Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:14

Өйдө карасаң бийлик-оппозиция “өлгөн улакты” талашып жүрүшөт


Той.
Той.

Бүгүн “Майдан”, “Багыт” жана “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Майдан” гезити бул санын “Кыргыз темир жолундагы коррупция” деген баштема менен ачты. “Бешилик” рубрикасы аркылуу Ирина Карамушкина, Султан Раев, Конституция, көрүстөн жана Фарид Ниязов тууралуу кеп кылды. Экс-министр Нурлан Шакиев маегин “Мажирөө, өз көлөкөсүнөн корккон парламент канчалык эрте тараса, өлкө үчүн ошончолук утуш болот” деп атаса, мурдагы элчи, “Супер-Инфо” гезитинин кожоюну Кылычбек Султанов маегин: “2009-жылы президенттик шайлоодо Атамбаевдин талапкерлигин колдогонум үчүн бийликтин кысымына, куугунтуктоого дуушар болгом” деп атап, Малайзиядагы элчилик кызматын Текебаев үчүн эмес, кыргыз элинин, анын ичинен балдарынын келечеги үчүн таштаганын, өлкөдө диктатуранын карааны көрүнө баштаганын, эгер сөз эркиндиги жоголсо кыргыз жоголорун, аны жоготом деген бийлик жоголорун, анын корккону өлкөнүн келечеги экендигин айтты. Депутат Таабалды Тиллаевдин маеги “Икрам Илмиянов жөнүндө сөздөр чын болсо анын районунан бир дагы депутат чыкмак эмес” деген ат менен жарык көрсө, тарыхчы, саясый серепчи Табылды Акеров маегинде “Жаңы коалиция Өмүрбек Бабановдун колу-бутун тушап, алсыздандыруу үчүн түзүлүп жатат” деди. Саясатчы Равшан Жээнбеков журналист Чынайым Кутманалиевага берген маегинде “Атамбаев толугу менен Бакиевдин жолуна түшүп, шапкесин кийди” деп, Конституция өзгөртүлүп, референдум болгон менен саясаттагы кризистер, чыр-чатактар токтобостугун, Аида Салянова менен Алмамбет Шыкмаматовдор “Конституциянын түп нускасы жоголду” деп ал маселени эмне үчүн көтөрүп жатканын чыны менен билбей тургандыгын, бирок көп жолку тегерек үстөлдөрдө Конституциянын түп нускасы Текебаевде экенин көргөнүн, ал “оригиналы менде” деп өзү да айтканын белгилеп, бүгүнкү күндө Атамбаев революцияны чогуу жасаган адамдарынын баарынан кутулганын, айланасында азыр Бакиевдин адамдары калганын, алар бүгүн толугу менен Атамбаевдин кадрына айланганын белгиледи.

“Майдан" гезити “Кыргыз темир жолундагы “коррупция: төө көрдүңбү, жок”, “бээ көрдүңбү, жок!” деген тема менен Автандил Белеков аттуу автордун макаласын жарыялоону “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаевдин бир катар суроолорго, анын ичинен “Эмнеге поездге билет баасы самолеттукунан кымбат?” дегенге берген жообу менен баштады.

Эми “Багыт” гезитин барактайлы. Аталган гезит жакын арада айрым министрлер иштен кетерин, алар: билим берүү министри Эльвира Сариева, айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев, транспорт министри Замирбек Айдаров жана башка бир катар фонд, агенттиктердин директорлору барын, ушу тапта жогор жакта кызмат устуканына талаш жүрүп жатканын кабарлады. Журналист Баратбай Аракеев макаласын “Сен кыйналып кеттиң окшойт, Ата Журт” деп атап, адам эмне деген жолду баспаганын, эмне деген гана коомдо жашабаганын, таш доор, коло доор, кул ээлөөчүлүк доор, анан феодализм, капитализм, социализм, коммунизм деп жашап келгенин санап келип, эми бүгүн эмне деген коомго келип такалганыбызга башын катырып, “азыркы коомду а балким “коррупциялык коом” деп эле өз аты менен атаганыбыз туура болор деп, коррупция белчеден тургай, кекиртектен басканын, бир жагынан камалып жаткансыган менен, экинчи жагынан күчөп жатканын, экинчи тарабында кудайдын куттумуш күнү ресторандар бошобой, тойдон баш айланганын, юбилейлер, китеп презентациялары, сыйлык, наам жуумай, үйлөнүү тою, бала отургузуу тою, тушоо кесүү тою, бешикке салмай тою, көзү өтүп кеткен атасына, энесине, жеңесине, эжесине куран окутмайы, мындай жол менен акча жыйноо “өнөктүгүн” гезиттер улап, 1 жашка, 2 жашка, 5 жашка чыга калып, жылдын аягында чөнтөгү калыңдарды дардайтып “Жылдын мыктысы” деп сүрөтү менен чаптай коюп, андан 30 миң, 40 миң, кээсинен 50 миң сом өндүрүп алмай оорусу каптаганын... Өйдө карасаң бийлиги менен оппозициясы “өлгөн улакты” талашып, тытышып жүргөнүн, ылдый карасаң машиналардан баш адашарын, иши кылып бул жол Кыргызстанды кайда алып барып тыгарын эч ким айталбастыгын кейиш менен кеп кылды. Үсөн Касыбековдун макаласы “Энерго рэкет” деген ат менен жарыяланса, саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев маегин “2010-жылы текеберчилик менен кабыл алынган Баш мыйзамдын тагдырына Текебаев күнөөлүү” деген ат менен жарыялады.

“Вечерний Бишкек” гезити Казакстанда өндүрүлгөн дарыларды Кыргызстандагы кургак учук менен ооруган адамдарга сынап көрүү максатында мыйзамсыз колдонгондугу үчүн башкы прокуратура айрым кызмат адамдарына кылмыш ишин козгогонун, 11-декабрда шайлоочулар дароо эле эки урнага - бири жергиликтүү шайлоого, бири референдумга барарын, Бишкектеги бир үйдүн домкому Валериан Метельниковду көк ала койдой сабап кеткенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG