Украина алгач ирет Түркияда жасалган "Байрактар" дрону менен Донбасстагы жикчилдердин бутасына сокку урду. Аны улай бул дрондорду жасаган түрк компаниясы дагы бир мамлекетке экспорт башталарын жарыялады. Ага чейин Кыргызстан Түркиядан пилотсуз учак сатып аларын билдирген.
Кыргыз тарапты кызыктырган "Байрактар" дрондору тууралуу эмне билебиз? "Азаттык" бул аппараттардын айланасындагы соңку жаңылыктарды беш суроонун тегерегинде түшүндүрүп берет.
"Байрактар" Украинага эмне берет?
Киев уруш жүрүп жаткан Донбасста биринчи жолу "Байрактар" дронун колдонгону жөнүндө кабар 26-октябрда желдей тарады. Украин армиясы жарыялаган видео күбөлөгөндөй, асмандагы пилотсуз учактан чыккан ракета жердеги артиллериялык техниканы бир нече көз ирмемде жок кылды.
Жергиликтүү медиа жазгандай, бул дрон атайын эле артиллериянын кишилер жок жерине сокку урган. Натыйжада бир да адамдын өмүрү кыйылган эмес. Украин армиясы бул сокку Орусия колдогон жикчилдердин Гранитное аймагындагы аткылоосуна жооп болгонун билдирди.
Украиналык аскердик эксперт Михаил Самусь "Байрактарды" колдонуу боюнча чечим абдан жогорку жетекчилердин деңгээлинде кабыл алынган деп эсептейт. Ал бул окуя Украинанын чыгышындагы согуштун жаңы этабына жол ачарын айтты.
"Ушул көз ирмемдерден тарта Орусия Украинага жана Украинанын Донбасстагы мүмкүнчүлүктөрүнө башкача мамиле кыла баштайт. Менимче, аларда чоң маселелер башталды", - деди Самусь.
Украинанын чыгышындагы согушка тиешеси жок экенин айтып келе жаткан Москванын жообу да көп күттүргөн жок. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Байрактар" Донбасста тынчтыкты орнотууга өбөлгө түзбөй турганын белгиледи.
"Чындыгында биздин Түркия менен өзгөчө жана жакшы мамилебиз бар. Тилекке каршы, украин аскерлерин мындай курал менен камсыздоо аракети чектеш аймактарда потенциалдуу түрдө кырдаалдын курчушуна алып келиши мүмкүн", - деди Песков.
Киев Түркиядан сокку уруучу учкучсуз тактикалык жабдуулардын партиясын сатып алуу тууралуу келишимге 2019-жылдын башында кол койгон. Адеп Украинага алты аскердик дрон бир катар жабдыктары менен кошо келгени, бул келишим дээрлик 70 миллион долларга бааланганы кабарланган. Ушул убакытка чейин Украина "Байрактарды" сыноодон гана өткөрүп келген эле.
"Байрактар" кантип иштейт?
"Байрактар TБ2" – Түркиядагы "Байкар" компаниясы жасап чыккан, чалгын жана сокку уруу максатында колдонулган, орточо бийиктикте, узак убакытка уча алган учкучсуз аппарат. Төрт ракета жана сапаттуу видео камералар менен жабдылган бул дрондор 5,5 - 8 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүп, асманда 24-27 саатка чейин учуп жүрө берет. Керек учурда сегиз чакырымдык аралыктан бутага сокку урууга кудуреттүү.
Узундугу 6,5 жана эки канатынынын узундугу 12 метрге чейин жеткен бул дрон 55-155 килограммга чейинки жүктү көтөрө алат. Бул дрондор Түркиянын "Түрксат" спутник түйүнү аркылуу аралыктан көзөмөлдөнөт жана башкарылат.
Анкара анын так баасын ачык жарыялаган эмес. Бирок айрым интернет булактарында бир "Байрактар" кеминде 5 миллион доллар турушу мүмкүндүгү белгиленип келет.
"Байкар" компаниясын машина куруу боюнча инженер, октябрь айынын ортосунда көзү өтүп кеткен Өздемир Байрактар 1984-жылы негиздеген. Дрондордун аты бир четинен бул үй-бүлөнүн фамилиясынан алынса, экинчи жагынан "байрактар" түрк тилинен которгондо "байрак же туу көтөргөн киши" деген маанини берет.
Жакында бул компания 12 чакырымга чейин көтөрүлө алган "Акынжы-Байрактар" деп аталган жаңы аскердик дронду ийгиликтүү сынап, август айынын соңунда Түркиянын Куралдуу күчтөрүнө өткөрүп берди.
"Байкардын" башкы технологиялык жетекчиси, Өздемир Байрактардын уулу Селчук Байрактар түрк дрондору туруктуу түрдө жаңыланып, аскердик операциялардын табиятын өзгөртүп жатканын сентябрь айында CNN Türk телеканалына курган маегинде айтты.
“Мисалы чек арада ондогон танкалар жылып келе жатат дейли. Беш дрон булардын баарын 20 мүнөттүн ичинде жок кылып коет. Мындай жаңычыл жабдыктар менен танкаларды, аскердик унааларды зыянсыздандырып коесуз. Англиялыктар танкалар керекпи деген суроону бере башташты”, - деген эле Селчук Байрактар.
Учурда дүйнөгө таанылган компанияны бир туугандары менен башкарып жаткан Селчук Байрактар түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын күйөө баласы. Ал президенттин кичүү кызы Сумейе Эрдоганга үйлөнгөн.
Кайсы өлкөлөр колдонууда?
Түркиянын куралдуу күчтөрү, жандармериясы, атайын даярдыктагы аскерлери жана деңиз флоттору "Байрактарды" 2014-жылдан бери колдонуп келет. Ошентсе да бул дрондордун атагы көбүнчө Түркиянын Сириядагы, Ливиядагы аскердик чабуулдарында, өзгөчө Тоолуу Карабактагы алты жумалык согушта чыкты.
2020-жылдын февраль айында "Байрактар" Анкаранын "Жазгы калкан" операциясында Сирия күчтөрүнүн жана жоочулардын бир топ позицияларын талкалаган.
Ливияда да Триполидеги улуттук өкмөт менен каршылашкан генерал Халифа Хафтардын күчтөрүнө каршы колдонулган. "Форбс" журналы жазгандай, Ливиядагы операцияларда "Байрактар" генерал Хафтарга караштуу орусиялык "Панцирь С1" зениттик-ракеталык комплексин жок кылган.
"Байрактар" 2020-жылдын күзүндө Тоолуу Карабактагы армян жана азери күчтөрүнүн ортосунда болгон согушта Азербайжандын жеңишин шарттаган негизги куралдардын бири катары мүнөздөлүп келет. Жогорудагы согуштук аракеттерде көптөгөн "Байрактар" атып түшүрүлгөнү да кабарланган.
Түркия өзгөчө Тоолуу Карабактагы операциялардан кийин дүйнөдө "Байрактарга" кызыгуу күчөгөнүн билдирип жатат. Бул тууралуу август айынын соңунда "Байрактар-Акынжы" дрондорун армиянын карамагына өткөрүү иш-чарасында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган да сөз кылган. Ал мындай дрондор Түркиянын өнөктөштөрүнө гана берилерин белгилеген.
"Байрактар TБ2" дрондорубузду Украинага, Катарга жана Азербайжанга экспорттодук. Жаңы келишимдер да түзүлүп жатат. Польша баш болгон ондон ашык өлкө менен макулдашууга кол койдук. Убактысы келгенде аларга да беребиз. Улуттук пилотсуз учуучу аппараттарыбыз үчүн дагы көп өлкө кезек күтүп турат. Бирок булар акча басып чыгарган бардык тараптар ала берчү жабдыктар эмес. Улуттук технологияларыбыздын союздаш өлкөлөрдүн коопсуздугуна көмөк көрсөтүшүнө маани беребиз жана өз чечимдерибизди стратегиялык артыкчылыктарыбызга жараша кабыл алып жатабыз", - деп билдирген Эрдоган.
27-октябрда "Байкар" компаниясы дүйнөнүн дагы бир өлкөсү менен "Байрактар TБ2" дронун экспорттоо боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди. Бирок адаттагыдай эле бул кайсы өлкө экенин ачык жарыялаган жок.
"Бул келишим менен "Байрактар TБ2" экспорттолгон өлкөлөрдүн саны 13кө жетти", - деп билдирди компания.
Компаниянын сайтындагы маалыматка ылайык, учурда Түркия, Катар, Украина жана Азербайжандагы "Байрактар" дрондорунун жалпы саны 160тан ашат.
Аскердик маселелерди талдаган порталдар Түркия менен дрондорго байланыштуу макулдашууга жетишкен өлкөлөрдүн катарында Марокко, Ангола, Албания, Латвия жана Венгрия бар экенин жазып жатышат.
Кыргызстандын болочок планын эсепке албаганда Борбор Азияда кеминде бир өлкөдө же Түркмөнстанда "Байрактар" бар экени жакында маалым болду. Түркмөн бийлиги сентябрь айында эгемендиктин 30 жылдыгына арналган аскердик парадда кеминде эки "Байрактарын" көрсөттү. Парадда тартылган сүрөттү "Байкар" компаниясы да "Твиттерде" бөлүшүп, Түркмөнстанды эгемендик күнү менен куттуктады.
Кыргызстандын планы тууралуу эмне белгилүү?
Кыргызстан Түркиядан "Байрактарды" алып жатканын алгач 21-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев билдирген. Бирок ал Түркиядан канча дрон, канча акчага сатып алынып жатканын жана анын шарттарын так айткан эмес.
"Жакында Түркиядан "Байрактар" алып келинет, андай курал дүйнөдө беш эле мамлекетте болсо, анын бири биз болобуз. Орусиядан дагы "Орлан-10" деген аталыштагы учкучсуз учак сатып алдык. Аны башкаруучу адистерибизди да ошол жактан окутуп жатабыз", - деп айткан Ташиев.
Ташиевди улай президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйынында Кыргызстан бир жылда аскердик техникаларды жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 млн. доллар бөлгөнүн, өлкө Орусия менен Түркиядан дрондорду да алып жатканын белгилеген.
"Түркиядан, анан Орусиядан дрондорду алып жатабыз. Сокку уруучу пилотсуз учактар деп коебуз. Эмне максатта алып жатабыз? Биз бирөө менен согушалы деген максатта алып жаткан жокпуз. Коопсуздугубузду коргойлу, элибиз тынч уктасын, чек араларыбыз өлүмгө учурабасын деген максатта күчтөп жатабыз. Өзүңүздөр билесиздер, 29-апрелде кагылышуу болгондо асманга учуп чыга турган тик учагыбыз, аскердик учагыбыз жок эле", - деп билдирген Жапаров.
28-октябрда аскердик жаңылыктарды жазган орусиялык "Интерфакс-АВН" сайты Кыргызстандын соңку планы боюнча орус армиясынын отставкадагы генерал-лейтенанты Евгений Бужинскийдин комментарийин жарыялады. Анда Бужинский Кыргызстан түрк дрондорун Орусия менен макулдашкандан кийин сатып алып жатышы мүмкүндүгүн, антпесе Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагындагы макулдашууларды бузуу аракети катары саналарын билдирген.
Быйыл август айында Кыргызстанда учкучсуз учуучу аппараттардын системасын чыгаруу аракеттери жүрүп жатканы кабарланган. 12-августта Министрлер кабинетинин ошол кездеги төрагасы Улукбек Марипов "Шумкар трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомун түзүү тууралуу токтомго кол койгон. Анда бул корпорация учкучсуз учуучу аппараттардын системасын чыгаруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырары белгиленген. Компаниянын негиздөөчүсү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду болгону менен инвесторлор ким экени так айтылган эмес.
"Байрактардын" атаандаштары барбы?
Дүйнөдө учкучсуз учуучу аппараттардын түрлөрү көп. Алар чакан чалгын дрондорунан тарта чоң ракеталарды алып жүрүүчү аскердик дрондор. Ошентсе да сокку урууга жөндөмдүү, орточо жана жогорку бийиктикте узакка уча алган дрондорду жасаган өлкөлөр көп эмес.
Аскердик дрондорду чыгаруу боюнча дүйнөдө АКШ, Кытай алдыңкы саптарда турат. Түркия бул өлкөлөр менен теңтайлашып калганын билдирип келет.
Америкалык RQ-4 Global Hawk дрону өтө бийиктикте 30 саатка чейин учуп жүрө алат. Бул аппарат күнү-түнү дебей сапаттуу видео, сүрөттөрдү тартып, керек учурда сокку урат. Дронду чыгарган компаниянын расмий сайтында жазылгандай, Global Hawk дрондору Ирак, Ооганстан сыяктуу бир топ аймактарда колдонулуп, 320 миң сааттан ашык учкан.
Кытай америкалык мындай пилотсуз учактарга атаандаш катары Wing Loong дрондорун өнүктүрүүгө аракет кылып келет. Жергиликтүү медиа бул дронду Кытай баштан-аяк өз күчү менен жасаганын, ал рыноктогу башка аскердик дрондордон кыйла жеңил экенин, континенттердин ортосунда да уча аларын жазып жатат.
Орусия болсо орточо бийиктикте учуп, сокку урууга жөндөмдү "Орион" дрондорун өнүктүрүү үстүндө. Кыргызстан алам деп жаткан орусиялык "Орлан" дрондору болсо негизинен чалгын жана куткаруу кызматтары үчүн, байланыш түйүндөрүнө бөгөт коюу үчүн колдонулат.
Адистер пилотсуз учактардын аскердик операциялардагы ролу артып бара жатат дешет. Анткени учкучсуз дрондорго чыгым, энергия аз кетет. Эң башкысы пилоттордун өмүрү коркунучта болбойт.
Ошентсе да дрондорду абадан коргонуу системалары оңой эле атып түшүрүп коет. Мындан тышкары ар кыл согуштук аракеттерде пилотсуз учактар сокку уруп, андан көп адамдардын, анын ичинде жайкын тургундардын өмүрү кыйылган учурлар да аз эмес.
Андыктан дүйнө жүзүндө мындай куралдарды "киллер-роботтор" деп мүнөздөп, аларды колдонууга каршы чыккан активисттер да бар. Алар өзгөчө жасалма интеллектин өнүгүшү менен робот куралдар адамзатка коркунуч жаратарын белгилеп келишет.