Эки тараптуу түшүнүүчүлүктүн негизги маңызы эмнеде? Мурдагы макулдашуулардан эмнеси менен артыкчылыктуу? Дегеле тоо-кен тармагындагы келишимдерди канткенде улуттук кызыкчылыктарга төп келтире алабыз?
«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева, геология илимдеринин доктору, профессор Дүйшөнбек Камчыбеков жана коопсуздук маселелери боюнча эксперт Максат Мамытканов катышты.
«Азаттык»: - Максат мырза, кыргыз өкмөтү канадалык «Centerra Gold Inc» компаниясы менен стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча түшүнүшүүгө жетишкенин билдирүүдө. Эки тараптуу түшүнүшүүнүн маңызы эмнеде болду?
Максат Мамытканов: - Биринчиден, Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда канадалыктар менен кол койгон «Жаңы стратегиялык келишимдин» жоболору ишке аша турган болду. Ошол документти азыркы өкмөт тааныды десек болот.
Сүйлөшүүлөр эки жылга созулду. Ошонун аркасы менен стратегиялык келишимге анча-мынча кошумчалар киргизилди. Ал кошумчалардын анча-мынча маңызын окуп жатабыз. Ал маалыматтарга караганда Кыргызстанга 5 миллион долларды аймактарды өнүктүрүүгө, экологиялык фондго дагы 5 миллион доллар кошуп берет экен. Келишимдин толук варианты менен тааныша элекпиз.
Ушул убакка чейин кыргыз тарап коюп келе жаткан экологиялык зыяндар боюнча дооматтар миллиарддаган доллар болчу. Алардын жанында бизге бере турган акча 30 миллион жана 5 миллион, биздин кызыкчылыгыбызга таптакыр шайкеш келбейт.
«Азаттык»: - Эркингүл айым, «Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда «Кумтөр» боюнча стратегиялык келишимди парламентке алып келбей кол коюп койгону мыйзамсыз, Конституцияга каршы» деп айтылды эле. Ага карабай бул өкмөт да ал келишим боюнча түшүнүүчүлүккө жетишип жатканын кандай түшүнсөк болот?
Эркингүл Иманкожоева: - Кыргызстан Кумтөр боюнча дагы эле алданууда, кыргызча айтканда «сөөк ыргыткандай» мамиле болуп жатат. Биздин улам кийинки өкмөттөрүбүз мурункулардан сабак албай жатат.
Мен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттарына да таң калам. Алар мөңгүнү талкалаш үчүн Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип беришти. Сапар Исаковдун өкмөтү парламенттин кароосуна киргизип чыккынчылык иш кылган. Парламент депутаттарына убагында катуу басым болгон.
«Кумтөр» долбоору азыр эки мөңгүнү талкалап жатат, анын зыянын эч төлөбөйт. Мөңгүнү талкалоого уруксат берген мыйзам дүйнө жүзүндө жок. Адамгерчиликке жатпаган акмакчылык чечим болгон. Ошондон улам «кыргыз элинин душманы – Сапар Исаков» деп ошол учурда соцтармактарга ачык эле жазгам.
«Жаңы стратегиялык келишимди эмне үчүн парламентке алып келген жок?» деп убагында эч ким сураган жок. Азыр да сураган жан жок. Келишимдин шарттары эч жерде жарыяланган жок. Ошон үчүн «чыккынчылык келишим» деп жатам. «Кумтөр» дагы кошумча 16 миң гектар жерди алып жатат. Анда алтындын бай кору жатат.
2013-14-жылдары Кыргызстандын Экология боюнча агенттиги биринчи инстанциядагы сотто «Кумтөрдөн» 6 миллиард сом утуп алган. Экинчи инстанцияга келгенде биздин өкмөт ал доо боюнча документтерин кайтарып алганы түшүнүксүз. Азыркы өкмөт да мурункулардын шарты менен макул болуп жатканы таң калтырат. Менимче, сентябрда парламент ишке киргенде бул маселени күн тартибине коюш керек. Бул жөнөкөй маселе эмес. Кеп миллиард долларлык зыян, миңдеген тонна алтын жөнүндө болуп жатат.
Дүйшөнбек Камчыбеков: - «Бул стратегиялык келишим кандай себептерден улам пайда болуп калды?» деген суроо туулат. Жогоруда айтылган экологиялык маселелер боюнча доо арыздарга байланыштуу айтылгандардын баары туура. Алар да арбитраждык сотко берүүгө даярданып калышкан. Анан эле эки тараптан тең «тынчтык» макулдашууларга келип калышты.
Кыргыз тарап «доор арызды кайтаралы, бирок экологиялык зыянды төлөгүлө» деп чыккандан кийин Сапар Исаковдун өкмөтү ошол «Стратегиялык келишимди» ойлоп чыккан. Тоо-кен тармагы боюнча бирикменин өкүлдөрүн кабыл алып жатканда биз Сапар Исаковдон: «Өкмөт кандай шарттарды коюп жатат?» деп сурадык.
Натыйжада «Кумтөр» экологиялык маселелерге 50 миллион доллар, 10 миллион доллар онкологиялык оорукананы оңдогонго жана башка майда-чүйдө акча төлөй турган болду. Баарын эсептеп келгенде 75 миллион доллар эле болгон. Биз сотко коюп жактан кине 7 миллиард сом болуп жатпайбы. Адистердин, эксперттердин айткан пикирлери, ойлору, жыйынтыктары эске алынбай кол коюлуп калган, бизди эч ынандырган эмес. Азыр да ошол кол коюлган «Стратегиялык келишим» күчүндө калды.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)