Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) өткөн соттун көчмө жыйынында Атамбаев терезеден тарапташтарына кол булгалап учурашты. Ушул эле күнү аны менен партиялаштары жолугуп чыкканы да белгилүү болду.
Ал арада Башкы прокуратура мурдагы президент Бишкекке салган мечиттин каржы булагы текшерилип жатканын кабарлап, бул Атамбаевдин мүлкүнө байланышкан маселелерди кайра козгоду.
Сот Атамбаевди камакта калтырды
Шаардык сот Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык арызын 4-сентябрда карады. Сот бул жолу да УКМКда өтүп, ага адвокаттардан башка эч ким киргизилген жок. Жыйынтыгында шаардык сот райондук соттун Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча жана «Атамбаевдин кармалышы мыйзамдуу» деген чечимдерин күчүндө калтырды.
Атамбаев камакка алынгандан бери биринчи жолу коомчулукка терезеден көрүнүп, атайын кызматтын алдына чогулган үй-бүлөсү менен тарапташтарына кол булгалап учурашты.
Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөлөрү Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Карамат Орозова Атамбаев менен жолугуп чыкканы белгилүү болду. Орозова жолугушууда эмне тууралуу сөз болгонун жана соттун чечимдери боюнча буларды билдирди:
«Алмазбек Шаршенович мыйзамсыз кармалганын айтып жатат. Муну юристтер эле эмес, коомчулук деле сөз кылууда. Адвокаттар арыз жазганы менен сот аны бүгүн канааттандырган жок. Андан тышкары сот процесси сот залында өтүшү керек. Бул тартип да бузулуп атат. Мамлекет мыйзам талаасынан чыгып баратканы абдан өкүнүчтүү».
Атамбаев кармалгандан бери эле ага байланыштуу бардык соттук жараяндар УКМКнын имаратында өтүп келатат. Жактоочулар сот мыйзам бузуу менен коштолуп, Атамбаевди коомго кооптуу кылмышкер кылып көрсөтүү аракети жүрүп атканын айтышууда.
Бирок Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов көчмө сот жыйындары практикада буга чейин эле кеңири колдонулуп келгенин айтып, мындай чечим кандай учурларда кабыл алынарын түшүндүрдү:
«Биринчи кезекте шектүү адамдын өздүгү эске алынат. Анын коомго, айлана-чөйрөдөгүлөргө коркунучу барбы-жокпу, талданат. Себеби анын айынан коомдогу абалдын туруктуулугу бузулуп, анын тарапкерлери араң турган бейпилдикке жик кетирип коюшу мүмкүн. Ошондуктан бул чаралар туура эле. Анткени сот азыр Алмазбек Атамбаевдин кылмыш ишин караган жок да. Азыр болгону бөгөт чарасы каралып атат. Соттун көчмө жыйыны биринчи кезекте Атамбаевдин өзүнүн коопсуздугу үчүн, экинчиден, элдин коопсуздугу үчүн уюштурулууда».
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайра жанданган кылмыш ишинин алкагында 30-август күнү Алмазбек Атамбаев мурдагы прокурор Аида Салянова жана мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов менен беттештирилген. Мурдагы президенттин адвокаттарынын маалыматына караганда, Атамбаев ушуга чейин бир да документке кол коё элек жана көрсөтмө берүүдөн да баш тарткан.
Атамбаев салган мечит шек жаратты
Ал арада Алмазбек Атамбаев Бишкектин 7-кичирайонуна салган «7-апрель шейиттери» мечитинин айланасында талкуу башталды. 3-сентябрда бул мечиттин иши токтотулганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Башкы прокуратура аны төгүндөп, ошол эле учурда «7-апрель шейиттери» мечити кайсы акчага салынганы иликтенип жатканын кабарлады.
«Алмазбек Атамбаевдин коррупциялык жосундары боюнча тергелип жаткан кылмыш иштеринин алкагында, Бишкек шаарынын 7-кичирайондо жайгашкан «7-апрель шейиттери» мечити А. Атамбаевдин каражатына курулганы аныкталган. Бишкек шаарынын, Юнусалиев 173/1 дарегинде жайгашкан 1 гектар жер тилкеси А. Атамбаевге таандык «Форум» илимий-өндүрүш фирмасы» ЖЧКга катталган. Ошону менен бирге, аталган мечит камакка коюлбаганын белгилейбиз. Мечиттин ишмердүүлүгү кандайдыр бир түрдө чектелген эмес. Учурда тергөө тарабынан А.Атамбаевдин мечитти курууга сарптталган акча каражатынын булагын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө», - деди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматкери Жаркынай Азиева.
«Азаттык» аталган мечитке да барып келди. Ал кадимки эле тартибинде иштеп, адамдар намаз окуп жатышкан экен. Мечиттин имамы Абдышүкүр Нарматов социалдык тармактагы баракчасына мечиттин ишине эч кандай чектөө коюлбаганын жазды.
«7-апрель шейиттери» мечити быйыл апрель айында ачылып, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышып, мечитти жаңылап кайра курууга достору жардам бергенин билдирген.
«Мечитке берилген жер менин менчигимде 25 жылдан ашык турду. Муну да «мамлекеттин жерин берип койду» деп айтып чыгышпасын. Мечиттин айланасындагы гранит Ала-Тоо аянтынан келген эмес. Аны жаңы тилдирип, досторум аркылуу алып келгем. 1989-жылы фирма ачтым. Ошондон бери менде мындай жерлерден Бишкекте гектар-гектар болчу».
Ошол учурда жердин аянты эки гектар экени, мечитке 5 миң киши батаары айтылган. Бирок мечитти салууга канча каражат кеткени жана Алмазбек Атамбаевге кайсы достору жардам бергени ачык айтылган эмес. КСДПнын маалыматы боюнча, мечит ишке берилгенден кийин муфтиятка өткөрүлгөн.
Бул Атамбаевдин мүлкүнө байланышкан маселени козгоду. Ал кармалгандан кийин Башкы прокуратура Атамбаевге таандык деп 120 мүлк камакка алынганын жарыялаган. Башкы көзөмөл органы кийин Атамбаевдин ишиндеги 20 мүлк объектилерин камактан чыгарган. Мүлк маселеси боюнча КСДПнын мүчөсү Ирина Карамушкина комментарий берди:
«Алмазбек Атамбаевдин банк эсептерин жана турак-жайын камакка алышты. Эмне, анын аялы балдары менен көчөдө жашашы керекпи? Атамбаевге коюлган айыптар боюнча бийликте бир да далил жок».
Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.
7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы Атамбаевди кармоо операциясында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.