Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

“Атамбаев кетери менен кайрадан референдум болот”


Референдум.
Референдум.

Бүгүн “Майдан”, “Багыт”, “Вечерний Бишкек”, “Дело №” гезиттери жарык көрдү.

“Майдан” гезити референдум тууралуу биртоп саясатчылардын пикирин жарыялады. Экс-депутат Равшан Жээнбековдун ырасташынча, “бюллетенди пачкалап урнага салып жаткан видеолор, студенттерди, аскер адамдарын ташып келип жаткан автобустар, сатылып алынып жаткан добуштар, басым жасап жаткан мамлекеттик кызматчыларды көрсөң болот. Кыскасы, мурдагы эле процесстер кайталанып жатат”. Ал эми укук коргоочу Качкын Булатов “референдум жана шайлоо оппозицияга жанданууга күч берип, алдыда бир өзгөрүшкө алып келери бышык. Атамбаев мындан ары ири ката кетире берерин өзү көргөзө алды, өзүнүн референдуму өз башына тийери бышык”, деген пикирин ортого салган.

Ушул эле гезитте саясат таануучу Табылды Акеровдун “Кыргызстандагы кырдаал – президенти импичмент менен кызматтан кеткен Түштүк Кореянын абалына жакын”, экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун “Атамбаев кетери менен кайрадан референдум болот”, коомдук ишмер Эдил Байсаловдун “Эл бийлигинин жыты да жок”, активист Мавлян Аскарбековдун “Шайлоо болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен өттү” деген маектери чыкты.

Ушул эле гезитте белгилүү журналист, юрист Бабырбек Жээнбеков “Маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам тийип-качкан эмес, түп-тамырынан өзгөрүүгө муктаж” деген макаласында парламент депутаттары тарабынан сунуш кылынган мыйзамдын эки беренесин өзгөртүү демилгесин талдоого алган. Автордун пикиринде, мыйзамды түп-тамырынан өзгөртүп, журналисттердин укуктары менен милдеттерин, алардын мамлекеттик органдардан маалымат алуу тартибин, жоопкерчилик маселелерин так аныктап алуу керек. Ушу тапта парламент депутаттары тарабынан жакшы иштелбеген чийки, бышпаган мыйзам долбоору сунуш кылынууда.

“Багыт” гезитинде адабиятчы Курманбек Абакировдун “Шыпыртма” деген макаласы жарык көрдү. Анда адабиятчы Мелис Арыпбек деген авторго жооп кылып, анын жүйөөлөрүнө каршы пикирлерин ортого салган. Мелис Арыпбек “Унаис” аттуу китебинде Чыңгыз Айтматовдун аброюна шек келтирип, “анда кетпес кеги, өчпөс өчү бардай ур-тепкиге алган”. Анын “пасквиль китебине” биртоп ачуу сындар айтылган.

Басылмада айтылуу опера ырчысы Тилек Найманбаевдин “Ла Скалага барып ырдай турган күн да алыс эмес чыгар” деген маегине орун берилген. Тилек ырчынын максаты - Италиянын айтылуу чоң сахнасында ырдоо. Азырынча ал талыкпаган мээнетти талап кылган жанрдан кетпей, аз айлыкка кайыл болуп иштеп жүрөт. “Укмуш ырчылар артта калып, 1 – 2 ырын фонограмма менен ырдаган ырчыларга наамдар ыйгарылып жатканынан кичине өкүнүп кетем. Бир операда 3 сааттын 2 саатында тынбай ырдайсың. Ошол деңгээлде ырдаш абдан татаал”, дейт Тилек Найманбаев.

Быйыл кыргызстандык дыйкандар кант кызылчасынын рекорддук түшүмүн 650 миң тонна жыйнап алганын бүгүнкү “Вечерний Бишкек” гезити жазды. А бирок кант иштеп чыкчу жалгыз “Кайыңды-Кант” заводунун кубаттуулугу жетпей, өстүрүлгөн түшүмдүн бир кыйласы чет өлкөгө сатууга мажбур болду. Канттын кыйгыл даамы ошентип жыл аягына жетпей билинип отурат. Кант кызылчасын арбын өстүрүү сунушун Кыргызстандын айыл чарба министрлиги көтөрүп чыккан. Кайыңдыдагы жалгыз кант заводу келген кызылчанын баарын иштетүүгө кубаты келбей калгандан кийин дыйкандар 200 тонна кант кызылчасын казакстандык өндүрүшчүлөргө сатууга аргасыз болушкан. Быйылкы жагдай эмдиги жылы кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт, деп белгилейт макала автору Вячеслав Аникин.

Жергиликтүү кеңеш шайлоосуна талапкер катары катышкан базаркоргондук жарандын артында криминалдык чуусу бардыгын “Дело №” гезити жазды. Басылманын маалымдашынча, ички иштер кызматкерлери республика боюнча шайлоочулардын добушун сатып алуу аракетин аныкташкан. Андай фактылардын 12си Бишкекте катталган. “Бишкекте добуштардын акысы үчүн эң кымбат тариф – 1000 сомго чыкты. Жер-жерлерде болсо антип акчаны бапыратып чачышкан жок. Маселен, Кара-Балтада кайсы бир партия шайлоочуларына азык-түлүк таратты”,- деп жазат макала автору Олег Жук. Милиция партия үгүтчүлөрүн кармаган маалда алардын машинесинен шайлоочулардын тизмеси, аркыл чипсилер, момпосуй, кириешкалар чыккан.

Кабанак иттердин көйгөйү ушул эле гезиттеги Ольга Новгородцеванын “Этият бол, кабанак ит!” деген макаласында козголсо, Акылай Жунушева кыш келгени “Дордой” базарына баш багыш коркунучтуу болуп калганы, 15 бөлүктөн турган ири комплексте машине коюлчу жердин аздыгы, базардын айрым жерлериндеги чатырлары эптеп колдон өттү жасалганы, кардарлар өтчү жерлердин тардыгы, коопсуздук чараларынын көрүлбөгөндүгү сындуу проблемалар макалада козголгон.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG