Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Мээнеткеч энциклопедиячы географ эле...


Географ Өмүрбек Бараталиев (10.4.1949––20.7.2020).
Географ Өмүрбек Бараталиев (10.4.1949––20.7.2020).

Кыргыздын таанымал географ илимпозу, агартуучу Өмүрбек Бараталиевдин жаркын элесине арналган блог.

Илгери улуу согушта почтоочу “кара кагаз” ташыгандай болгонсуп калбай, дүйнөдөн өткөн замандаштарыбыз тууралуу көп жазгандан да заарканабыз деп айтылган кепке түзөтүү киргизгим келет: дал ушул эскерүүлөр чакан болобу, узун болобу, ошол маркумдардын жаркын элестерин түбөлүктүү кылышат...

Кыргыз география илими оор жоготууга учурады

Жакында Кыргызстандан дагы бир суук кабар келди: кыргыздын таланттуу геоографтарынын, энциклопедиячы–агартуучуларынын бири Өмүрбек Бараталиев агай 20-июлда 71 жашында кант оорусунун айынан дүйнө салып, июлдун 21инде Бишкектин четиндеги Жал көрүстөнүндө жайына берилди.

Анын саламаттыгынын начардашын тездеткен жагдай –– өмүрлүк жолдошу Айнагүл Кожоке кызынын өпкө рагына учурагандыгы тууралуу суук кабарды уккан соң, өзүн таштап салгандыгы болгон экен. Өмүрбек агайдын артынан бир апта өтүп, 27-июлда Айнагүл эже да жаншеригинин артынан кете берди. Анын сөөгүн 28-июлда Кичи-Кеминдеги Жаңы-Жол айылында түбөлүк жайына беришти.

Аттиң дүйнө!..

Бул сөздөн башка эмне айта алабыз?..

“Кыргыз улуттук энциклопедиясынын” Башкы редакциясы жарым кылымдай убакыттан бери эне тилибизде ар кыл илимий тармактардын маалыматтарын эркин сайраткан айдыңдык ачык басма университет болду.

Анын тармактарынын бири –– ар тараптуу география илимине байланыштуу өнүктүрүлдү.

Биз Кыргызстанда географиялык илим-билимди калайыкка кеңири тааныткан Садырбек Абдыбеков (жаратылыш таануучу), Садыбакас Өмүрзаков, Кайып Оторбаев, Акыбай Исаев, Дөөлөтша Исаев, Дүйшеке Исаев, Мурат Кошоев, Абдырай Осмонов, Эмил Шүкүров, азыркылардан –– Саламат Аламанов, Темиркул Эшенкулов, Темирбек Чодураев сыяктуу көптөгөн мыкты илимпоздордун салымдарын жамы журт билет.

Ошолордун арасында мээнеткеч агартуучу жана энциклопедиячы илимпоз катары Өмүрбек Бараталиев агайдын бараандуу орду бар.

Ал Кыргызстандын азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Мазар айылында 1949-жылы 10-апрелде жарык дүйнөгө келген. 1970-жылы ал Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) география факультетин бүтүргөн. 2002-жылы ал география илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 2013-жылы Өмүрбек агай И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору наамына татыган.

Өмүрүнүн соңку жылдары да ал дал ушул эки университетте дарстар окуп, тийешелүү кафедраларында тарбия-таалимин берип келген.

2019-жылы Өмүрбек Бараталиев агай өзүнүн жогорку билим бешиги –– Жусуп Баласагын атындагы КУУнун География факультетинин 80 жылдык мааракесине карата мындайча видео куттуктоосун жибергени маалым:

(Бул тасма менен бөлүшкөн илимпоз, КУУнун Физикалык география кафедрасынын доценти Мураталы Дүйшөнакунов –– Ө.Бараталиевдин шакирттеринин бири. Мураталы мырзага терең ыраазычылык билдирем).

Ө.Бараталиев жооптуу редактору болгон “Кыргызстандын географиясы: Энциклопедиялык окуу китеби” эмгеги (Бишкек, 2004) ушул доорубузда китеп текчесиндеги эң сүймөнчүлүктүү китептердин арасында орун алган сурамжылоо казынасы болуп калды.

Мыкты устат эле...

Өмүрбек агайды замандаштары Кыргызстандын география илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон мээнеткеч окумуштуу, география илимдеринин кандидаты, ардактуу профессор, география багытындагы белгилүү энциклопедист, Кыргыз география коомунун мүчөсү катары гана эмес, ар дайым кыска-нуска текст жазуудагы энциклопедиячынын мол тажрыйбасын шакирттерине дилгирлик менен өткөрүүгө жетишкен, өтө карапайым жана жаракөр инсан катары баалашчу.

1980-жылдардын башынан тартып мен “Кыргыз энциклопедиясынын” Башкы редакциясынын кеңсесине “ат тезегин кургатпастан” барып жүрдүм. География тармагы бул мекеменин бараандуу бөлүмдөрүнөн болчу. Өмүрбек агай менен да көп баарлашып калчумун. Анын жупуну, илбериңки жана терең билимдүү сапаттары маектешкенде эле айкын болуп турчу.

Албетте, бул тармак башка да ирегелеш өңүттөрдү камтыгандыктан, ал бөлүм “География, геология, геофизика жана экология редакциясы” деп да аталып келди.

Өмүрбек агай ушул бөлүмдө ырааттуу түрдө илимий, улук илимий редактор жана редакция башчысы кызматтарын аркалап, кезинде “Кыргыз улуттук энциклопедиясынын” Башкы редакциянын жооптуу катчысы да болуп иштеп калганы маалым.

Эмгектери сыйлуу текчеде...

Өмүрбек агай жогорудагы энциклопедиялык окуу куралынан тышкары “География терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү” (авторлош, 2008), “Материктердин жана океандардын физикалык географиясы” окуу китептеринин автору болду. Ал география багытындагы дээрлик бардык кыргыз энциклопедияларынын жооптуу редактору болгондугу эле бул илимий тармакты өнүктүрүүдө жана даңазалоодо анын опол тоодой эмгегин айгинелейт.

Андан тышкары ал жетектеген бөлүм көптөгөн облустук, райондук жана башка тармактык энциклопедиялык жыйнактардагы география жаатындагы маалыматтарды ирээтке салып, текшерип, жакшыртып турчу. Алардын арасында, албетте, Жалал-Абат облусуна жана Базар-Коргон районуна арналган тармактык энциклопедиялык жыйнактар да бар эле.

Өмүрбек агайдын жеке өзүнүн илимий эмгектери негизинен жер кыртышынын (ландшафттын) табигый жана техногендик өзгөчөлүктөрүнө баа берүүгө, жергиликтүү жана универсалдык терминология көйгөйлөрүн иликтеп, эне тилде тартипке салууга арналган.

Ал, окуу куралдарды жазуудан жана энциклопедиялык жыйнактарга редакторлук кылуудан тышкары, 300дөн ашык илимий жана энциклопедиялык макалалардын, 2 монографиянын автору катары да маалым.

Өзү туулуп-өскөн Базар-Коргондогу баба дыйкандардан айырмаланып (балким, алардын салтын айдыңдык чөйрөдө улантып), Өмүрбек агай кыргыз география илимин жаңы сереге ылайык кеңири калайыкка жайылтуунун баба дыйканы катары түшүмдүү мээнет тер төктү.

Элеси өчпөс аалым

Жазмыш ушул экен... Шум ажал агайыбыз менен өмүрлүк жарын арабыздан жулуп кетти (алардын дүйнөдөн кайтышына таажы вирусунан чыккан илдеттин түз тийешеси болгон жок).

Өмүрбек агайдын, Айнагүл жеңенин улуу кызы Айнурага, уулу Айбекке каран күн түшүп, аза күтүп турушкан чагында, алатоолук географ адистерибиз мүлдө кайгырып жаткан кезде, аларга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылууларын өтүнөбүз.

Өмүрбек Бараталиев агайдын интеллектуалдык мурасы түбөлүкта калат, анын жаркын элеси ар дайым эсте болот.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG