Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:11

“Чоңдордун” келээрин жаземдебей билүү -


Кошоматка кой союп, астыңа мык да төшөп... Кимбайке. 12.7.2011.
Кошоматка кой союп, астыңа мык да төшөп... Кимбайке. 12.7.2011.

“Күлкү кербендин” кезектеги азилдер шиңгили.

* * * * * *

— Ка-ап, ушу чоңдор биздин районго капысынан келип калганы жаман да!

— Опе-ей, мага мурда айтып койбойсуңбу! Мен алар келе электе эле билем, ал түгүл көлөмүнөн бери билип турам.

— Кантип?

— Жергиликтүү төбөлдөр бирдемке болсо эле аялыма чуркап келип калышат. Анын колунан көөрү төгүлгөн уз да, жакшы билесиңер. Анан ага “мынчанчы размердеги чапан, калпагы мындай болсун, элечеги тигиндей болсун!” деп чыйпылдап калышканынан эле билип койом.

* * * * * *

— Апе-ей, баланча деген министр мындан ары мага ак калпак, чапан кийгизбегиле, кабинетимде алар додо болуп, үйүлүп калды деп чачын жулуп атат ко?

— Түшүнүктүү белги экен...

— Эмнеси?

— Анда мурдагы совет доорундагыдай костюм менен пальто жапканга өтөт турбайбызбы!

* * * * * *

XS
SM
MD
LG