Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Матраимовдордун адвокаты судья болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун 6-январдагы жарлыгынын негизинде жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Алардын арасында Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жана Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун адвокаты Лейла Байдаева да бар. 

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун 6-январдагы жарлыгына ылайык, Бишкек шаарынын кээ бир райондорунун, ошондой эле Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жаңы судьялары дайындалды. Бош турган судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн президенттин кароосуна Судьяларды тандоо кеңешинен бул ирет тогуз талапкер боюнча сунуш келип түшкөн. Мыйзам боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов Судьяларды тандоо кеңешинин сунушунун колдоп же четке кагып коё алат.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Свердлов райондук соттун судьясы болуп дайындалган, коомдо карама-каршы пикир жараткан Лейла Байдабаеванын талапкерлигин четке кагып койгонго негиз болбогонун айтып жатат:

Галина Байтерек.
Галина Байтерек.

«Лейла Байдаева 2020-жылдын сентябрь айында Судьяларды тандоо кеңешинин конкурстук этаптарынан (тест, жазуу иши, аңгемелешүү) өткөн. Андан кийин анын талапкерлиги президенттин милдетин аткаруучуга сунушталган. Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдар да эске алынды. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Лейла Байдаева менен аңгемелешүү да өткөргөн. Анын талапкерлигин четке кагууга эч кандай себеп болгон эмес».

Свердлов райондук сотунун судьясы болуп дайындалган Лейла Байдаева коомчулукка Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жана Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун адвокаты катары таанымал. Байдаева аталган үй-бүлөнүн «Азаттык» радиосуна, журналист Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча иште алардын кызыкчылыгын коргоп келген. Бул иш дал ошол Лейла Байдаева судья болуп иштей турган Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Кийинки отурум 15-январда өтүшү керек.

Журналист Али Токтакунов Байдаеванын кызматка барышына мындайча комментарий берди:

Али Токтакунов.
Али Токтакунов.

«Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов элдин пикирине, ишенимине жаба түкүрдү. Анткени Свердлов райондук сотунда журналисттер менен соттошуп жаткан Матраимовдордун жактоочусун ошол эле жерге судья кылып дайындады. Бул көрүнүштү азыркы бийликтин Матраимовдорго жагынуу аракет катары баалайм. Элди, журналисттерди жеңиш үчүн Матраимовдорго түзүлгөн «шарт», «белек» деп эсептейм. Булардын эл алдында айтканы менен иш жүзүндө кылганы эки башка болуп жатат. Талант Мамытов менен Матраимовдор кандай дос экенин, алардын катнашын далилдеп бергенбиз. Мамытов депутаттык комиссияны жетектеп турганда Матраимовдорду коргоп, журналисттерди каралаганын жакшы билебиз. Ал бүгүн да коррупциялашкан үй-бүлөгө кызмат кылып отурат».

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьялык үч бош кызмат ордуна 19 талапкер ат салышкан. Алардын ичинен бешөө мурда судья болуп иштеген. Конкурстун жыйынтыгы менен Алтынбек Түмөновдун (56,999 упай), Лейла Байдаеванын (53,625 упай) жана Таалайбек Абыкеевдин (53,143 упай) көрсөткүчтөрү жогору болгон. Судьяларды тандоо кеңешинин сайтында Түмөнов менен Абыкеев буга чейин беш жылдан судья болуп иштегендиги жазылган. Ал эми Лейла Байдаева 20 жылдык эмгек стажы бар юрист экени көрсөтүлгөн.

Судьяларды тандоо кеңешинин басма сөз катчысы Назира Сагыналиева буларга токтолду:

«Акыркы дайындалган судьялар боюнча комментарий бере албайм. Анткени президенттин жарлыгы чыкты. Судьяларды тандоо мыйзамдын негизинде гана жүрдү. Ага ылайык, конкурска биринчи жолу катышып жаткан талапкерлер тест тапшырат, андан кийин жазуу түрүндөгү тапшырмаларды аткарып, соңунда маектешүүдөн өтүшү керек. Ал эми судьялык стажы бар талапкерлер тестирлөөдөн гана өтпөйт. Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча жогорку упай алган талапкерлердин тизмеси президентке сунушталат».

2010-жылы бийлик алмашкан соң сотторду иргеп алуу максатында Судьяларды тандоо кеңеши түзүлгөн. Алгач кеңештин курамы 24 адамдан турчу. Кийин бул сан кыскарып, азыркы маалда кеңештин тогуз мүчөсү бар. Алардын алтоо Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция жана оппозициялык азчылык, калган үчөө судьялык корпус тарабынан тандалат.

Судьяларды тандоо кеңеши үч жылга шайланат. Азыркы курамынын мөөнөтү 2020-жылдын декабрь айында эле аяктаган болчу. Бирок кеңештин мүчөлөрү ишмердүүлүгүн улантып жатышат.

Укук коргоочу Рита Карасартова Судьяларды тандоо кеңеши толугу менен президенттик аппараттын көзүн караган органга айланды деп эсептейт.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Соттук реформаны же мыкты судьялардын тандалып келишин унутушубуз керек, - деди ал. - Президентти ким колдосо, ким акча берсе ошол адамдар сот болот. Анткени Судьяларды тандоо кеңеши - президенттин аппаратына түздөн-түз көз каранды орган. Мындай көрүнүш Алмазбек Атамбаевдин, Сооронбай Жээнбековдун учурунда да болуп келген. Андыктан Лейла Байдаева президенттик аппаратка жакпаса, анда конкурстан өтмөк эмес».

Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытовдун жарлыгына ылайык, Лейла Байдаевадан тышкары Айдай Жарматова, Мирлан Жолдошбаев Бишкектин Октябрь райондук сотуна, Таалайбек Абыкеев, Алтынбек Түмөнов Свердлов райондук сотуна, Мелис Өмүралиев, Марлен Тентимишов Ленин райондук сотуна судья болуп бекитилди. Нарын жана Ысык-Көл облустук сотуна Бермет Мырзаканова менен Замир Алыбаев барды.

Мамытов-Матраимов байланышы

Эркин журналист Али Токтакунов менен «Factcheck.kg» сайтынын негиздөөчүсү Болот Темиров «Мамытов-Матраимов көмүскө достугу» деген кезектеги журналисттик иликтөөсүн жарыялашкан. Кыргыз жана орус тилдеринде чыккан иликтөөдө президенттин милдетин аткаруучу спикер Талант Мамытов менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байланышы тууралуу сөз болот.

Журналисттер тапкан жаңы далилдер боюнча, катардагы депутат болуп турган кезинде Мамытовдун кеңешчиси болгон Тынчтык Сулайманов аттуу адам Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын бир тууган иниси экени аныкталган.

Кыргызстандан миллиондогон долларды чыгарып кетүүгө аралашкан, кытайлык уйгур улутундагы ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жагдайларды териштириш үчүн 2019-жылдын ноябрында Талант Мамытов жетектеген депутаттык комиссия түзүлүп, ал ишин 2020-жылдын июнь айында жыйынтыктаган. Комиссиянын корутундусу парламенттин 18-июндагы отурумунда талкууланган жана токтом кабыл алынган.

Комиссиянын отурумдарында жана корутундусуна Саймаити менен байланышы бар деп айтылып келаткан Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы аталган эмес. Ошондой эле комиссия «иликтөөчү журналист Али Токтакунов Саймаитиден 100 миң доллар пара алган» деген эки адамдын күмөндүү көрсөтмөсүн жарыялаган. Мындай тыянак коомчулукта Талант Мамытов жетектеген утурумдук комиссиянын ишинен күмөн санаган пикирлерди жараткан.

2019-жылдан бери «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу бир катар журналисттик иликтөөлөрдү жарыялаган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Матраимовго байланышкан ишти учурда УКМК тергеп жатат

Октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин бийлик алмашып, 20-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалган. Ал ошол эле күнү соттун чечими менен үй камагына чыгарылган эле.

24-декабрдагы басма сөз жыйынында мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, Матраимов күнөөсүн моюнга алып, 1 миллиард 400 миллион сомду бюджетке накталай акча түрүндө кайтарып берген. Мындан тышкары, анын бир соода борбору жана тогуз батир түрүндөгү 600 миллион сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлдү.

Райымбек Матраимов жана анын адвокаттары же Жогорку Кеңештеги депутат агасы Искендер Матраимов бюджетке которгон каражат тууралуу комментарий бере элек. Ошол эле учурда Ысмайыл Матраимов атындагы фонд өз доосунан да баш тарта элек.

9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Райымбек Матраимовду «Магнитский» санкциясын киргизген.

49 жаштагы Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары бул мекеменин төрагасынын орун басары болгон.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG