Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Коррупцияны адегенде жөнгө салалы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Айбек Сарыгулов жиберген сунуш.

Мен билгенден дүйнөдө коррупциясы жок өлкө жок. Анткени коррупция - адамзаттын түздөн-түз ач көздүгүнө жана суктугуна байланыштуу болгон илдет. Эмнеге адамзатта мындай илдет бар десеңиз Адам-ата менен Обо-эненин бейиштен куулганынан башташ керек болот. Ач көздүк болгон жерде жемкордук сөзсүз болот. Адамзаттын коммунизмди курушу канчалык утопия болсо, коррупцияны толук жок кылуу да ошондой эле утопия деп билем.

Коррупцияны жок кыла албайсың, азайтсаң гана болот. Коррупциянын аздыгы же көптүгү коомчулуктун жана өлкөнүн өнүгүшүнө түздөн-түз байланыштуу нерсе. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдө жана коомдордо коррупция канчалык аз болсо, өнүкпөгөн жана өнүгүү жолундагы өлкөлөрдө коррупциялык көрүнүштөр ошончолук көп кездешет. Өнүккөн өлкөлөрдүн да бир убакта өнүгүү тепкичтерин өткөнүн эске салып акылың жетсе, алардын өткөн жолун талдап өлкөң үчүн тыянак чыгарып иш жүргүзөсүң же акылың жетпесе өзүңдөн бир тепкич өйдө болгон өлкөлөрдү ээрчийсиң. Бизде болсо акыл жетмек тургай ашып-ташып жатканы үчүн түз эле өнүккөн өлкөлөрдү туурамай өнөкөтү күч болуп кетти. Өзүбүздү тепкичтин чокусундагылар менен тең көрүп, аларда болгон жашоону каалап турган чагыбыз. Биринчи класска барбай жатып университетте жүргөндөйбүз десем жаңылышпасам керек. Демек коррупция менен күрөшүүнү баштаардан мурда коомдук аң-сезимибиздин жана өлкөбүздүн экономикалык өнүгүшүнүн кайсы деңгээлде экенин тактап алышыбыз керек.

Дүйнөдө өлкөлөр жана ал өлкөнүн ичинде жашаган коомчулук өнүккөн, өнүгүп жаткан, өнүгүү жолундагы жана өнүкпөгөн деп төрт топко бөлүнөрүн билебиз. Биз өнүгүүгө умтулабыз, ошондуктан өнүкпөгөн өлкөлөрдөн жогору турабыз. Бирок өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн да эмеспиз, анткени дагы эле толук бойдон кайсы жол менен өнүгө турганыбызды тандай албадык. Биз дагы эле туңгуюк социализм жолунан толук айрыла албай, капитализм жолуна да толук түшө албай, эки ортодо өзүбүздү өзүбүз алдап, «базар экономикасы» менен өнүгүүгө аракет кылып жатабыз. Биз чындап келгенде биринчи тепкичтен экинчи тепкичке өтө албай ортодо бир казык кага коюп асылып алып, өзүбүздү үчүнчү тепкичке жетип калгандай сезебиз. Ошондуктан баарыбызга «коррупцияга каршы күрөш» урааны жагып турган убак. Эгерде экинчи тепкичке жете алганыбызда, башкача айтканда өнүгүү жолуна түшкөн өлкөгө айлана алганыбызда коррупциянын нака башы өзүбүз экенибизди, коррупциясыз азыркы маалда жашай албай турганыбызды түшүнүп, куру ураанга ишенбейт элек. Бизде бир ишти бүтүрүп бергенге пара алган тарап күнөөлүү, а бирок ал иштен пайда тапкан, пара берген тарап күнөөсүз болуп турган учур. Адилеттүүлүктүн таразасынын бир тарабы жалгыз эле доомат менен толтурулуп турса да өзүбүздөн кынтык көрбөй таразанын туура тартуусун талап кылып, чыккан натыйжага ыраазы болбой турган учурдабыз. Бул да биздин коомчулуктун өзүн өзү таразалай албаган, «меники туурадан» башканы билбеген, башкасынын айтканынына кулак какпаган өнүгүү жолунун жаңы башындагы коомчулук экенибиздин көрсөткүчү. Демек акылыбыз жетсе, укмуш көргөн өлкөлөрдөгү коомчулуктун биздин абалыбызды чагылдырган доорун карап, ал доордон тартып кандай өнүккөнүн тариздеп, анан ошого жараша коррупцияны азайтуунун жолдорун караш керек. Эгер акылыбыз жетпесе бизден бир сөөм өйдө турган өлкөлөрдү туурап өнүгүүгө бел байлап, алар коррупцияны азайтыш үчүн кандай чара көрүп жатканын көрүп көчүрсөк да пайдалуу болот. «Америкада мындай экен, Европада тигиндей экен» деп сайрап, жөн эле тайраңдай бергенде «казды туурайм деп каргынын буту сыныптыр» болуп каларыбызды унутпайлы.

Коррупцияны азайтыш үчүн өнүгүү тепкичтерине жанаша тепкичтер менен илгерилешибиз керек. Адегенде коррупция жалаң эле мамлекет менен жарандын ортосунда эмес, коомчулуктун бардык карым-катнаштарында боло турганын тактап алыш керек. Ата-энеси баласына жакшы баа алганы үчүн пара берсе да, тойдо той ээсине конверт берилсе да, жолдогу МАИге акча берсе да, имамга кызматы үчүн пара берсе да баарынын бир өлчөмдө коррупциялык көрүнүш экенин туура түшүнүш керек.

Өлкөнүн экономикалык өнүгүшү начар болгонуна байланыштуу мамлекет өз кызматкерлерин толук камсыз кыла албасы шексиз. «Анда канткенде мамлекеттик кызматкерди шыктандырып иштешине шарт түзө алабыз?» дегенде, коомдо жазылбаган принциптердин иштелип чыгышы керек экенин белгилей кетейин.

Мисалы, чай акысы деген принцип киргизилсе, бир өлчөмдө да болсо коррупция азайбаса да ооздукталаган болот. Ресторанда тамак жесең официантка канча «чай акы» таштайсың? Ошондой эле мамлекеттик кызматкердин кылган ишине жараша, сенин да көңүлүң оорубагандай, анын да көңүлү оорубагандай суммалар белгиленсе коомчулукта туура эмес түшүнүктөр азаят. Ал адамдын да үй-бүлөсүн багууга аракети бар экенин, мамлекет толук акча төлөй албай жатканын туура түшүнүүгө аракет кылып, мамлекеттик кызматтын эң ылдыйкы тепкичиндегилердин коом менен карым-катнашын тууралаганга аракет кылыш керек. МАИ токтоткондо канча акча берсе туура болорун айдоочулар жакшы билет, бирок бир тастыктама алыш үчүн кимге канча берсе туура болорун билиш кыйын.

Капитализмде бардык кызматтын акысы өнүгүүгө жараша белгиленген, бизде болсо социализмден толук чыга албаган мамлекеттик системада мамлекеттик кызматкер канча алса туура болорун билбейт, берген адам да ал кызматтын канча турарын билбейт. Базарга барып «канчадан сатасың» десе «канчага аласың» дегендей эле түшүнүксүз маселе болгон үчүн эки ортодо же бири көп сурап коёт, же бири аз берип койгон үчүн нааразылык көп. «Элдин баары «коррупцияны жок кылалы» деп жатса, сен кайта тескери сүйлөп «коррупцияны жайылталы» деп жатасың» дегендер болот. Бирок туура түшүнгүлө, туура эмес бир нерсени азайтуудан же жок кылуудан мурда жөнгө салыш керек. Менин айтканым - коррупцияны азайтыш үчүн эң башында жөнгө салып, чегин коюп алсак андан кийин экономикабыздын өнүгүшүнө жараша азайтуу мүмкүн болот.

Менин бул сунушум коомчулугубуздун жана өлкөбуздүн өнүгүүдөгү ордуна жараша азыркы этапта жолго коюлса туура боло турган ыкма катары пикирим. 27 жылдан бери Түркияда жүрүп, Түркиянын капитализм менен басып өткөн жолун көрүп, мурдагы менен азыркыны талдап, анан чыгарган тыянактарым десем туура болот.

Түркияда да 90-жылдары чай акысы деген түшүнүк бар эле, бирок өлкө экономикасы өнүгүп, мамлекеттик кызматкерлердин кызмат акысы жогорулаган сайын андай нерселер бар-бара өзүнөн-өзү эле азайып кетти десем жаңылышпайм. Убагында Түркиянын президенти Тургут Өзалдын «менин мамлекеттик кызматкерим пара албайт, менин мамлекеттик кызматкерим ишин билет» деп мамлекеттик кызматкердин аркасында туруп колдоо көргөзбөгөнүндө Түркиянын мамлекеттик машинеси азыркыдай туруктуу иштейт беле деп ойлойм. Бизде болсо мамлекеттик кызматкер баары үчүн күнөөлүү, бардык балээ үчүн жооптуу болуп калып жаткан үчүн балким өнүгө албай жаткандырбыз?

Ошондуктан «коррупцияга каршы күрөшкөндө» эмнелерди жок кыларыбызды да туура түшүнүш керек. Коррупцияга каршы күрөшөбүз деп жатып мамлекетибиздин устуну, саатынын бурамасы болгон мамлекеттик кызматкерлерди жок кылып алып, мамлекетсиз калбайлы.

Айбек Сарыгулов

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG