер тарап өз жүйөлөрүн келтириш үчүн эфир сураса микрофон берүүгө даяр экенин айтышты.

Аталган ишти Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карап жатат.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Анда аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган.

19-декабрдагы алгачкы жыйында доочулардын адвокаттарынын өтүнүчү менен соттун жүрүшүн видеого тартууга тыюу салынган. Мындан тышкары сот Матраимовдун бажыдагы коррупциялык схемалары боюнча биргелешкен журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды соттук процесс жүрүп жаткан маалда таратууга тыюу салуудан баш тартып, Матраимовдордун адвокаттарынын бул тууралуу өтүнүчүн четке каккан.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлган. Бирок кийин судья ​Жылдыз Ибраимова үч медианын жана кабарчынын эсебин камактан чыгаруу боюнча Матраимовдордун адвокаттарынын арызы боюнча чечимди карап, канааттандырган.

Кеп болгон иликтөөдө Матраимовдордун Саймаити менен байланышы боюнча, алардын Дубайдагы мүлкү, Исмаил Матраимов атындагы фондго түшкөн каражаттар боюнча маалыматтар бар.

Былтыр сөз болуп жаткан иликтөөлөр боюнча Бишкекте жарандык коомдун өкүлдөрү эки жолу митингге чыгып, бийликтен анда айтылган фактылар боюнча чара көрүүгө чакырышкан.

«Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөдө Кыргызстанга миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалымдалат. Анда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун да аты аталат. Аталган маалымат каражаттары жарыялаган журналисттик иликтөөдө Матраимовдорго да микрофон сунушкан.

29-ноябрда Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG