Айылдыктарды кубанычка бөлөгөн жагдай тарыхта калчу күн болуп турат. 6-июнда Жазы-Кечүүгө алгачкы мамычалар орнотулуп, курулуш иштери башталды.
Жазы-Кечүүнүн тургуну Эрмамат Калмаев бир топ жыл мурда салган турак жайынын электр зымдарын кайрадан оңдоп чыкканы жатат. Үй ичиндеги лампочкалар ток жок иштебегендиктен желе басып калган. Эрмамат айылга жарыктын келиши жаңы турмуштун башталышынан кабар берет дейт.
«Свет келсе жаңы жашоо эми башталат. Мектепке электр тогу жетсе, балдарыбыз компьютерде иштегенди үйрөнмөк. Уюлдук байланыш да жакшы тартпайт. Айылга электр тогу менен байланыш антеннасы коюлуп, үйдө отуруп сүйлөшүп калмакпыз. Үйдүн ичиндеги лампочканы такканыбызга бир топ жыл болду, свет күтүп эскирип да кетиптир. Эми кайрадан зымдарды карап чыгышыбыз керек. Антпесе ток келген соң туура эмес улаштырган жерлерден от чыгып кетиши мүмкүн».
Жарыктын келишин үй кожейкеси Анаркан Кадыркулова да чыдамсыздык менен күтүүдө. Ал тиричиликтеги кол жумуштарынан арылып, түйшүк жеңилдемек дейт.
«Айылыбызга электр энергиясы келип калса, жашоо башка нукка өзгөрмөк. Үйгө кир жуугуч машина, муздаткыч жана чай кайнатуучу меш алабыз деп ниеттенип турабыз. Үйгө конок келсе очокко чай кайнатуу түйшүк. Жамгыр жааган күндөрү от күйгүзө албай убара тартабыз. Кой сойсок, этин узакка чейин сактоо машакат. Муздаткыч жок, жайкысын тамак-аш сактоо кыйын. Балдарыбыз телевизор көрүп, аз да болсо акыл-эси өнүкмөк. Кудайдан тилеп, кубанычыбыз орундалсын деп турабыз».
6-июнда Жазы-Кечүү айылында алгачкы мамычаларды орнотуу иш- чарасына Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
25 миллион сомдук долбоорду «Жалал-Абад электр» ишканасы өз эсебинен ишке ашырып жатат. Назаров 1-сентябрга чейин элеттиктерге жарык жетет деп ишендирди.
«План боюнча линия тартуу ишин 1-июнда баштамакпыз, бирок кечигип болсо да жумуш башталды. Жазы-Кечүү айылына мамыларды орното баштадык. 18 чакырым аралыктан электр энергиясы тартылып, линиялар Сузак районунун Ак-Тоок айылындагы подстанцияга барып кошулат. Бул долбоорду «Жалал-Абад электр» ишканасы өз каражатынын эсебинен, жумушчуларынын күчү менен куруп бүтүрөт. Өткөн айда Базар-Коргон районунда электр мамыларын чыгарган атайын цех ачканбыз, анын продукциясын ушул жакка иштетебиз. Жазы-Кечүү айылы 1-сентябрга карата толук электрлештирилип бүтөт. Бул жерге 10 кВт линия тартылып, үч жерге трансформатор коюлат. Мындан сырткары 0,4 кВт электр зымдары ар бир үйгө чейин тартылып берилет».
Айыл Базар-Коргон районунун борборунан 110 чакырым алыста жайгашкан. Жазы-Кечүүнүн бир бөлүгү Сузак районунун карамагында болуп, ашууну ашкан, азаптуу жол ушул район аркылуу өтөт.
Элетте кышкысын 3 метрге чейин кар жаап, 6 айга чейин созулат. Ноябрь айынан тартып эле айылга алып барган жол кооптуу болуп, жазга чейин жабык болот. Кышкысын айылдыктар 20 чакырым аралыктагы жолду ат менен басып өтүшөт.
Сузак районунун акими Эрмек Омошев жол электр тогу менен бирге жолду оңдоо меселеси да каралып жатканын билдирди.
«Айылга Базар-Коргон району жактан жол куруу планы болгон. Бирок ал жактагы катаал шартты көрүп, кайрадан Сузак району аркылуу эски жол менен каттоо жагы каралып жатат. Ички чарбалык жолдун айрым бөлүктөрү токой чарбага жана жайыт комитетине тиешелүү. Базар-Коргон районунун аким менен биргеликте тийиштүү ишканаларды кошуп жолду оңдоого киришели деп турабыз. Ири долбоор башталып жаткан соң жергиликтүү бийлик да жолго жардам берүүнү чечтик».
Айылда 140 түтүн, тактап айтканда 600дөй адам жашайт. 100 орундуу мектеп жана ФАП бар. Кышында кар калың жаагандыктан тургундардын жарымы кышты шаарга жакын айылдарда өткөрүшөт. 1993-жылдары айылга электр линиясын тартуу иштери башталып, соңуна чыккан эмес. Жергиликтүү тургундардын бири Эсенгелди Жолдошбаев буларга токтолду:
«1988-жылдан тартып свет келет деп өзгөчө күттүк. Оштон долбоорлоо институтунан адистерди чакырып, энергетиктер келип көрүп кетишкен. 1993-жылы ошол учурдагы Жалал-Абаддын губернатору Бекмамат Осмоновдун демилгеси менен линия тартуу иштери башталып, ал дагы бүтпөй калган. Ал кезде бул жерлер колхоздун жайлоосу болчу. Андан бери союз тарап, заман өзгөрдү. 2009-жылы Жазы-Кечүүгө айыл деген статус берилген. Бул күн биз үчүн чоң майрам. Илгерки өчүп калган үмүттөрдүн шооласы кайрадан жанып жатат».
2017-жылы Жазы-Кечүүгө электр линиясын тартуу планы каралып, 204 млн. сомдук долбоор иштелип чыккан. Бирок калкы аз айылга чоң суммадагы курулушту аткаруу ишке ашкан эмес.
Энергохолдингдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда учурда беш айылдын тургундары электр жарыгы жок жашайт. Алардын үчөөнө былтыр күн нурунан кубат алуучу жабдыктар берилген. Быйыл Жазы-Кечүү менен Баткендин Зардалы айылына электр тогун жеткирүү пландалууда.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.