Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

«Манас» деп бөлүнбөй, «Манас» деп бириксек...


«Манас» эпосу.
«Манас» эпосу.

2013-жылдын 4-декабрында «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастар» тизмесине кирген. Биз улуу эпостун тегерегиндеги талаш-тартыштар тууралуу сөз кылууну туура таптык.

Акыркы учурларда «Манас» эпосунун айланасында көп сөздөр айтылууда. Өздөрүн кыргыз дөөлөтүн сактоочулар эсептеген, бирок оппоненттери теңирчи деп атаган радикал топтор «Манасты» кудайлаштырууга чейин жетсе, диний фанаттар улуу эпостун дарегине тайманбай таш ыргытууда.

Талашып жаткандар дегеле «Манасты» окуганбы деген ой келет, оболу. Себеби, биринчи топтогулар Манасты кыргыздын түпкү атасы катары көрүп, «Манас» санжырасын токуп, Манасты ашкере идеалдаштырып, анын Каныкей менен болгон түнү өңдүү сюжеттерге уугуп, аны менен чектелбей, адам түспөлүндөгү кудай дегенге чейин барып жатышат. Бирок эпостун классикалык варианттарында Манас кадимки эле эркиндик үчүн күрөшкөн элдик баатыр катары сүрөттөлөт. Аны менен бирге пенделик өзгөчөлүктөрү; айкөлдүгү, баатырлыгы, алабармандыгы, кенебестиги, айтор бир топ сапаттары баяндалат.

Бизден башка элдер, мисалы, түрктөр «Коркут атаны», гректер «Илиада» же «Одиссеяны», индус калкы «Рамаяны» мурас катары көрүп, сыймыктанганы менен биротоло эле бетине кармап албайт. Ошол эпосторунан «мыйзамдарды», «өнүгүү концепцияларын» токубайт. Аларды ашкере кут көрүп, ыйыкташтырбайт деле. Аларга салкыныраак мамиле кылган улутташтарын «маңкурт», «каны бузук», «арабкул» деп тебелеп-тепсебейт.

Ал эми, экинчи топтогулар «Манасты» «болбогон жомок» деп, аны менен гана чектелбей, Манас баш болгон эпос каармандарын сөгүп кирет. Бирок эпосто ыйман келмеси баш болгон диний элементтер кайнап жатпайбы? Мисалы:

«Лаиллалла иллаллах

Келме келтир сен – деди.

Кудай жалгыз, куран чын,

Куп айтамын бил – деди»

Же болбосо:

«Берген болсоң, уруксат

Мен коёюн атын», - деп,

Дубана сүйлөп калганы.

«Ат коюңуз, акыр!» – деп,

Адамдын баары чуу этти.

«Баш жагына «мем» келсин

Байгамбардын сүрөтү,

Ортосуна «нун» келсин

Олуянын сүрөтү,

Аягына «сен» келсин

Арстандардын боруму,

Арты кайда кетти экен

Ал үчөөнүн оруну? »

Окуп билди «Манас!» – деп,

Оозуна келди шондой кеп.

Ат коюлду – «Манас!» – деп,

«Алла Таала сактасын,

Ар балаадан калас!» – деп...

«Манасты» сөккөн кишилер ушундай терең исламий саптарды да сөгүп калып жатпайбы, каран калгыр! Сагымбай Орозбак уулунун вариантынан алынган бул үзүндүдө Манас ысымынын чечмелиниши берилип жатат. А Орозбак уулу – улуу манасчы. Кезегинде ага жогору баа берилип, «Сагымбайдын бир сөзү – бир аттык» деп бекеринен айтылбаган чыгар.

«XX кылымдын Гомери» атыккан Саякбай Каралаевдин вариантында да диний мотивдер толуп жатат. Маселен, Манастын даарат алганы, намаз окуп жатканда жарадар кылынышы ж.б. Анан ушундай залкар манасчылардын вариантын чанып, бурмаланган жаңы вариант токуп чыгып, фальсификациялык аракеттерге барууну кандай түшүнсө болот?

(Ошол эле учурда эпостун академиялык көп варианттарында исламга чейинки түшүнүктөр жана «Теңир» сөзү да арбын учурайт - ред).

«Манас» эпосу дегенде «Манас тарыхый инсанбы?» деген дагы бир чоң суроо жаралат. Аны менен бирге эпостун тарыхыйлыгы боюнча түрдүү пикирлер бар. «Манастын» жаралуу тарыхы боюнча негизинен үч божомол үстөмдүк кылат; Эне-Сай – Орхон доору (VII-IX), Алтай доору (IX-XI), Жунгар доору (XVI-XVIII). А. Н. Бернштам, М. О. Ауэзов өңдүү изилдөөчүлөр эпостун кыргыз тарыхы менен жанаша болуп, өнүккөн окуялар тархый чындыктарды чагылдырганын айтса, В. В. Радлов, В. М. Жирмунскийлер бул пикирге кошулбайт. Түрк окумуштуусу А. Инан «Манас» эпосунун исламга чейинки жашоо образын камтыганына ишенет жана далил катары маркумду акыркы сапарга узатуу, аза күтүү өңдүү өзгөчөлүктөрдү белгилейт. Ал эми ферганалык деп божомолдонгон Сейф ад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-Таварихинде» Манас тарыхта чыныгы болгон адам катары сүрөттөлөт. Азыркы учурларда «Манастын» өтө эле байыркы доорлорго барып такаларын айткан пикирлер да бар. Мына ушундай талаш-тартыштар али да тыйыла элек.

Бул эпостун тарыхыйлыгынын тегерегиндеги сөздөр. Негизи эле «Манасты» кайсы бир кылымга такап, «байлап салуу» натуура иш экенин айткандар да бар. Биз ушул пикирге кошулабыз.

«Манас» кыргыздардын кылымдарды камтыган бүтүндөй өтмүшүн кучагына алган зор чыгарма болуп жатса, анан аны кантип чектей алабыз? Мисалы, айрым айтуучулардын вариантындагы Эне-Сай тууралуу сюжеттер бизди Эне-Сай-Орхон дооруна жетелесе, диний мотивдер исламдан кийинки доорлорго алып барат. Мындай ар башка доорду чагылдырган сюжеттер эпосту кайсы бир кылымга такап коюуну жокко чыгарат. Ушундан улам төмөнкүдөй ой жаралат: «Манас» кыргыздардын азап-тозокко кабылып, каңгып-тентиген оор кезеңдерде ойлоп чыгарган идеалдуу каарманы болуп жүрбөсүн? Бул жараян азыр да табында эмеспи. Бүгүнкү куюндуу заманда Манасты күткөн кыргыз аз дейсизби?

«Манас» эпосунун тарыхыйлуулугуна тутумдаш эле «Манас баатыр тарыхый инсанбы, жокпу?» деген суроо көп талашка себеп болуп келет. Эгерде Манасты тарыхый инсан кылып алсак, азыркы маанисинен кыйла эле оолактап кетет. «Манас 670-жылы августта төрөлгөн» деген өңдүү «бакшычыл далилдерге» ынанайын десек, булагы тиги дүйнөдөгү Жайсаң ырчы имиш. Буга ишенсек дүйнө элине даана күлкү болгону турабыз. Окумуштуулар Манастын прототиби деп бир нече баатырлардын ысымын айтат. Демек, айкөл Манасты идеалдуу образ дегенге токтолгон эп.

«Манас» эпосунун өзү:

«Ээ-эй, байыркынын жомогу,

Баштаса келер оролу,

Эзелкинин жомогу,

Эстесе келер оролу.

Жарымы төгүн, жарымы чын,

Жарандардын көөнү үчүн,

Көбү жалган, көбү чын,

Көпчүлүктүн көөнү үчүн...» - деп башталып жатпайбы?

Эгерде Манасты чындык деп кабыл алсак, анда эпостогу ажыдаар, желмогуз, дөө, канаттуу аттарды да чындык дешке туура келип жатпайбы. Мунусу калп, мунусу чындык деп ким сортировка кылат? Антүүгө ким даай алат?

Канткен да тилекке каршы бүгүнкү күндө Манастын тарыхта жашаганы боюнча фактылар жетиштүү эмес. Тээ илгери жашап өткөн Александр Македондук, Цезарь, Аттила өңдүү инсандарды тарыхый инсан деп бүт дүйнө кабыл алган. Бирок Манастын тарыхта жашап өткөндүгү боюнча аргументтер жетишсиз бойдон калып жатпайбы. Айрым жер-суу аталыштарын, ар кандай бурмаланган сүрөттөрдү далил көрсөтүп, «Манас тарыхый инсан» деп кээ бир калемгерлер далилдегенге аракет кылган менен окшобой жатпайбы. Тарых илими тактыкты талап кылат да. Келечекте мыкты окумуштуулар чыгып, илимпоздор коомчулугун ынандырып, Манастын тарыхта жашап өткөндүгүн тастыктаган азаматтар чыгып калар. Ага чейин «Манасты» эпос катары кабыл алганыбыз оң го. А эпос деген эмне?

Эпос дегени – фарсча «дастан», грекче «эпос», французча «эпопея» экен. Илгери манасчыларга ырчы, жомокчу деп эле айтып келишкен эмеспи. Бул «Манасты» жомок деген сөз. Кадимки Б. Юнусалиев деле айтып жатпайбы «...ар кыл элдик чыгармалардын ичинен элге өтө сүйкүмдүүлөрүнүн бири жана көрүнүктүүсү – «Манас» жомогу» деп.

Бирок кандай жомок? Улуу жомок. Ааламда аналогу жок теңдешкис жомок. Дүйнөлүк көркөм мурасты толуктаган даңазалуу жомок. Бүт дүйнө кыргыз элин жарым миллион саптан турган эпосту жараткан эл деп билет. Ушундан өткөн сый, сыймык, баа болобу? «Манасты» андан ары чоюп, саясатташтырып, ашкере эле философиялаштырып, «диндештирип» же «кудайлаштыра» бергендин эмне кереги бар?

Анча болду, өзүмдүн да «Манаска» болгон мамилемди да айта кетейин. Түркияда окуп калдым. Жумуриятта чет элдик студенттер менен иштешкен Эл аралык студенттер ассоцациялары биримдигинин (UDEF) «Өлкө таанытуу» аттуу пландуу иш чарасы бар. Биримдик Түркиянын ар провинциясында өлкөлөрдү таанытат жана анда чет элдик студенттер өз мамлекетин таанытып, маданиятын даңазалайт. Биз да даярданып, ыр окуп, бий бийлемекчи болду. Иш чарага 2-3 күн калганда уюштуруучулар «Манас» айтпайсыңарбы?» деп калды. Биз «айта албайбыз, колдон келген ишти кылалы» дедик. Уюштуруучулар «кыргыз болуп туруп кантип Манас айта албайсыңар» дегенде арданып, күнү-түнү даярданып, миңдей түрктүн алдында «Манас» айткан жайым бар. Биздин үйдө башка китептер аз болсо да «Манас» китептери көп боло турган. Бармактайдан «Манас» дүйнөсүнүн ичинде чоңойдук. Мектепте бир туугандар «Манас» айтчубуз. Азыркы «Манаска» күйүп жаткандар он кишинин алдында он сап айта алабы, шегим бар. Менин көз карашымда ар бир кыргыз «Манас» айта билиши керек. Ал эми манасчылыкты кесип кылып, улуу өнөрдү алып кеткендерди кастарлап, сый көрсөтүшүбүз керек.

Бирок «Манас» эпосун бурмалабай, өзгөртпөй, болгонун болгондой кабыл алуу зарыл. «Манас» – кыргыз элинин өтмүшү, тарыхы, салт-санаасы, муң-зары, жыргал-кууралы, дүйнө таанымы - айтор баарын камтыган улуу энциклопедия. Эпоско белгилүү инсандар бекеринен жогору баа берип, тамшанбаган чыгар. Мисалы, Ч. Валиханов, В. Радлов, А. Петросян, М. Ауэзов, М. Богданова, С. Абрамзон, Ч. Айтматов ж.б.

Талаштардын эң бир урунттуусу - «Манастын арбагы колдосун!» деген фраза болсо керек. Мында бири-бирин көрөйүн деген көзү жок эки фронт бар. Биринчилери, көзгө көрүнгөн эле нерсени «ширк-мирк» деп чыга калчу салафиттик көз караштагы топ. Өткөндө бирөө жаңы ачылыш жасагансып, кадимки нике шакегин ширк деп чыгып алыптыр. Ушул дагы сөзбү эми? Азыркы акыл-эстүү заманда ким колундагы шакекке сыйынып атыптыр, тобо? Ошол молдоке Сулайман пайгамбардын, азирети Мухаммеддин шакек такканын билбейт окшойт. Же жөн шакек менен нике шакектин айырмасы өтө чоңбу?

Дегеле арбак колдойбу деген маселеге кайтсак. Мээрими чексиз, бардык нерсеге күч-кудирети жеткен Кудай уруксат этсе, арбактар деле жөлөп-таяшы мүмкүн да. Бул сунний исламдын сунний тарыйкаттарында бар. Мисалы, Гиждуванинин Накшбандиге жол көрсөткөнүн айтсак жетиштүү болор. «Алла жолунда өлгөндөрдү өлүү дебегиле. Жок, алар тирүү, бирок силер билбейсиңер» деп жатпайбы.

Эми эки сөздүн биринде эле «Манас Атанын арбагы колдосун» дей берип, «Манастын» баркын кетиргендерге келели. Муну демейде ислам динине каршылар, тагыраагы теңирчилик ишенимин туткандар колдонот. Кызыгы, арбак деген сөз арабча рух сөзүнүн көптүк формасындагы «арваах» (ارواح) – рухтар деген эле сөзү. Кыргыз тилине араб тилинен өздөштүрүлгөн исламий түшүнүк. Арбак маселесинде ушундай парадокс бар.

Айланайын бурадарлар, эмнеге майдаланабыз? Эмнеге бөлүнөбүз? Майдаланбай, чындап манастык сапаттар болгон айкөлдүктү, кечиримдүүлүктү, гумандуулукту көкүрөккө сиңирбейлиби. «Манасты» бетке кармап бөлүнбөй, бирикпейлиби.

«Манаста»:

«Кулалы таптап куш кылдым,

Курама жыйып журт кылдым».

Же Бакайдын акылы:

«Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,

Бөлүнүп калды кыргыз деп

Бөлөк элге кеп кетет».

-дегени күнү бүгүнкүдөй жаңырып турбайбы. «Манаста» дагы бир:

«Үзүлгөндү улайлы,

Чачылганды жыйнайлы

Жоголгон жокту табалы,

Журт айласын кылалы» - деген биримдиктин улуу идеясы бар. Дегеле эпостун негизги идеясы биримдик болуп жатса, анда эмнеге «Манастын» айынан бөлүнүшүбүз керек? Маселе эмнеде? Улуттук баалуулуктарын чангандардабы? Же эпос менен нан таап, жан баккан айрым кишилердин «Манасты» бетине кармап, чайкоочулук кылып, ажырымга жол ачканындабы?

Кандай болгон күндө да «Манас» - кайсы бир жекеликтин же үй-бүлөнүн, же болбосо бир гана манасчылардын эмес, мүлдө кыргыз элинин байлыгы, дөөлөтү, мурасы бойдон калууга тийиш. «Манас» - айрым топтордун эмес, бүткүл кыргыздын сыймыгы. «Манасты» сүйүү – кыргызды сүйүү, «Манаска» күйүү – кыргызга күйүү.

Иманбек Азизилла уулу

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG