Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:13

Тынчтыкты сактоодо диндин ролу


Токтогазы уулу Бактияр.
Токтогазы уулу Бактияр.

Калайман башаламандыкта, саясий абал чыңалганда дин ишмерлери тынчтыкты сактоого кандай салым кошо алат? Алар жарандарга кеп-кеңеш берип, жагдайды турукташтырууга көмөк көрсөтө алабы?

«Дин саясаттан тышкары» деген түшүнүктөн алганда, алардын кырдаалга аралашуусу, кеп-кеңеш бериши канчалык туура болот? Бул суроолор «Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түздү.

Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү, муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Токтогазы уулу Бактияр талкуулашты.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстанда саясий абал чыңалган кезде айрым жарандар дин өкүлдөрү элге насаат айтып, абалды жайгарууга салым кошушу керек экенин белгилешти. Бирок дин менен саясатты айкалыштырууга да жол берилбөөгө тийиш. Бул жагынан алганда жапырт башаламандык чыккан кезде дин ишмерлеринин ролу кандай болууга тийиш?

Токтогазы уулу Бактияр: - Кыргызстанда саясий абал курч болуп жаткан кезде дин аалымдарынын максаты тынчтык менен биримдикти сактоо болуп эсептелет. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына караштуу аалым-имамдарыбыз бул жагынан өздөрүнүн колдон келген аракеттеринин баарын жумшашты. Ошол эле социалдык тармактардан элге кайрылып, билдирүүлөрдү жасап, колубуздан келгенин кылдык. Тартип бузулуп турганда дин кызматкерлери өз позициясын билдирип, мыйзамдуулукка чакырып, башаламандыкты токтотууга аракет кылышы керек. Бул сөзсүз түрдө имамдардын, диний абройлуу адамдардын бирден-бир негизги милдети болуп эсептелет.

Себеби, мындай учурларда талоончулук, башка бирөөнүн мүлкүн өрттөп салуу же тартып алуу жана башка ар кандай туура эмес иштер болуп кетет. Ошондуктан имамдар тынбай түшүндүрүү иштерине жандуу катышып, чыр-чатакты болтурбоого салым кошушу зарыл.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстандагы акциялар учурунда топтолуп намаз окугандарды көрүп калабыз. Бул көрүнүш абалга канчалык таасир этет? Ал феноменди каерде сыйынуу ар кимдин жеке тандоосу деген мыйзамдык принципке ылайыктаганыбыз туурабы?

Токтогазы уулу Бактияр: - Көпчүлүк болуп окулган намаздарды, мисалы аянтта окулган айт намазын мисалга келтире турган болсок, ал үчүн алдын ала шаардык мэриядан уруксат алынып өткөзүлөт. Намаздын да жол-жобосу бар. Ар ким эле каалаган учурда каалаганын жасоо мүмкүн эмес. Кандайдыр бир кырдаалдарда топтолуп намаз окуганда шарияттын өзүнүн талаптары, шарттары бар. Ошол нерсе сакталышы керек. Кайсы намаз окулуп жатат, жөн эле бешим намазыбы же айт намазыбы - каралышы зарыл. Баарына шарият тарабынан чечимдер болууга тийиш. Диний ырасым болсо да бизде башаламандык, тартипсиздик көрүнүштөрү болбошу керек.

Тынчтыкты сактоодо диндин ролу
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:46 0:00
Түз линк

Канатбек Мурзахалилов: - Жума хутбаларында элге айтылчу кеп-кеңеш, насааттар муфтияттын алдын ала планы боюнча жүргүзүлөт эмеспи. Жагдайга жараша хутба темасы өзгөртүлүүгө тийишпи? Ал кандай негизде ишке ашырылат?

Токтогазы уулу Бактияр: - Ооба, жума хутбалары муфтияттын бир жылдык планынын алкагында ишке ашат. Ошол пландын негизинде имамдар жума намаздарында хутбаларын, насааттарын айтышат. Жагдайга жараша хутбанын темасы деле кошумча-алымча болуп айтылышы мүмкүн. Ал эми олуттуу өзгөртүүлөр боло турган болсо, анда муфтийдин буйругу, тапшырмасы менен ишке ашырылат.

Канатбек Мурзахалилов: - Жума хутбаларында саясий сабаттуулукка, адам укуктарын сыйлоого багытталган маселелер айтылабы же бул саясатка аралашуу болуп калабы?

Токтогазы уулу Бактияр: - Саясий сабаттуулукка багытталган маселелер боюнча мечиттерде эч кандай иштер жүргүзүлбөйт. Себеби, биздин диний кызматкерлер саясатка байланыштуу маселелерди, үгүттөрдү айтууга же саясий өңүттө чакырыктарды жасаганга уруксат берилбейт. Саясатка байланышкан иштерди тиешелүү кызматкерлер, айыл өкмөтү, айыл башчылар жүргүзгөнү жакшы болот. Ал эми адам укуктары, башка диндин өкүлдөрүнө сый-урмат менен мамиле кылуу туурасында имамдарыбыз хутбаларында жана өздөрүнүн сабактарында айтып келишет.

XS
SM
MD
LG