Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Пандемия үгүт ишин аксатабы?


Буга чейинки шайлоодогу курултайлардын бири.
Буга чейинки шайлоодогу курултайлардын бири.

Кыргызстанда саясий партиялар пандемия шартында жыйындарын кантип өткөрүүнү билбей турушат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу саясий партияларды үгүт өнөктүгүн онлайн түрдө өткөрүүгө чакырды.

БШКнын маалыматы боюнча, мындай форматта өнөктүктү жүргүзүүгө тиешелүү даярдык көрүлүп жатат. Аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, учурда коронавируска каршы республикалык штаб менен кошо бир катар чечимдер кабыл алынууда.

«Жолугушууларды өткөрүп, стадиондорго элди шаан-шөкөт менен топтоого буга чейин эле мыйзам менен тыюу салынган, - деп түшүндүрдү ал. - Ал эми сөзсүз жолугушуу керек болсо, Коронавируска каршы республикалык штаб талап кылган эрежелердин негизинде гана уюштурулушу керек. Анын ордуна жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен өткөрсө деп жатабыз».

Учурда БШК буга чейин бекитилген пландын негизинде уюштуруу иштерин өз мөөнөтүндө жүргүзүп жатат. Мыйзам боюнча, шайлоого катышчу саясий партиялар добуш берүү күнүнө 45 күн калганда же 20-августка чейин курултайларын өткөрүп, талапкерлерин бекитиши керек. Андан соң БШК бул талапкердин тизмесин карап чыгып, 25-августта документтерди кабыл алууну токтотот.

Мындай жол менен шайлоого катышчу партиялардын жыйындарды өткөрүүгө үч жума гана убактысы калды. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам саясий уюмдар курултайларды кандай форматта өткөрүүнү билбей турушат.

Маселен, «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун айтымында, учурда уюм жыйындарды, үгүт өнөктүгүн кандай өткөрөрүн аныктай элек.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Азыркы учурда кандай тартипте өткөрөбүз деп ойлонуп жатабыз, - деди ал. - Эгер курултай өткөрө турган болсок, тизмени бекитиш үчүн жок дегенде 150 мүчөбүздү чакырууга туура келет. Эгер кырдаал жакшырбай, элдин коопсуздугуна коркунуч жарала берсе онлайн өткөргөнгө туура келет. Аны жүзөгө ашыруунун үстүнөн иштеп жатабыз. Бирок акыркы чечим жок».

«Мекеним Кыргызстан» партиясы деле жыйынды кантип өткөрүүнү билбей турат. Партиянын лидери Мирлан Бакировдун айтымында, учурда уюм жыйынды кандай тартипте өткөрүү боюнча БШКдан сунуш күтүп жатат.

«Акыркы пандемия үгүт иштерин жүргүзүү, курултайларды уюштуруу боюнча жаңы талаптарды коюп жатат, - деди партия лидери. - Ал эми курултай боюнча айта турган болсок, бул жерде БШКнын кандайдыр бир көрсөтмөсү болот деген күтүп жатабыз. Албетте, мыйзамда булардын баары каралган. Бирок акыркы кырдаалга байланыштуу тиешелүү орган багыт берет деген ишенимде турабыз».

Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу абал акыркы бир айда аябай курчуп кетти. Пандемия башталгандан бери бул илдеттен каза болгондордун саны 1 364 кишиге жетип,вирусту жугузгандардын катары суюлбай жатат.

Өкмөт жана адистер эпидемиологиялык абал турукташса да, дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүн экенин эскертип жатышат.

Мына ушундай шартта Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү кандай өтөт, талапкерди көрсөтүү, үгүт иштери канчалык ачык-айкын жүрөт деген маселе турат. Адистер коомдук көзөмөлдү камсыз кылуу кыйын болгондуктан шайлоо мыйзам бузуу менен коштолуп, административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу сыңары көрүнүштөр күчөбөйбү деп чочулашууда.

Мындай коркунуч бар экенин белгилеген «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова айрым терс көрүнүштөр азыртадан эле байкалып жатканын билдирди:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Коркунучтар абдан эле көп. Үгүт өнөктүгүнүн маңызы шайлоочунун тандоосуна, эркине таасир этүү болуп саналат. Азыр болсо көп чектелип жатабыз, шайлоочулар менен кыдырып жолуга албай жатабыз. Эми башка партиялар аймактарда иштеп жатат деп атышат. Бул жерде бийликчил, каржысы көп партияларга жакшы мүмкүнчүлүк болуп жатат. Алар гуманитардык жардам деп шайлоочулардын добуш сатып алуу деп эле айтсак болот».

«Таза шайлоо» ассоциациясынын мүчөсү Тагир Осмоналиевдин айтымында, азыркы кырдаалда БШКнын принципиалдуу жана ачык-айкын позициясынан көп нерсе көз каранды. Муну шайлоо процессинин бардык катышуучулары талап кылып, көзөмөлгө алышы керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Учурда 44 саясий партия шайлоого катышкысы келерин билдирип, БШКга кайрылды. Булардын ичинен канча партия саясий жарыштын аягына чейин жетери белгисиз.

Буга чейин «Ата Мекен», «Республика» сыяктуу партиялар коронавирус пандемиясына байланыштуу шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну сунуш кылышкан. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков мындай сунуштарды популизм катары баалап, шайлоо өз мөөнөтүндө өтөрүн жарыя кылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG