Өкмөт күзгү-кышкы жылуулук сезонуна даярдык чараларын кайрадан кароого мажбур болду.
Кара-Кечеден көмүр ташуу кыйындагандыктан, Кыргызстан Казакстандан Кара-Жыра көмүрүн тендерсиз сатып алып жатат. Ал эми сууну үнөмдөө үчүн 3 млрд. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу зарыл болууда.
Ошондуктан кыргыз бийлиги Түркмөнстандан 2 млрд. кВт/саат электр энергиясын, 350 млн. куб газ импорттоону сүйлөшкөнү кабарланды. Парламентте энергетика министри Таалайбек Ибраевге электр жарыгы менен жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо тапшырылды.
Жайкы "көмүр планы": арзан сатып, кымбат алуу
26-октябрда Жогорку Кеңеште энергетика министри Таалайбек Ибраев күзгү-кышкы жылуулук сезонун өткөрүү үчүн Бишкек ЖЭБин толук жергиликтүү көмүр менен камсыздоо планын ишке ашыруу татаал болгондуктан, Казакстандан 400 миң тонна көмүр сатып алып жатканын билдирди.
Андан мурдагы министр Доскул Бекмурзаев жайында быйыл Бишкек ЖЭБинде жалаң жергиликтүү көмүр жагыла турганын жарыялаган.
Парламент депутаты Дастан Бекешев жайында арзан көмүр даярдабай, аны кышка жакын Казакстандан кымбат баада сатып алып жаткан жагдайды шалаакылык катары баалады.
"Бул үчүн бирөө-жарым жоопкерчиликке тартылабы? Эмне себептен ушундай болуп калды? Жайында көмүрдүн тоннасын 26 доллардан сатсак, азыр 53 доллардан кайра чет жактан алып жатсак, бул жагы кандай болуп калды? Мурдагы министр башкача маалымат берген. Ага дагы ошентип кеңеш бергендер болсо керек. Ошол көмүрдү "кышка чейин толук жеткире алабыз" дегендер болсо керек. Бирок эсептегенде бир машине 40 тонна көмүр ташыса, жанагындай көлөмдөгү көмүрдү алып келүү үчүн 10 миңге чукул жүк ташуучу автоунаа ары-бери жүрүшү керек экен. Азыр биздин Бишкек ЖЭБине канча көлөмдө көмүр келип жатат? Анын баасы канча турат?".
Казак көмүрүн сатып алуу чечими
Энергетика министрлигинин маалыматында Кыргызстан быйыл жайында өлкөнүн түштүк аймагынан жалпы көлөмү 930 миң тонна көмүрдү тоннасын 26 доллардан Өзбекстанга жана башка чет өлкөлөргө саткан.
Министр Ибраевдин айтымында, ал көмүрдү өлкөнүн түндүк аймагына жеткирүү кымбат түшкөндүктөн, көмүр казган жеке ишканаларга тышка сатууга уруксат берилген. Ошол эле кезде "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы Кара-Кече жана Ак-Улак кендеринен керектүү көлөмдө көмүрдү өз убагында ташып жеткирип, Бишкек ЖЭБин жана калкты толук камсыздай албай турганы көрүнүп калган. Ошондуктан "Электр станциялары" компаниясы Казакстандын "Кара-Жыра" көмүр кенинен түз сатып алуу аркылуу 400 миң тоннадан ашуун көмүрдү тоннасын 53,45 доллардан сатып алуу келишимине кол койгон.
Жергиликтүү көмүрдү ташуу машакаты
Энергетика министри Таалайбек Ибраев кошуна Казакстандан көмүр ташып, ошол эле кезде тышка көмүр чыгарбоо чечими кабыл алынганын билдирди:
"Кечээ жакында өкмөттүн токтому чыкты. Автожол аркылуу көмүрдү тышка чыгарууга тыюу салынды. Ошол эле кезде "Кара-Жыра" менен келишим түздүк. Ал компания быйыл ноябрь айынын соңуна чейин 18 миң тонна көмүрдү Кыргызстанга ташып, алып келет. Анын тоннасын 53 доллар, 45 центтен ала турган болдук. Кара-Кеченин көмүрүнүн тоннасы кендин өзүндө жүктөгөнү менен 1450 сом турат. Бул жакка келгенде жол чыгымы менен анын баасы 3500 сом. Биз ал жактан көмүр ташуу үчүн күнүнө Кара-Кечеден Балыкчыга 278 машине жүрүп турушу керек. Бизде мындай мүмкүнчүлүк жок. Азыр 128-130 машине көмүр ташыса, 1050 тонна көмүрдү алып келгенге гана мүмкүнчүлүк бар".
Парламентте депутаттар кымбат баада көмүр сатып алууга аргасыз болуп, аны Кыргызстанга ташып жеткирүү дагы кыйын экени айтылды. Ошол эле кезде бул алды-сатты келишими да ишке ашпай калуу коркунучу бар экени белгиленди. Анткени азыркы учурда Кыргызстан сыяктуу эле көптөгөн өлкөлөр чет жактарга көмүр сатууга тыюу салып жатканы айтылды.
Ошондуктан парламенттин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев казак көмүрүн ташып келүү тобокелдигин эскертти:
"Азыр сиздер бир эле Казакстанды эсепке алып, жатасыздар. Бирок, алар бербей коюшу дагы мүмкүн. Берсе дагы, ташып алып келүү кыйын. Анткени жүк ташуучу вагондор жетишпей, жок болуп жатат. Ал жагы кандай болот? Казакстандан өздөрү жеткизип беришеби же сиздер Кыргызстандын вагондорун колдоносуздарбы? Бул кыштан Кудай деп эле чыгабыз го. Анткени бул көмүрдүн Казакстандан келиши да кыйын".
Электр жарыгы өчпөйбү?
Ошол эле кезде депутаттар быйыл кышында калкты электр энергиясы менен камсыздоонун абалына кызыгып, тынчсыздануусун билдиришти.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажыбаев адатта Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда жана алыскы аймактарда электр энергиясын өчүрүүлөр болуп турарын, быйыл дагы ошондой болсо, анын себептерин ачык түшүндүрүүнү сурады.
"Өткөн жылы Баткен облусунун Лейлек районунда түнкүсүн электр энергиясы өчүрүлгөн. Быйыл андай болбойбу? Баткен облусунда электр энергиясын быйыл өчүрбөшүңүздөр керек. Аны өзүңүз деле мыкты түшүнөсүз. Бизге Бишкек шаарынын четиндеги конуштарда түнкүсүн электр жарыгы өчүп жатканы боюнча кайрылуулар түшүп жатат. Бул чара электр энергиясын үнөмдөө максатында болуп жатабы же кандай?".
Кышкысын электр энергиясын керектөө кескин өсүп, буга байланыштуу Токтогул каскадынан аны өндүрүүнүн көлөмү көбөйүп, суу сактагычтагы суунун деңгээли төмөнкү чекке түшүп кеткен учурлар болгон.
Электр энергиясы менен газды импорттоо
Буга байланыштуу быйыл өкмөт Түркмөнстандан кошумча электр энергиясын экспорттой турганы белгилүү болду. Министр Таалайбек Ибраев түркмөн тарап менен сүйлөшүлүп, макулдашууга кол коюлуп жатканын белгиледи:
"Эч кандай үнөмдөө жок. Быйыл электр энергиясы менен 24 саат бою камсыздаганга мүмкүнчүлүк бар. Айрыкча түнкүсүн андай өчүрүүлөр болбойт. Ал эми биз керектөөчүлөрдөн электр энергиясын колдонууда "күндүзү чектөөнү кармагыла, үнөмдөгүлө" деп суранып жатабыз. Эмдиги жылы 1-апрелге карата 9,2 млрд. куб суу менен чыгабыз деген план бар. Сууну топтоп албасак, жыл сайын эле мына ошондой таңкыстык боло берет. Азыркы учурда Кыргызстанда 16, 2 млрд. кВт/саат электр энергиясы керектелип жатат. 3 млрд. кВт/саат электр энергиясы жетишпейт. Ошондуктан жакында Түркмөнстанга барып, ал жак менен 2 млрд. кВт/саат электр энергиясын алууну макулдашып келдим. Мындан башка 350 млн. куб жаратылыш газын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат".
Кыргызстанда электр энергиясынын жылдык керектөөсү 15 млрд. кВт/саат. Суу тартыштыгы жаралганда кыргыз өкмөтү сууну үнөмдөө үчүн жыл сайын Казакстан жана Өзбекстан менен сууну электр энергиясына алмашууну макулдашып келген.
Кыргызстандын көмүрдү жылдык керектөөсү эки жарым миллион тоннаны түзөт. Бишкек жылуулук электр борбору жыл сайын миллион тоннадан ашуун сатып алат.