Ишти учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) тергеп жатат. Ал эми Каракол жаратылыш паркынын жетекчилиги ижарага берүү жагы мыйзамдуу жобоолор менен жүргөнүн, прокуратура эмне себептен иш козгогонуна түшүнбөй жатканын билдирүүдө.
Каракол жаратылыш паркындагы 221 гектар жер 144 кишиге ижарага мыйзамсыз берилип кеткенин Каракол шаардык прокуратурасы пландык текшерүү учурунда аныктаган. Анын чоо-жайын прокурордун орун басары Кубатбек Абдымамбетов айтып берди:
«Каракол жаратылыш паркы 221 гектар жерге карата конкурс өткөргөн. Мыйзам боюнча бул жерлер адегенде 5 жылга берилип, анан ошол жылдарда толугу менен көрсөтүлгөн талаптарды аткарса гана тиешелүү келишимдер узартылышы керек. Булар ага карабайт, 2017-жылдын 27-ноябрында, 1- жана 5-декабрында 3 айлампа менен конкурс өткөрүшкөн. Ал жерден жалпысынан 144 адам жеңүүчү болуп табылат. Булар ошонун негизинде 221 гектар жерди 144 адам менен 49 жылга ижарага берүү боюнча келишим түзүп салышкан».
Кубатбек Абдымамбетовдун айтымында, 144 адамдын ичинен жыйырмасы мамлекеттик актыларын алып үлгүргөн. Азыркы тапта прокуратура район аралык сотко ижарага уруксат берген китепти алууга жетишкен 20 адамдын китептерин жокко чыгарып бериш үчүн доо арыз жиберди, ал эми Каракол шаардык сотуна 144 адамдын келишимин жокко чыгарып берүүнү суранып, доо арыз жөнөткөн.
«Биз текшерүүнүн жыйынтыгы менен документ ала электер тууралуу Каракол жаратылыш паркына «тез аранын ичинде мыйзам бузууну жойгула» деп прокурордук талап бердик. 124 киши боюнча алар өзүлөрү «туура эмес кетип калыптыр» деп бир тараптуу келишимдерди жокко чыгарды. Ал эми 20 киши «кызыл китеп» алып алган. Андыктан биз Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган «кызыл китептерди» жокко чыгарып берүү боюнча район аралык сотко доо арыз даярдадык. Анан бул 20 адам китеп алып туруп, келишимди аткармак турсун, башка адамдарга сатып жиберишкен», - дейт шаардык прокуратуранын өкүлү.
Мындай ишке жол ачкан үчүн 320-берене («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча катталып соттук өндүрүшү жүрүп жатат. Учурда иш тергөө үчүн Финполицияга жиберилди.
Ал эми Каракол жаратылыш паркынын жетекчилиги жерлерди ижарага берүүдө мыйзамсыз иш аракет жүргөн эмес деп эсептейт. Парктын жетекчиси Туратбек Муратбек уулунун айтымында, бардык норма сакталып, мыйзамда көрсөтүлгөн жобо менен иш жүргөн. Ал прокуратуранын юридикалык баасына даяр экенин билдирди:
«Бул жерде мыйзамсыз иш-аракет жүргөн жок деп ойлойм. Анткени Жер кодексинде да көргөзүлүп турат, 7-беренеде «49 жылга чейин мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпашы керек» деген жери бар. Анан эми 667-токтомдо да «5 жылдык сыноо мөөнөтү менен» деп турат. Ал жер менин оюмча келишимде көрсөтүлгөн. Ар бир келишимде «5 жылдык сыноо мөөнөтү менен» деп көрсөтүлгөн. Ал эми мамлекеттик каттоодон өткөн күбөлүгүн бүгүнкү күнгө чейин бизге ижарачылар көрсөтө элек. Алар Мамлекеттик каттоо кызматынан колдоруна «кызыл китептерин» алгандан кийин кайра бизден каттоодон өтүшү керек болчу. Каттоодон өткөнгө чейин текшерүү иштери болуп, бүгүнкү күндө прокуратурада деп атышат. Азырынча китептерин алып келише элек».
144 ижарачынын арасында Түп районунун тургуну Жеңишбек Сарыбаев да бар. Ага жер 49 жылга берилгени көрсөтүлгөн, бирок азырынча Мамлекеттик каттоо кызматынан жерге күбөлүк китебин ала элек. Жеңишбек жер берилип жатканда бардыгы так көрсөтүлүп беришсе болмок деп эсептейт.
«Мыйзамдуу түрүндө эле келишим түзүп, мыйзамдуу эле бүткөн. Анан өткөндө прокуратура «сотко чакырат» деп аткан, ошону күтүп аткам. Жерди эми «5 жылга берип туруп, анан 49 жылга беребиз» деп атышат. Башында эле ошентип беришсе болмок, анан неге 49 жылга берди, билбейм. Мага айырмасы деле жок, 5 жылга берип туруп кийин 49 жылга тууралаштырып берсе деле макулмун», - деди ал.
Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын жалпы аянты 38148 гектарды түзөт. Паркта ижарага жер берүү 2006-жылдан башталган. Ошол жылдан бери 723 гектар жер 299 ижарачынын колуна тийген. Жаратылыш паркынын жетекчисинин айтымында, ижарадагы 723 гектар жерден бир гана Каракол тоо лыжа базасы 136 гектар жерди иштетип келсе, калган жерди алган ижарачылар дээрлик иштетишпейт.
Негизинен парктын аймагындагы жерлер туризм багытына гана иштетилүүгө берилет. Ар бир ижарачы алган жерине 5 сотыхка гана курулуш ишин жүргүзүшүнө уруксат берилет. Аны да тийиштүү мекемелерден уруксат алып, анан гана курулуш ишин жүргүзө алат. Көбүнчө ижарачылар курулуш жагына уруксат ала албай калгандыктан жерлерди иштетпей жатышат.
Ижарага берилген жерлердин акысы 1 жылга гектарына 5 миң сом. Ошондо Каракол жаратылыш паркындагы ижарада турган 723 гектар жерден жылына өлкөнүн капчыгына 3 868 290 сом каражат түшөт.