"Азаттык" мындан ары аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялап турмакчы.
Баткен
Баткен облусунда 1790 стационардык орун даярдалды.
Өзбекстандын Фергана облусунан жалпы баасы 6 млн. 300 миң сомду түзгөн медициналык каражаттар келди. Анын ичинде коргонуучу каражаттар, ооруну аныктай турган лабораториялык шаймандар бар.
Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна медициналык шаймандардан турган гуманитардык жардам көрсөттү
Ош
9-июлда Ош облусунун бир катар аймактарында коронавирус илдетинин алдын-алуу максатында өрт өчүрүү кызматы менен биргеликте дезинфекциялоо иштери жүрдү.
Гүлчө айылындагы борбордук базарда жайгашкан дүкөн, ашкана, банктар дезинфекция болду.
Өзгөн шаарындагы борбордук базарды дезинфекциялоо. 9-июль, 2020-ж.
Талас
Талас облусу эки жумага жабылды. Облустун жетекчиси Марат Мураталиевдин айтымында, эки апта бою «Талды-Булак» бекетинен Таласта каттоосу барлар гана өтө алат, каттоосу жоктор киргизилбейт.
Ал арада Таластагы ооруканаларга коронавирус менен күрөшүү үчүн каражаттар жетишсиз экени белгилүү болду.
Мындан улам Бишкектен жаштардын тобу Таласка дем алдыруучу жети аппарат, жүздөгөн коргонуучу каражат жана беткап жиберишти.
Ысык-Көл
Ысык-Көлдө облустун ичинде жана тышка каттаган маршруттук кичи автобустардын иштешине он күнгө чектөө киргизилүүдө. Каракол шаардык автобекети он күн иштебейт, турфирмалар менен келишими бар кичи автобустар гана каттай алат. Таксилердин ичи 70% гана толууга тийиш.
Мындан тышкары, жума намазга чогулууга да убактылуу тыюу салынды.
Ал арада Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургундары айылдагы ооруканага дем алдыруучу аппараттарды сатып алуу үчүн марафон өткөрүп, акча чогултуп жатышат. Таалайбек Досойбек уулунун видеосу.
Коронавирус күчөп, эл кыйналып жаткан маалда аталган райондо кыян жүрүп, Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол автожолунун бир тилкесин жууп кетти.
Жалал-Абаддын Ноокен районунун Достук айыл аймагынын жаштары аймактык ооруканага тогуз даана кычкылтек концентраторун сатып беришти. Айылдын жаштары демилге көтөрүп, өз ара каражат чогултуу менен ар бири 630 АКШ долларына бааланган кычкылтек концентраторун алып беришти. Түркиядан буйрутманын негизинде үч жабдык келсе, калгандары жакынкы күндөрү жеткирилет.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн аппараты аймакка 300 даана кычкылтек концентратору керек экенин билдирди. Учурда дарыгерлер колдонуп жаткан 372 концентраторлордун 23ү иштебей турат.
Жалал-Абаддагы стационардык борбор.
Нарын
Коронавируска байланыштуу кырдаалдын күч алышынан улам Нарын облусу боюнча 829 орундуу күндүзгү стационар түзүлдү. Алардын ичинде Ат-Башы районунда – 169, Ак-Талаа районунда – 123, Жумгал районунда – 162, Кочкор районунда – 158, Нарын районунда – 120, Нарын шаарында – 97 орун.
Нарындагы стационардык борбор.
Мындан тышкары Нарын шаарында дагы 50 орун даярдалып жатат. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов 8-июлда брифингде билдирди.
Өкүл ошондой эле облус аймагында бир катар чектөөлөр киргизилгенин маалымдады.
Бишкектеги жана Кыргызстандагы стационардык борборлор менен фотобаяндан тааныша аласыз.
СOVID-19: Аймактардагы стационардык борборлор
1/23Жалал-Абад шаарындагы күндүзгү стационар.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
2/23Жалал-Абад шаарындагы күндүзгү стационарларга күн сайын 150дөн ашык адам келип жатат.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
3/23

4/23Ысык-Көл облусу боюнча обсервация жана стационар үчүн 1383 орун камдалды. Анын ичинен обсервация катары 645 орун, күндүзгү стационар катары 738 орун бар.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
5/23Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, ошондой эле жалпы облус боюнча иштеп жаткан эс алуу жайлары, пансионаттар менен келишим түзүлдү.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
6/23Ага ылайык, эки миң орун камдалды, бирок резерв катары кармалып турат. Азырынча даярдалган орундар жетиштүү.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
7/23Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев стационарлардын биринде.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
8/23Ысык-Көлдө облустун ичинде жана тышка каттаган маршруттук кичи автобустардын иштешине он күнгө чектөө киргизилүүдө.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
9/23Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоевдин айтымында, Каракол шаардык автобекети он күн иштебейт, турфирмалар менен келишими бар кичи автобустар гана каттай алат. Таксилердин ичи 70% гана толууга тийиш.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
10/23Каракол шаары. 9-июль, 2020-ж.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
11/23Талас шаары.

12/23Облуста 570 орунга күндүзгү стационар ачылды. Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталган. Талас облусунда алгачкы бейтап дээрлик үч айдан кийин, 10-июнда гана катталган. Облус жетекчиси аймакка кирип-чыгууну чектөө жагынан мурун да чара көргөн болчу.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
13/239-июлга карата коронавирус Кыргызстанда 8847 адамдан табылды, алардын 83ү Таласта. Облуста бул илдеттен эки адам каза болгон.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
14/23Баткен облусунда күндүзгү стационар үчүн 1000ден ашуун орун даярдалууда. Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, бул аймактын ар бир район, шаарында кошумча 200дөн орунга ылайыкташкан стационарлар ачылат. Учурда Кызыл-Кыя шаары жана Лейлек райондорунда орундуктар даяр болду.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
15/23Бул жайлар эгерде пневмания оорусу менен ооруган жарандарга ооруканаларда орундуктар жетпей калса, медициналык жардам көрсөтүү максатында пайдаланылат.
Учурда облустун аймагында обсервация үчүн 1790 орун даярдалган. Ал эми ооруканаларда изоляция үчүн 435 орунга мүмкүнчүлүктөр бар.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
16/23Нарын шаарындагы "Газпром" спорт комплексиндеги 50 орундук күндүзгү стационар.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
17/23Коронавируска байланыштуу кырдаалдын күч алышынан улам Нарын облусу боюнча 829 орундуу күндүзгү стационар түзүлгөн.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
18/23 Алардын ичинде Ат-Башы районунда – 169, Ак-Талаа районунда – 123, Жумгал районунда – 162, Кочкор районунда – 158, Нарын районунда – 120, Нарын шаарында – 97 орун.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
19/239-июлга карата Нарын облусунда коронавируска чалдыккан 18 адам катталган. Жалпы облуста оору жуктургандардын саны – 604 адам
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
20/23Бишкек шаарынын "Дордой" конушундагы мектепте даярдалган күндүзгү стационар. 8-июль, 2020-ж.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
21/23Сүрөт Нурзат Осмонова аттуу Бишкек шаарынын тургунунун Фейсбуктагы баракчасынан алдынды.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
22/23

23/23Бишкек шаарындагы жарнак.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Толук көрсөтКыскарт
Артка
Алдыга
Ушу тапта Кыргызстанда кыйын кырдаалда ири ишкерлерден баштап, пенсиядагы карыялар, чет жердеги мекендештер кала берсе мектеп окуучуларына чейин жардамга кол сунуп жатышат.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.