Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Талас электр тармагындагы тиреш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын иш жамааты мекеменин жетекчисине нааразылыгын билдирип келет. Алар мурда энергетика тармагында иштебеген адам саясий колдоо менен кызматка дайындалып, ишканада өзүм билемдик саясат жүргүзүп жатканын айтышууда.

Электр энергиясындагы чукул тийишүү зымдарда гана эмес, ушул тармакта иштеген адистер арасында да болуп турат. Мисалы, Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын ичиндеги кайым айтышуу жакынкы күндөрү бүтчүдөй түрү жок. Мекеменин жетекчиси Мирлан Есенкулов менен жамааттын тиреши жарым жылдан бери уланууда.

Ишкананын диспетчердик жана технологиялык байланыш кызматынын башчысы Марат Мамбеталиевдин айтымында, Есенкуловго мекемеде иштеген 176 кишинин дээрлик жарымы каршы. Алар «Есенкулов иш билги жетекчи эмес, өндүрүштө тажрыйбасы жок» деген жүйөөнү карманып турушат.

Энергетиктер. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Энергетиктер. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

«Бул киши буга чейин университетте мугалим болуп иштегени менен энергетика тармагында практика жүзүндө иштеп көргөн эмес да. Ошондуктан анын ишканадагы иши сапатсыз болуп жатат. Туура эмес иштерди көп кылууда. Жамааттын сөзүн укпайт. «Мен мекемени жаңыртам, окуу жайында мен окуткан кесипкөй балдар көп, ошолорду алып келип иштетем» деген ойлорун бизге таңуулап жатат. Биз анын жетекчи болуп турушуна каршы чыктык. Бирок ал саясий колдоо менен келген окшойт. Аны Жогорку Кеңештин төрөгасы Дастан Жумабеков өзү колдойт деп угабыз», - деди Мамбеталиев.

Ишкананын жетекчисине карата нааразы тараптагылар мындан башка да толгон-токой нааразы пикирлерди, жүйөлөр менен фактыларды чогултуп коюшкан. Арасында уюк байланышына коротулган бирдикке чейин кийлигишкен майда-барат иштер да бар.

Мекеменин ондоо цехинин башчысы Артур Нурбаев ишканадагы ички ингригалардын айынан кышка даярдык жакшы жүрбөй жатат деген пикирде.

«Учурда биз кышка даярдык көрүшүбүз керек эле. Бирок жетекчибиз бизди аңдып эле, ишибизге басым жасап жатат. - дейт ал. - Мындай жетекчи менен даярдык жакшы болбойт. Учурда иш таптакыр жүрбөй калды десек да болот. Есенкулов кызмат абалынан пайдаланып, кол астында иштегендерди өзүнүн чарбасында жеке кызыкчылыгы үчүн жумшап алган. Талаага алып барып таш тердирет. Өзүнүн жумушуна кеткен күйүүчү майды мекеменин эсебинен алат. Мунун айынан жумушчулардын ишке көңүлү жок».

Сөз болуп жаткан ишкананын жетекчиси Мирлан Есенкулов кызматка ушул жылдын февраль айында дайындалган. Ал ага чейин Талас мамлекеттик университетинде «Энергофизика» кафедрасында улук окутуучу болуп иштеген.

2017-2019-жылдары Талас шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 2017-жылы ошол кезде президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Таластагы штабын жетектеген.

Есенкулов кол алдында иштеп жаткандардын дооматын курулай сөз деп эсептейт.

«Жамааттын ичинде директор бологусу келип жүргөн бир-эки киши бар экен, - деди ал. - Ишканада алардын туура эмес кылып жүргөн иштерин аныктап, бөгөт койгом. Ушундан улам алар көрө албастык кылып жатышат. Бирок алардын иши - курулай доомат. Ал эми кышка даярдык боюнча маселе жок. График менен иштеп жатабыз. «Биз өндүрүштүк мекемеде иштейбиз, саясий ишкана эмес. Ар бирибиз өз милдетибизди билели» деп ар бир кызматкерге айтып чыктым. Арасында туура түшүнгөнү да бар. Айрымдары түшүнгүсү да келбей жатат. Бул ишканада система эскирген. Мен ошону жаңыртыш үчүн аракет жасап жатсам каршы чыгып жатышат. Мен аларга теңелбейм. Ишим менен көрсөтөм. Ал эми мен бул кызматка конкурска катышып келгем. Алар айтып жаткан Дастан Жумабеков менен жеке байланышым жок».

Мекеменин жамаатынын арызынын негизинде «Улуттук энергохолдинг» ишканасынан атайын комиссия келип Есенкуловдун ишин териштирип кеткен. Натыйжада ага сөгүш берилген. Бул тууралуу «Улуттук электр тармагы» ишканасынын басма сөз катчысы Элзада Саргашкаева билдирди:

«Есенкуловдун ишине байланыштуу жамааттын кайрылуусунун негизинде ички комиссия түзүлгөн. Натыйжада Есенкуловго сөгүш жарыяланган. Эгер ишканада ага карата дооматтар токтобосо катуу сөгүш берилип, кызматтык ордунан бошотуу маселеси каралат. Анткени биздин милдет - элге электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү. Ошондуктан ишкананын кышка даярдык көрүшү маанилүү».

Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактары - «Улуттук электр тармагы» ишканасынын аймактагы филиалы. Мекеме электр энергиясын бөлүштүрүү жана жеткирүү ишин алып барат. Ишканада 12 көмөкчордон бар. Анын экөө стратегиялык объект болуп санатат. Алар Түлөбердиев жана Семетей көмөкчордондору.

Ал жерде иштегендердин сөздөрүнө таяна турган болсок, ишканадагы чыңалуу азырынча басаңдай турчу эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG