Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Аксыдагы каналдын кенемтеси кечикти


Аксыдагы Ак-Терек каналы.
Аксыдагы Ак-Терек каналы.

Аксыда жер тилкесине суу өтүүчү канал курулган 42 кожолукка кенемте төлөнбөй жатат.

Көп жылдан бери ишке ашпай келген Ак-Терек каналынын курулушу үч жыл мурун башталып, учурда иш уланууда. Жергиликтүү бийликтин айтымында, канал бүтсө, миңдеген гектар аянтка сугат суу жакшыраак жетет. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланууда. Ири ирригациялык долбоор Кашка-Суу айыл өкмөтүн аралап өтөт.

Ак-Терек каналынын курулушу жергиликтүү элдин маселесине айланды. 80 жаштагы Арапбай Айтмырзаевдин үлүшкө берилген сегиз сотук жери суу алдында калган, ал үчүн 54 000 сомдук кенемте алыш керек эле. Бирок кагаз иштеринин бүтпөй жатканы аны кечиктирүүдө. 10 жыл мурунку эсептелген баа жер ээлерин канааттандырбай жатат.

«Ошондо бир чарчы метр жерибиз 66 сомдон болду. Андан бери инфляция болуп, акчанын күчү кетти да. Биз бул жерлерден жылына эгин эгип, балдарыбызды багып келгенбиз. Элдин акчасын берип коюш керек»,- дейт Айтмырзаев.

Айылдагы 45 кожолукка 12 млн. сом акча төлөнүшү керек болчу. Учурда үч киши гана короо-жайына жана бак дарактарга деп төрт млн. сом кенемтесин өндүрүп алган. Элдин жерлери канал курууга берилгенине 10 жылдан ашуун убакыт өтсө да кенемте көйгөйү ошол бойдон турат.

Кашка-Суу айыл аймагынын башчысы Улук Керимкулов бул маселени чечиш үчүн тийиштүү тармактарга кайрылганы менен эч кандай майнап чыкпаганын айтууда:

«2008-жылдан бери жумушу башталган. Элдин үлүш жерлери жана короо сарайлары бар жергиликтүүлөргө кенемте төлөнбөй келет. Алардын маселесин чечиш үчүн биз тийиштүү тармактарга кайрылып жатабыз».

Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын башчысы Таалайбек Мырзаматов жер ээлеринин айрымдары ушул күнгө чейин тийиштүү болгон документтерди бүтүрбөй жатканын айтат. Ошону менен бирге үлүш жерлердин беш гектардан төмөнүнө жарандарга кагаз иштерин даярдоого мыйзам жол бербейт.

«Мыйзамдагы тоскоолдуктарды жетекчилик чечип, уруксат берген болсо мен кагаз жумуштарын тез арада жолго коём. Экинчи маселе - жергиликтүүлөр менен буюртмачылар бизге келип, келишимдерин тактап бүтүрүшү керек эле. Эки тарап тең бул боюнча алгылыктуу жумуш алып барбай жатат», - деди Мырзаматов.

Өкмөткө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Суу чарба курулуштары боюнча дирекциясынын өкүлү Айдай Мусалиева агенттик кенемтени төлөп берүүгө даяр экенин белгиледи. Анын айтымында, документ иштери солгун, кенемтенин кечигип жатканына акчанын тартыштыгы эмес, жергиликтүү бийликтин чабалдыгы себеп болуп жатат.

«Эл өзү документтерин толук бүтүрбөй туруп кенемтенин акчасын сурап жатат. Биз бир канча жолу эл менен жолуктук, айттык жана түшүндүрдүк. Учурда үч үй-бүлөгө төрт миллион сомдон ашуун акча төлөп бердик. Мен кимисинин кагаз жумуштары аяктаса, байланышып, бүтүрүп берүүгө убада берип келем»,- деди Мусалиева.

Ак-Терек каналынын узундугу жети чакырым 300 метрди түзөт. Эки чакырымдан ашууну тоннел болот. 725 метри казылып бүттү. Курулуштун жалпы сметалык баасы 800 миллион сомго барабар.

XS
SM
MD
LG